БИШКЕК. Кыргызстандын президентинин милдеттерин убактылуу аткаруучу Курманбек Бакиевдин жардыгы менен президенттин түштүк аймак боюнча атайын өкүлүнүн кызмат орду ачылды. Өлкөнүн туштүк аймагындагы Баткен, Жалалабат, ОШ облустары жана Ош шаары боюнча президенттин атайын өкүлү жөнүндөгү жобо да Курманбек Бакиев тарабынан бекитилди. Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, мындай кызмат түштүктөгү социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу үчүн чараларды ишке ашыруу максатында ачылды. Азырынча президенттин милдеттерин аткаруучунун түштүк региону боюнча атайын өкүлү ким болоору тууралуу белгисиз.