Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:26

МАЙЛУСУУДА КЫРДААЛ ООР


1947-1966-жылдар аралыгында Жалалабат облусунун Майлусуу шаарына көмүлгөн уран калдыктарына соңку күндөрдөгү жер көчкү менен суу ташкындын айынан коркунучтуу абал түзүлдү. Жергиликтүү бийлик менен окумуштуулар уран калдыктарынын таасири элдин саламаттыгына терс таасир берип жаткандыгын, уулуу заттар көмүлгөн жайлар ачылып, ал сууга түшсө, бүтүндөй Фергана өрөөнүнө залал келтирээрин айтып жатышат.

Майлусуу дарыясынын жээгине көмүлгөн уран калдыктарынын айланасында жер көчкү жүрүп, шаар менен 3 миңден ашык калкы бар Сарыбээ айылынын ортосунда автоунаа катнашы үзүлдү. Өткөн апталарда жер көчкүдөн эки кыз каза болгон.

Республиканын Чукул кырдаалдар жана экология министринин 1-орунбасары Болотбек Айдаралиев кырдаалга мындай баа берди:

- Көлөмү 300 миң кубдай көчкү түштү. Ал сууну бөгөп калды. Суу 2002-жылкыдай заводдун аймагына агып өтүп атат. Коркунучтар бар, бирок ал жерде изилдөө институттар иштеп атат. Кийин көчө турган жер кыртышын тартипке келтиребиз деп ойлойбуз. Баарыңарга маалымат, эки кичинекей кыз жер көчкүнүн алдында калган. Муну биз алдын ала маалымат кылганбыз, бирок көбү көңүлгө албай коюшат.

Уран калдыктары көмүлгөн жайлар табият кырсыктарынан улам ачылса, шаар башчысы Тилек Акамбаевдин ырасташынча бүтүндөй Фергана өрөөнүнө алаамат алып келиши ыктымал:

- Бул породалар массалап Майлусуу суусуна түшүп кетиши мүмкүн. Майлусуу суусуна түшсө бул суу менен агып, Фергана өрөөнүндө жашаган элдерге, табийгатка, малга, жаныбарларга бир топ зыян келтириши мүмкүн. Быйыл апрель айында Дүйнөлүк банктын деректирлер кеңеши биздин Майлусуу аймагынын проблемасын карап, жалпы Кыргызстанга ушундай маселени чечкенге 11 млн. доллар акча бөлүп берип атат, - деген Тилек Акамбаевдин маалыматы боюнча уран калдыктарын зыянсыздандырууга Бүткүл дүйнөлүк Банктын 11 миллион долларлык долбоору ушул айдан ишке киришет.

Дарыгерлердин пикирлерине караганда, шаардагы уу калдыктары ансыз деле элдин ден-соолугуна таасир этүүдө. Улуттук Академиянын Оштогу бөлүмүнүн медициналык проблемалар институтунун директору Рахманбек Тойчиевдин ою боюнча, жер көчкү жана суу ташкын учурунда радиациялык калдыктардын күчөөсү өзгөчө аялдар менен балдарга залал келтирет:

- Радиациянын калдыктары элге жаман таасир берет. Суу, тамак-аш, аба менен өпкөгө кирип атат. Ошондуктан өпкөнүн, ичекарындагы рак кеселдери көп. Айрыкча тубаса ооруу менен төрөлгөн балдардын саны көп. Кээ бир жылдары 8, 7 пайызга чейин жетет. Майлусуунун шартында 13-15 пайыз аялдардын боюнан түшөт.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG