Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:22

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АБАЛ КУРЧ


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстандагы саясий кырдаал курч бойдон калууда. Ош, Жалалабат жана Талас облустарында нааразылык акциялары улантылып жатат. Митингчилер мурдагыдай эле президент Аскар Акаевдин кызматынан кетишин талап кылышууда. 22-мартта Баткен облусуна караштуу Кадамжай райондук администрациясы да демонстранттар тарабынан ээленди. Нарын облусунан Бишкекке 500гө жакын адам келди. Бийлик менен оппозициянын ортосунда саясий сүйлөшүүлөр баштала элек.

Кыргызстандагы опурталдуу саясий кырдаал эларалык ири уюмдардын да көңүлүн буруп, кабатырлануусун пайда кылды. Бириккен Улуттар Уюму жана Европа Биримдиги Кыргызстандагы окуялардын күч алышына тынчсызданып, билдирүү жасашты. Алар дагы бийлик менен оппозиция саясий сүйлөшүүлөрдү баштап, өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуунун зарылдыгын айтышкан.

Кыргызстанда нааразылык акциялары Ош, Жалалабат облустарынын жаңы район, шаарларында улантылууда. 22-мартта Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда администрация алдында 1000ге жакын адамдын катышуусу менен пикет өттү. Алардын талабы да президент Аскар Акаевди кызматынан кетирүү болду.

Ушундай эле талап менен жыйын шейшембиде Жалалабат облусундагы Аксы районунда өттү. Андагы нааразылык акцияга 4 миңге жакын адам катышып, алар Аксы окуясына күнөөлүүлөр сот жообуна тартылсын деген талапты да коюшту.

Бул күнү Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын имараты пикетчилер тарабынан ээленди. Ал эми Нарын облусунун Кочкор районунан 500гө жакын адам Бишкекке президент Акаевдин отставкасын талап кылып келишти. Бул жөнүндө Нарын облусундагы «Эр айдоочу» укук коргоо уюмунун төрагасы Качкын Булатов «Азаттыкка» мындай деди:

- Бүгүн Бишкекке Кочкордон 500гө жакын адам келди. Кочкорлуктар президент Акаевдин отставкага кетишин талап кылышууда. Пикетчилер ушул талап аткарылмайынча Бишкектен кетпейбиз деп билдиришти.

22-мартта борбор калаада 10 миңден ашуун студенттин катышуусу менен президент «Аскар Акаевди колдойбуз!», «Бишкек демократиянын колдойт!» деген ураандар алдында митинг өттү.

Ал эми Ош, Талас жана Жалалабат шаарларында нааразылык чарага чыккан миңдеген атуулдар президент Аскар Акаев бийликтен кетмейинче тарабай тургандыктарын айтышууда. Жалалабат шаарындагы пикетчилердин бири Жамал Борбиева митингде сөз сүйлөп жатып минтти:

Биз эч жакка кетпейбиз! Биздин талаптар аткарылмайынча эч жакка жылбайбыз!
Президент Аскар Акаев 22-мартта өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу билдирүү жасап, өлкөдөгү кырдаал сүйлөшүүлөр аркылуу калыбына келтирилиши керек деген пикирин билдирди:

- Өлкөдөгү кырдаал татаал бойдон калууда. Бирок бардык маселелер сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши зарыл. Биз эларалык уюмдарга да дал ушул сүйлөшүүлөр аркылуу гана абалдан чыгууга жана кырдаалды жөнгө салууга ниеттенгенибизди билдирдик.

Ал эми Кыргызстан элдик кыймылынын өкүлү Топчубек Тургуналиев оппозиция да сүйлөшүүгө даяр экенин билдирип, өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу мындай деди:

- Өлкөдөгү кырдаал жөнүндө айтсак - азыр Акаевдин бийлиги Бишкекте гана калды окшойт. Анан дагы качып, жашынып жүргөн губернатор, аким, министрлери бар. Акаевдин айланасындагылар азыр эмне кылаарын, эмне айтаарын билбей калышты. Бири бирди сүйлөсө, экинчиси таптакыр башканы сүлөйт. Эл биримдиги координациялык кеңеши кырдаалды сүйлөшүүлөр аркылуу гана жөнгө салуу керек деп эсептейт жана президент Аскар Акаев менен сүйлөшүүгө даяр.

Ал эми премьер-министр Николай Танаев жаңыдан шайланган парламенттин сессиясында өлкөдөгү мыйзам бузуулар оппозиция тарабынан токтотулмайынча, бийлик сүйлөшүүгө барбайт деп билдирди. Ошондуктан азырынча өлкөдөгү кырдаал сүйлөшүүлөр аркылуубу же башка ыкмаларды пайдалануу менен чечилеби – белгисиз.

XS
SM
MD
LG