Үстүбүздөгү жылы протоколдордун Орусияда алгачкы жолу жарык көргөнүнө жүз жыл толот жана бул мезгил ичинде алар ондогон тилге которулуп, бүткүл дүйнөгө тараган. Белгилүү орус ишмери Сергей Нилус протоколдорду өзүнүн 1905-жылы чыккан "Майда нерседеги улуулуктар" деген китебине тиркеме катары чыгарган. Жыйырма төрт бөлүктөн турган ал тиркеме - 1897-жылы Базел шаарында уюштурулган сионисттердин биринчи конгресси учурунда өткөн жөөт акылмандарынын жыйындарынын протоколдору деп тартууланган.
Ал протоколдордо - дүйнө мамлекеттеринде бийликке тымызын түрдө болсо дагы жөөттөр келүүгө тийиш деп айтылат жана андай кылуунун ар башка расми жана бейрасми ыкмалары келтирилет. Бул протоколдорго таянып, орус бийлиги ХХ-кылымдын башында өлкөдөгү жөөттөргө көптөгөн куугунтук уюштурган, отуз жылдан кийин жөөттөрдү кырууга киришкен Гитлер дагы ал протоколдорду себеп катары пайдаланган. Китеп көптөгөн тилдерге которулуп, азыр дагы ар башка мамлекетте жарыяланат, бирок жөөт тилине которулган эмес.
Хадасса Бен-Итто болсо Польшада туулган жана бала кезинде ата-энеси менен Израилге көчүп барган. Укук факультетин бүткөндөн кийин ал алгач адвокат, андан соң сот болуп иштеп, 1991-жылы алтымыш төрткө чыкканда, Израилдин Жогорку сотунун мүчөсү болчу. Сот болуп жүргөн кезинде да, Израилдин Бириккен Улуттардагы өкүлү болуп иштегенде да протоколдор тууралуу ал бир нече жолу уккан, бирок 1991-жылы алар жөнүндө дагы бир ири макала окуганда, жини келип, жумушун таштап, ал протоколдор тууралуу атайын китеп жазууну чечкен.
Кеңири иликтөө жүргүзүп, ар башка мамлекеттерди кыдырып, көптөгөн адамдар менен жолуккандан кийин, ал азыркы китебин жазды жана азыр 78 жашта болгону менен улам жаңы шаарда китебин коомчулукка тартуулап жүргөн кези. Бен-Иттонун айтымында, протоколдор 1895-жылы Париж шаарында орусиялык чалгынчы Петр Рачковскийдин тапшырмасы менен жазылган жана автор аларды жөн гана франциялык жазуучу Морис Жолинин 1894-жылы чыккан китебинен көчүрүп алган. "Тозоктогу сүйлөшүү" деп аталган ал китепте болсо Маккиавелли менен Монтескье ортосунда жөөттөрдүн үстөмдүгү тууралуу сүйлөшүү келтирилген, бирок ал экөө эч качан жолуккан эмес, анткени Монтескье - Маккиавелли өлгөндөн 160 жыл өткөндөн кийин туулган.
Кийин британиялык "Таймс" гезити өз алдынча иликтөө жүргүзүп, 1921-жылы протоколдор калп экени тууралуу жазып чыккан, 1934-жылы болсо Берн шаарында атайын сот болуп, анда адвокат Георг Бруншвиг протоколдорду укуктук негизде жокко чыгарган. Ага карабастан, протоколдор эмгиче тиги же бул мамлекетте улам кайра басылып чыгат жана аларды Интернет аркылуу да сатып алса болот.
Хадасса Бен-Итто "Азаттыктын" кабарчысы Ян Юн менен болгон маегинде - ал жазган китеп азыр коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынып жатканы тууралуу айтат:
- Реакция абдан жакшы. Китеп Израилде үч жолу басылып чыкты, 12 апта бою ал эң көп сатылган китептердин тизмесинде болду. Алманияда дагы үч жолу басылып чыкты. 'Шпигел' журналы анын үзүндөлөрүн жарыялоо үчүн укук сатып алды. Немис сыналгысы мага кабарчыларын жиберип, атайын интервью чыгарды, - дейт Хадасса Бен-Итто
Анткен менен араб өлкөлөрү азырынча китепке көп көңүл бурбай жатат жана мусулман өлкөлөрүндө ал чыга элек. Йерусалим шаарынын муфтийи Икрима Сабри болсо 20-февралда сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, Ливандын мурдагы премьер-министри Рафик Хариринин өлтүрүлгөнү жөөттөр тарабынан уюштурулган болуш керек деп билдирди жана кайрадан "Жөөт акылмандарынын протоколдоруна" шилтеме жасады. Бул калп чындап эле көпкө чейин өлбөйт.