Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Пикетчилер «МСНди» коргошту


БИШКЕК. «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун демилгеси менен 21-февралда өкмөт үйүнүн жанында нааразылык акциясы өттү. «МСН» гезитинин укугун коргоо максатын көздөгөн бул акцияда 13 адам кагаздан кесилип жасалган кара түстөгү кулпуну ооздоруна чаптап турушту. Булардан тышкары акцияга дагы 20 чамалаш киши катышты. Алардын катарында «МСНдин» туруктуу окурмандарынын, Кыргызстан элдик кыймылынын, «Асаба», «Демократиялык өнүгүү», «КДК» өңдүү партиялардын, «Келкел» кыймылынын өкүлдөрү бар. Пикетчилер сөз эркиндигине кысым жасоону токтотууну талап кылган жазууларды кармап турушту. Кийинчерээк бул жерге 5-6 аял келип, акцияга чыккандарды айыпташты. Акциянын катышуучулары бул топтогу аялдарды бийлик уюштурган чагымчылар катары кабыл алышты. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Петр Тяблин мындай дооматты негизсиз , ал эми акцияны мыйзамсыз деп билдирди . Пикетчилерге жоон топ милиция кызматкерлери көзөмөлдүк кылды.

XS
SM
MD
LG