БИШКЕК. 31-январь-1-февралда Тышкы иштер министрлиги Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчиликтери менен жолугушууларды уюштурат. Анда өкмөттүн таза, адилет шайлоо өткөрүү багытында жасап жаткан иштери тууралуу маалымат берилет. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен 28-январда кабарлашты. Элчилердин өкмөт башчы Николай Танаев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев менен жолугушуусу, Токмок шаарында шайлоого даярдыктын жүрүүсү менен таанышуусу күтүлүүдө.