Казакстандын маңзаттар полициясы билдиргендей, 24 килограм таза героинди алып бараткан киши колго түштү. Орусиянын Ингушетия жумуриятынын жашоосучу кечээ Алматыда кармалды. Героиндин Ооганстандан Тажикстан жана Кыргызстан аркылуу алынып келатканы болжолдонууда. Казак полициясы акыркы эки жумада улуттар аралык кылмыштуу топ пайдаланган маң зат ташуучу жол жок кылынганын ырастады.