ОШ. Алайкуу өрөөнүндөгү Алайкуу, Кызылжар, Ойтал айыл өкмөттөрүнүн тургундары - негизинен аксакалдар - кол койгон ал катта 18-сентябрь күнкү 19 адамдын өмүрү кыйылган автожол кырсыгынан кийин деле Каракулжа-Алайкуу жолун оңдоп-түзөөгө, көзөмөлдөөгө мамлекет тарабынан көңүл бурулбай жаткандыгы, аталган автожол кырсыгын иликтөө боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын төрагасы министр Кубанычбек Жумалиев кырсыкка байланыштуу жүргүнчүлөрдүн өздөрүн күнөөлөө менен гана чектелгендиги же жолдун айласыздыгы жөнүндө же алдыда көрүлө турган конкреттүү камкордук жөнүндө эч нерсе айтпагандыгы ачык жазылган.
Быйыл буудайдан баштап чөпкө чейин Алайкууга Өндүрдөн, Каракулжадан ташууга туура келип тургандыгы, бирок жол транспорт мүмкүнчүлүгү жок экендиги, эгер Каракулжа-Алайкуу жолуна мамлекет тарабынан дагы эле кайдыгер мамиле жасала турган болсо алайкуулуктар бүткүл коомчулуктун көңүлүн бура турган акцияларга бара тургандыгы баса көрсөтүлгөн катта.