Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:49

ЫСЫККӨЛДӨ ТУРИСТТИК ЖАРМАҢКЕ ӨТӨТ


Туристтердин келип эс алуучу жайы - Ысыккөл болгондуктан, мамлекеттин туризм мекемелери бул аймакка өзгөчө көңүл бурууда. Ошондуктан ар жыл сайын Чолпонатада эл аралык «Ысыккөл туристтик жармаңкесин» өткөрүү салтка айланып баратат.

Быйыл 15-майда Чолпонатада өтө турган эл аралык жарманкеге Орусия жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн турфирмалары чакырылды. Анда көл жээгиндеги эс алуучу жайлардын, пансионаттардын өкүлдөрү рекламалык иш-аракеттерди жүргүзүп, жолдомолорун сатууга мүмкүндүк алышат. Ал эми турфирмалар болсо өлкөнүн туристтик шарты, жагдайын чагылдырган буклеттерди, китептерди чыгарышып, конокторго тааныштырат.

Былтыркы жармаңкеде 5 миллион сомдук жолдомолор сатылса, быйыл андан дагы көп болоорун адистер болжошууда. Туристтик жармаңкеге кайсыл өлкөлөрдөн өкүлдөр келээрин туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз катчысы Жылдыз Бопушевадан угалы:

- Мурдагы жармаңкелерге коңшу өлкөлөрдөн өкүлдөр келишсе, бул жолу алардан сырткары Индия, Пакистан, Түркия, Кытай жана башка мамлекеттерден турфирмалардын кызматкерлери келишет. Ошондой эле чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү да катышат. Жылдан жылга бул жармаңкенин кулачы кеңири жайылып баратат.

"Ысыккөл–2004" туристтик жармаңкесине бул тармакты чагылдырып жүргөн чет өлкөлүк журналисттердин жоон тобу, туроператорлор жана туризм адистери келишээрин Ысыккөл курорттук ден соолукту чыңдоо департаментинин директору Турусбек Мансуров белгиледи:

- Ысыккөлдө саламаттыкты чыңдоочу 100гө жакын эс алуучу жай бар. Анын бешөө гана жыл бою иштейт. Жайкы эс алуу сезонунда 50дөй пансионат, эс алуучу жайлар туристтерди, калкты кабыл алып, кызмат көрсөтөт. Алар жармаңкеде чет өлкөлүк турфирмалар менен келишим түзүүгө, жолдомолорун сатууга мүмкүндүк алышат. Мына ушул жармаңкеде ар бир район өзүнчө боз үйлөрдү тигип, кол өнөрчүлөрдүн буюмдарынын көргөзмөсү дагы коюлат. Туризм тармагын тейлеген кичи ишканалардын жаңылыктарынын бетачары да болот.

Жармаңкенин катышуучулары жаңы уюшулган эс алуу жайлары менен таанышууга мүмкүндүк алышат. Туристтик тармакты тейлеген «Биор», «МЭП», «Трамполит» жана башка ишканалардын жаңы технологиялары менен таанышуу болуп, 9 жаңылыктын бетачары белгиленген.

Жармаңке учурунда «Тейлөө тармагынын сапаты туристтердин көзү менен» деген семинар да өткөрүлөт. Ысыккөл туристтик жармаңкесине өлкөнүн премьер-министри Николай Танаевдин да катышуусу күтүлүүдө.

Мындай туристтик жармаңкелер жаңыча көз-караш менен иштөөнүн башаты, анын пайдасы болоорун айтуу менен өлкөнүн жеке ишкерлер ассоцациясынын төрагасы, "Бишкек бизнес клубунун" жетекчиси, «Кыргыз концепт» компаниясынын президенти Эмил Үмөталиев мындай сунушун кошумчалады:

- Өткөн жылы Ысыккөлгө 800 миңдей жергиликтүү жана чет өлкөлүк турист келип, аларды кабыл алып, кызмат көрсөтүүдөн эле 48 миллион доллар киреше түшкөн. Ошентсе да казынага салыктын 0,3 пайызы гана түшкөнү адистерди кабатыр кылган. Көп турфирмалар, пансионаттар кирешени жаап- жашырып, так маалымат беришпейт. Мындай жармаңкеге Орусиядан көп турфирмалар келбейт, ошондуктан аларды «үйгө» чакырбай, ошол аймактардагы завод- фабрикаларга көлдөгү эс алуучу жайлардын өкүлдөрү барып, алардын жармаңкелерине катышып, жолдомону Орусиянын Сибирь жана түндүк аймактарына сатуу керек. Биз жаңыча иштөө менен советтик көз-караш, мамилени таштап, кардарга өзүбүз барышыбыз зарыл.

Чынында жайкы мезгилде Ысыккөлдө канча адам эс алганын так айтууга мүмкүн эмес. Бажы кызматындагылардын маалыматы боюнча 1,5 миллион эс алуучу келди делсе, Мамлекеттик туризм, спорт комитети 800 миңден ашуун адам эс алган дешет. Быйыл ошондуктан, өкмөт тарабынан туристтер үчүн анкеталык сурамжылоо баракчасы киргизилип жатат.

Былтыр көлдө абаырайы жаанчыл болуп, туристтик сезон дагы ойдогудай болбоду. Ошондуктан быйылкы эс алуу сезонуна даярдык эрте башталды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG