Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:45

КИКБОКСИНГ БОЮНЧА МЕЛДЕШТЕ КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖИГИТТЕР ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИШТИ


25-26-апрелде Бишкекте кикбоксинг боюнча эларалык мелдеш өттү. Анда кыргызстандык Канатбек Сыдыгалиев менен Руслан Абасов Интерконтиненталдык чемпиондук наамды жеңип алышты.

Биринчи күнү Кожомкул атындагы спорт ордосундагы күч сынашууларда кикбоксингдин “лоукик” ыкмасы боюнча кыргызстандык өспүрүмдөр өзбекстандык курбуларына чыкты. Жеңил салмакта бишкектик Али Сулейев ташкендик Шавкат Тулябаевди утуп, жеңиштин эсебин ачты. Кыргызстандык өспүрүмдөр Алексей Федосеев, Тимур Айдаралиев жана Улугбек Садыков да атаандаштарын жеңип, келечегинен үмүткөр кылышты.

Алардан кийин рингде профессионалдык таймаштар башталды. Жеңил салмак боюнча дүйнө чемпиону, кыргызстандык Мирбек Сүйүнбаев Өзбекстандын 2 жолку чемпиону Рустам Ташменовду 2 раундда утуп алды.

Оштук кикбоксинг чебери Кумар Жалиев да ташкендик Сайдулло Эргашевди утуп, Азия, дүйнө биринчиликтерине катышууга укук алды.

72 кг. салмакта “Гермес-профи” спорт клубунун мүчөсү, Азия чемпиону Ален Офойо дагы өзбекстандык Равшан Гафуровду 1-раундда эле жеңип, Кыргызстандын туусун көтөрдү.

25-апрелдеги эң негизги таймашуу - Интерконтиненталдык чемпиондук наам үчүн Италиянын Пескара шаарынын өкүлү, Европанын 2 жолку чемпиону Стефано Паонэ менен дүйнө кубогунун жеңүүчүсү, дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси, кыргызстандык Канатбек Сыдыгалиев 2 мунөттөн 10 раунд күч сынашмак. Канатбек атаандашын 3-4 жолу эсин оодара согуп, 5-раундда эле калыстар жеңишти ага ыйгарып коюшту. Себеби, италиялык Стефано мелдешти андан ары улантууга чама-чаркы жетпей калды.

Мелдештин экинчи күнүндө - 26-апрелде казакстандык өспүрүмдөр Рустам Абдуллаев менен Али Садырбаев кыргызстандык курбуларын утуп алышты. Кыргызстандык Айбек Дүйшөмбиев менен алматылык Ринат Раимханов тең чыгышты. Бишкектик Шавкат Алимжанов гана артыкчылык менен алматылык Нурлан Нургалиевди утуп алды.

Профессионалык таймашууларда 54 кг салмакта дүйнө чемпиону, кыргызстандык Өткүр Кудаяров дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, казакстандык Абдурасул Мамыровду жеңип алды. Бул күч сынашуу жөнүндө Өткүр Кудаяров мындай дейт:

- Атаандашым дагы мыкты даярдык менен келиптир. Анын чеберилиги да жогору. Себеби көп жылдан бери бири-бирибиз менен теңтайлашып жүрөбүз. 5 раунд күч сынаштык. Кыргызстандын атын дүйнөгө таанытып келатабыз. Быйыл жайында “Гермес-профи” спорт клубунун түзүлгөнүнө 10 жыл болот. Мына ушул мааракеге карата чоң мелдеш өткөрүүгө азыртан даярдык көрүп жатабыз. Өзүм болсо 8 жылдан бери кикбоксинг менен машыгып келем. 25 жашка чыгам. Үйлөнө элекмин. Кыргыз туусун далай ирет бийик көтөрүп, намысты алдырганым жок.

«Ош-Азия» спорт клубунун өкүлү Данияр Асанов казакстандык Асет Тулеулевди утуп, эларалык таймашууларга жолдомо алды. «Гермес-профи» клубунун өкүлү Мирлан Ибраимов да алматылык Арыстан Смагуловго жеңилүү ызасын тарттырды.

26-апрелде 91 кг. оор салмактагы беттеш өттү. Интерконтиненталдык чемпиондук наамын сактоо үчүн дүйнөнүн 2 жолку чемпиону, кыргызстандык Руслан Абасов кикбоксинг боюнча 2001-жылы дүйнөнүн жана Европанын чемпиону болгон Ярослав Заворотный (Украина) менен рингде күч сынашты. Алар дагы 2 мүнөттөн 10 раунд таймашууга чыкмак, бирок мелдеш эрте аяктады. 4-раундда Ярославдын мелдешти андан ары улантууга дарманы жоктугун байкаган калыстар, таймашты токтотууга аргасыз болушту. Себеби, Русландын чабуулдарына туруштук бералбай, Ярослав 2-3 ирет эсин жоготкон. Ошентип кыргызстандык жигиттер намысты колдон чыгарбады.

Сүрөттө: Руслан Абасов менен Ярослав Заворотныйдын күч сынашы.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG