Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:40

Бишкекте БУУнун түз инвестиция боюнча семинары аяктады


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте президенттин түз инвестицияларды тартуу боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгы, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү программасы жана Жапон өкмөтү уюштурган 10 күндүк семинар жыйынталды. БУУнун Өнүктүрүү Программасынын туруктуу өкүлү Ежи Скуратович жана президенттин түз инвестицияларды тартуу боюнча атайын өкүлүнүн орун басары Рафкат Хасанов семинардын катышуучуларына сертификаттарды тапшырышты. 10 күн бою мамлекеттик мекеме-уюмдардын 38 өкүлүнө БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү программасынын адистери Патрик Дейли менен Станислав Пигон түз инвестиция тартууну жана бизнес-долбоор түзүүнү үйрөтүштү. Патрик Дейлинин айтымында, Кытай жана Индия сыяктуу ири мамлекеттерге жакын жайгашкан Кыргызстанга ири өлчөмдөгү түз инвестиция тартыш өтө кыйын. Бириккен Улуттар Уюму жүргүзгөн иликтөө көрсөткөндөй, инвесторлордун пикиринде Кыргызстанга түз инвестиция тартууга бийликтеги коррупция жолтоо болууда.

XS
SM
MD
LG