Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:40

Тик учак кырсыгы: Түркияда дарыланып жаткан учкучтардын бири кайтып келди


Акылбек Жапаров ЖЭБ жана тик учак кырсыгынан жабыркагандардан кабар алып жаткан учуру. Адана шаары, Түркия. 11-февраль, 2024-жыл.
Акылбек Жапаров ЖЭБ жана тик учак кырсыгынан жабыркагандардан кабар алып жаткан учуру. Адана шаары, Түркия. 11-февраль, 2024-жыл.

17-январда Бишкектин четинде катталган тик учак кырсыгында жабыркаган учкуч Түркиянын Адана шаарындагы клиникада дарылануусун аяктап, Кыргызстанга кайтып келди. Ал бейтапканадан түркиялык дарыгерлердин сунушу менен чыккан. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Анталиядагы консулдугуна шилтеме кылып 25-апрелде маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, учкуч дарылануусун организми толук калыбына келгенче Бишкектен улантат.

Адана шаарында дарыланып жаткан дагы бир учкуч жана Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) жарылуудан жабыркаган эки адамдын да саламаттыгы жакшырып баратканы, алар да жакынкы убакта мекенине кайтып келери кабарланды.

17-январда Бишкектеги “Фрунзе-1” авиабазасында машыгуу учурунда Ми-8МТВ аскердик тик учак кулаган. Кырсыктан экипаждын командири, 29 жаштагы капитан Жайыл Самудинов каза тапкан. Коргоо министрлиги бортто жалпы 11 киши болгонун кабарлап, калгандары ооруканада дарыланып жатканын билдирген. Эки кишини дарылоосун Түркияда улантуу чечими кабыл алынган.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, электр энергиясын чыгарган жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук берүү жана ысык суу берүү чектелген. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери дароо башталып, дале уланууда. Жылуулук жана ысык суу калыбына келтирилген.

Кырсыктан беш адам жабыркап, Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга жөнөтүлгөн.

Тик учак кырсыгында жана ЖЭБдеги аварияда жабыркаган кыргызстандык төрт бейтап 4-февралда президенттик ТУ-154 учагы менен Түркиянын Адана шаарына жеткирилген. Аларга Түркияда жашаган кыргызстандыктар жана Анталиядагы Башкы консулдук көмөк көрсөткөнү айтылган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG