Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:21

Ошто шайлоого аралашканы айтылган кызматкерлерге чара көрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

28-апрелде боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө аралашканы айтылган мамлекеттик кызматкерлерге чара көрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, соцтармактарда шайлоо өнөктүгүнө Ош шаар мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышып жатканы тууралуу тараган маалыматтын негизинде атайын комиссия түзүлүп, кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында айрым кызматкерлер иштен алынып, кээ бирөөлөрүн кызматтан бошотуу сунушу берилди. Бир катар кызматкерлерге эскертүү берилген.

"Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары Рустам Эгамбердиев кызматтан алынды.

Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысы Элдияр Кадыркуловго, “Ош шаар суу канал” ишканасынын жетекчиси Дөөлөтбек Кокочоровго эскертүү берилип, анын орун басары Талант Байкишиевди жана Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкери Камил Камчы уулун кызматтан бошотуу сунушу жетекчилигине жиберилди.

Ошондой эле Транспорт жана коммуникация министрлигинин Ош облусундагы салмак габаритти көзөмөлдөө департаментинин башчысы Бакай Жолдошбаев менен “ОшГаз” ишканасынын жетекчисинин орун басары Мирбек Маматовго чара көрүү сунушу аталган мекемелерге жөнөтүлдү.

"Териштирүү учурунда шайлоо өнөктүгүнө аралашканы айтылган шаардык маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Эгембердиев, “Ош жылуулук камсыздоо” ишканасынын кызматкерлери Алтынбек Жунусов, Кабылжан Абдибаитов, Раджи Жээналиев, Айзирек Атажанова, Сухраб Сайдуллаев жана Ашимжан уулу Нооруз аталган ишканада иштебей калганы аныкталды", - деп жазылган маалыматта.

Бир күн мурун эркин журналист Ыдырыс Исаков аталган аткаминерлер жана аларга баш ийген кызматкерлер шайлоодогу талапкерлердин бири Бекмырза Эргешовдун штабында жүргөнүн иликтеп чыккан. Блогердин иликтөөсүндө калаа жетекчиси Бакыт Жетигенов да комментарий берип, эгер анда фото-видео далилдер болсо кызматкерлерге чара көрүлөрүн убада кылган.

Буга чейин Кара-Суу бир мандаттуу округунда мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоодогу талапкерлердин бири “тоскоолдуктардан улам” жарыштан чыкканын билдирген. Бирок кандай тоскоолдуктар болгонун ачыктаган эмес.

28-апрелде Ош, Кара-Суу жана Баткен бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо болот. (DSh/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG