Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:24

ХАМАСтын өкүлү "эки мамлекет" принциби ишке ашса, топ куралдан баш тартарын билдирди


Халил ал-Хайя. Архивдик сүрөт
Халил ал-Хайя. Архивдик сүрөт

ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал уюмунун жогорку расмий өкүлү топ Израил менен беш же андан көп жылга жарашууга жана куралсызданууга макул болорун, саясий партияга айланарын, бирок бул үчүн 1967-жылга чейинки чек ара аймагында палестин мамлекети түзүлүүгө тийиш экенин AP агенттигине билдирди. Халил ал-Хайя мындай комментарийди 24-апрелде, Газада ок атышууну токтотуу сүйлөшүүлөрү туңгуюкка такалган маалда жасады.

Агенттик Израилди жок кылууну жактап келген ХАМАСтын куралдан баш тартуу ыктымалдыгы согушкерлердин олуттуу чегинүүсү болорун, бирок мындай сценарийге Израилдин көнүүсү күмөн экенин белгилейт. Согушка алып келген 7-октябрдагы кол салуудан кийин Израил ХАМАСты түп-тамыры менен талкалоо максатын койгон.

Ал күнү 1200 киши каза болгон. 200дөн көп кишини барымтага алышкан. Алардын 100дөн ашыгы дагы деле радикал топтун колунда кала берүүдө.

Ал эми ХАМАС башкарган Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жети айга аяк баскан согушта 34 минден ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

Тел-Авив Израил 1967-жылы басып алган жерлерде палестин мамлекетин түзүүгө караманча-каршы.

Көптөгөн жылдан бери ХАМАС Израилге катарлаш палестин мамлекетинин пайда болуу ыктымалдыгына келгенде, өз позициясын жумшарткан учурлар болгон. Бирок саясий программасында Палестинаны толугу менен, анын ичинде азыр Израилдин курамына кирген аймактарды бошотуу принциби каралган.

Израил жана Палестин автономиясынын жетекчилиги ал-Хайянын сөздөрүнө комментарий бере элек.

Ал арада ЦАХАЛ миллиондон ашуун палестиналык башкалкалаган түштүктөгү Рафах шаарына жерден чабуул коюуга даярданууда.

Эл аралык уюмдар гуманитардык апаат коркунучу тууралуу эскертишүүдө. АКШнын президенти Израилдин премьерин Рафахта операция жүргүзбөөгө чакырып келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG