Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:50

Ирандык рэпер Томаж Салехи өлүм жазасына өкүм кылынды


Томаж Салехи
Томаж Салехи

Ирандык рэпер Томаж Салехи өлүм жазасына өкүм кылынды. 2022-жылдагы нааразылык акцияларына катышкан музыкантка козголоңго жардам берүү, мыйзамсыз чогулуу жана кутум уюштуруу, режимге каршы үгүттөө, башаламандыкка тукуруу деген айыптар тагылды.

Салехинин адвокаты Амир Раисиян Тегерандагы “Шарк” гезитине маек берип, Исфахандагы революциялык сот жогорку инстанциянын буга чейинки, өкүмдү жумшата турган чечимин көз жаздымда калтырганын сындады.

Студент Махса Амини хижаб кийүү эрежесин бузган деп кармалып, полиция бөлүмүндө каза тапканда тутанган нааразылык толкунунан кийин Иран бийлиги куугунтукту күчөткөн. Миңдеген киши кармалды, жүздөгөнү каза болду, кыйноолорго кабылгандар тууралуу ишенимдүү маалыматтар тарап жатат.

Ирандагы Адам укуктары борбору Салехиге чыккан өкүм “Ислам жумуриятынын адилетсиз сот системасы куралга айланганын, коопсуздук күчтөрү аны саясий пикирин билдиргендердин добушун басуу үчүн репрессиялык курал катары пайдаланышканын көргөзүүдө” деп билдирди.

33-жаштагы рэпер 2022-жылы октябрда нааразылык акциясын ачык колдогондон кийин кармалган. Адегенде алты жылга кесилип, Жогорку Сот апелляциясын карагандан кийин кое берилген. Анын иши кайра кароого жөнөтүлгөн.

Салехи абакта бир жылдай отурганда кыйноолорго туш болгонун айтып берген видеосун жарыялаганда кайра камалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG