Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:46

Курган облусун суу каптоо коркунучу жаралды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Курган облусунун бийлиги суу каптоо коркунучу бар экенин эскертип, жергиликтүү тургандарды коопсуз жактарга чыгып кетүүгө чакырды. Маалыматка караганда Тобол дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, ар бир эки саат сайын 20 сантиметрге жогорулап баратат.

Аймак башчысы Вадим Шумков электр жарыгы жана газ өчүрүлүшү мүмкүн экенин 14-апрелде эскертти.

"Жердештер, күтүүнүн кереги жок. Жакындарыңарды, баалуу буюмдарыңарды, документтериңерди алып токтоосуз чыгып кеткиле",-деп жазды ал.

Суу ташкындан улам аймакта өзгөчө кырдаал абалы жарыяланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин божомолуна караганда, облуста 62 калктуу конуш, 4,3 миң үй суу алдында калышы мүмкүн.

Орусиянын Алтай аймагында, Томск, Кемеров жана Новосибирск облустарында ташкын уланып жатканын, жүздөгөн үйлөр жана жер тилкелери суу алдында калганын Сибирь.Реалии сайты жазды.

Кардын эриши жана дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшүнөн Орусиянын 39 аймагында суу ташкыны болду. 5-апрелде Урал дарыясынын ташкынынан коргоочу дамба жарылып, Оренбургдун облусунун аймактарын, Орск шаарын суу каптап, бул калаа кырсыктан эң көп жабыр тартты.

Суу ташкындан Оренбургга 40 млрд рублден ашык зыян келтирилгени белгилүү болду. Акыркы маалыматта кеминде беш адам каза тапканы кабарланды. Облуста өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Суу ташкындан улам Казакстандын он облусунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Жүз миңге чукул киши эвакуацияланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG