Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:50

Жапырт камалган саясатчылар жана активисттер кимдер?


23-октябрда кармалган саясатчылар жана активисттер.
23-октябрда кармалган саясатчылар жана активисттер.

23-октябрда Ички иштер министрлиги “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзгөн оппозициялык саясатчылар менен жарандык активисттерди кармап кетти. Милиция аларды "массалык башаламандык уюштурууга, бийликти мыйзамсыз басып алууга" катышы бар деп шек саноодо.

Ички иштер министрлиги Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде саясатчылардын жана жарандык активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдады. Мекеме кимдер кармалганы жана алар кайсы милиция бөлүмүндө экенин тактаган жок.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 21 киши кармалганын жазып, тизмесин жарыялады. Милиция жапырт иш козгоп, кармаган саясатчылар жана жарандык активисттер кимдер жана эмне менен алек болорун тизмектедик.

  • Азимбек Бекназаров – саясатчы. 2005-жылы "Жоогазын" ыңкылабынан соң башкы прокурор болуп бекиген. Бир нече ай иштеген соң кызматтан алынып, оппозицияга кеткен. 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон. 2019-жылы мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган. Быйыл августта элчилик кызматтан бошотулган. Октябрда "Кумтөр" кенинин ишмердигин көзөмөлдөгөн коомдук комиссия түзүлүп, ага төрага болуп шайланган.
  • Асия Сасыкбаева – Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, "Ата Мекен" партиясынын төрайымы.
  • Канат Исаев – саясатчы. 2008-жылы Токмок шаарынын мэри болгон. 2010-жылы "Республика" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты. 2015-жылы "Кыргызстан" партиясын жетектеп парламенттин 6-чакырылышына келген. 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин, 13-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. 15-октябрда Кыргызстандын президентинин милдетин аткарууга киришкенден бир канча саат өткөн соң төрагалыкты тапшырган. 2021-жылдагы президенттик шайлоого талапкерлигин койгон. Былтыр Жогорку Кеңешке бир мандаттуу Чүй-Кемин округунан аттанып, кийин кайра баш тарткан.
  • Жеңиш Молдокматов - саясатчы. "Туран" саясий партиясынын төрагасы. 2020-жылы "Замандаш" партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан. Октябрь окуялары боюнча 2021-жылы 8-майда камакка алынып, быйыл февралда үй камагына чыккан. 28-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны актаган.
  • Гүлнара Журабаева – 2011-2016 жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары, 2016-2021-жылдары БШКнын мүчөсү болгон. "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү.
  • Равшан Жээнбеков – оппозициялык саясатчы. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Оппозициялык “Кыргызстан Бириккен Демократиялык Кыймылы” уюмунун мүчөсү. 2019-жылы Кой-Таш окуясына байланыштуу камалган. 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандыкта бошотулган. Бирок "үй камагынын талаптарын бузду" деген негизде былтыр 5-августта кайра №1 тергөө абагына камалган. 2021-жылы парламенттик шайлоодо Жээнбековду БШК талапкер катары каттап, бирок сот үгүт өнөктүгүн жүргүзүү үчүн эркиндикке чыгаруудан баш тарткан. Саясатчы былтыр декабрда, жаңы күчүнө кирген Жазык-процессуалдык кодексине ылайык тергөө абагынан бошотулган.
  • Кеңешбек Дүйшөбаев - генерал, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы. 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин, 15-октябрда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков аны Коопсуздук кеңешинин катчысы кылып дайындап, кыска убакыт иштеген. Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы быйыл 20-майда 2010-жылдагы июнь калабасы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ошол учурдагы Убактылуу өкмөттүн үч мүчөсүнө, анын ичинде Кеңешбек Дүйшөбаевге да айыбын угузган.
  • Рита Карасартова – укук коргоочу. Оппозициялык “Кыргызстан Бириккен Демократиялык Кыймылы” уюмунун мүчөсү.
  • Бектур Асанов - саясатчы, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору. Ал 2016-жылы “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деп айыпталып кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны күнөөлүү деп таап, 12 жылга кескен. 2019-жылы февралда сот шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошоткон.
  • Айданбек Акматов, журналист, саясат талдоочу. 1997-2017-жылдары "Азаттык" радиосунун кабарчысы жана саясий баяндамачысы болуп иштеген. 2021-жылы парламенттик шайлоодо бир мандаттуу №3 Кадамжай округунан талапкер болгон.
  • Эрлан Бекчоро уулу - жарандык активист. "Туран" саясий партиясынын мүчөсү.
  • Клара Сооронкулова - Конституциялык палатанын мурдагы судьясы. Оппозициялык “Кыргызстан Бириккен Демократиялык Кыймылы” уюмунун мүчөсү. Өткөн президенттик шайлоодо талапкер болгон. "Реформа" саясий партиясын жетектеп 2020-жылы парламенттик, 2021-жылы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышкан. 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо "Реформа" партиясы "Ата Мекен" менен бириккен.
  • Перизат Суранова - Оппозициялык “Кыргызстан Бириккен Демократиялык Кыймылы” уюмунун мүчөсү. "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү.
  • Улукбек Маматаев - "Ак калпак" партиясынын лидери. 2021-жылы парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" партиясынын катарында ат салышкан.
  • Али Шабдан – жарандык активист.
  • Атай Бейшенбек – жарандык активист.
  • Таалай Мадеминов - жарандык активист.
  • Чынгыз Капаров - "Бүткүл жаштар" партиясынын лидери. 2021-жылы парламенттик шайлоого бир мандаттуу №33 Нарын округунан катышкан.
  • Айбек Бусурманкулов – президенттин Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү. 2021-жылы парламенттик шайлоодо бир мандаттуу №21 Талас округунан талапкер болгон.
  • Н.Асанбаев.
  • Талант Эшалиев тууралуу ачык булактарда маалымат жок.

Акыл Айтбаев - "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү. 24-октябрда Бишкек шаардык милициясында отурганын өзү "Азаттыкка" кабарлады.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов оппозициялык саясатчы, активисттердин үйү тинтилип жатканы боюнча видео билдирүүсүн Фейсбуктагы баракчасында жайгаштырды. Анда Байсалов тергөөнүн жыйынтыгын күтүү керек экенин айтып, өлкөдө демократиянын принциптери менен шайланган президент, парламент мыйзамдуу иш алып барып жатканын белгилеген.

Ошондой эле элди бийлик жетекчилеринин чечимдерин колдоого чакырган.

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Тазабек Икрамов, Исхак Масалиев, Мирлан Самыйкожо, Эмил Токтошев саясатчы, активисттердин үйүн тинтип, кармоону кескин сындап чыгышкан.

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев кармалган саясатчылар менен активисттерди үй камагына чыгарып, ишти ар тараптуу тергөөгө чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG