Аскер прокуратурасы УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары - атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун экс-директору Уранбек Шадыбековду кармаганы кабарланды. Ал коррупцияга шектелгени менен чоо-жайы боюнча маалымат берилген жок.
"Манас" аэропортунда TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды. Жүргүнчүлөр социалдык тармактарга жарыялаган сүрөт, видеолордон учактын сол канаты жерде жатканын көрүүгө болот. Бортто 181 жүргүнчү, экипаждын алты мүчөсү болгон. Алар үйлөмө трап менен жерге түшүрүлгөн. TezJet комментарий бере элек.
Бишкекте УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков баштаган мурунку төрт кызматкер кармалды. Баткендеги “Кадамжай” жана “Чечме” бекеттеринде “пара алууга” шектелип, 41 кишини кармалды. Киевге жасалган соңку ири чабуулдан өлгөндөрдүн саны өсүп, уранды алдынан адамдар изделүүдө.
Киев Орусиянын Омскидеги эң ири мунай иштетүүчү заводуна сокку урганын билдирди. Украин чабуулдарынан улам күйүүчү май каатчылыгына кабылып жаткан Орусиядагы жагдай андан бетер оорлошу мүмкүн. Керектөөлөрүнүн 95 пайызын Орусия аркылуу жапкан Кыргызстан үчүн мунун кесепети кандай болот?
5-июлда Баткен облусундагы «Кадамжай» жана «Чечме» көзөмөл-өткөрүү бекеттеринде күч түзүмдөрү атайын операция жүргүздү. УКМК чек арадагы мыйзамсыз акча чогултуу боюнча коррупциялык схема аныкталганын билдирип, ондогон кызматкердин кармалганын маалымдады.
Орусиянын армиясынын катарында Украинада согушуп жаткан кыргызстандыктардын саны 1,5 миңге жакындаганы тууралуу маалымат бар. Украинанын “Хочу жить” долбоору учурда Кыргызстандын 10 жараны Украинада туткунда отурганын жарыялады. “Азаттык” согушта дайынсыз болгондордун жакындары менен сүйлөштү.
УКМК чек арада мыйзамсыз акча чогултуу боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталганын, Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (“Пара алуу”) боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады. Анын алкагында "Кадамжай" жана "Чечме" көзөмөл-өткөрүү бекеттеринде иштеген 40тан ашык киши кармалган.
Өткөн аптада УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон сегиз киши "бийликти күч менен басып алууга" күнөөлүү деп табылып, бирок пробация менен эркиндикте калды. Активисттер жана юристтер мындай гумандуу чечим буга чейин пикири үчүн камалгандарга да колдонулушу керек деген пикирде.
Өткөн аптада “75чилердин каты” боюнча иште Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон сегиз киши бийликти күч менен басып алууга күнөөлүү деп табылып, бирок пробация менен эркиндикте калганы талкууга түштү.
Орусиянын “Юнармиясынын” окуучулары Кыргызстандын Кант шаарындагы авиабазада сабактан кийин 1,5-2 саат машыгат. Ага окуучулар кыз, эркек экенине карабай тартылат. Кыймылга кирип жаткандар “Служу России” деп ант берет, ок атуу, жарадарларга жардам берүү сыяктуу согуштук көндүмдөрдү үйрөнүшөт.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында белгилүү тарыхчы, илимдин доктору, профессор Анварбек Мокеев тарыхый булактардын изилдениши же булак таануу тууралуу сөз кылды. Ал соңку убакта тарыхый булактарга негизделбеген бурмаланган тарых көп жазылып жатканын сынга алды.
АКШнын Жогорку соту президент Дональд Трамптын Америка жергесинде төрөлгөндөргө жарандык берүүнү чектеген буйругун жокко чыгарды. Ошол эле маалда иммиграцияга байланышкан башка чечимдер өкмөттүн пайдасына чыкты. Ал арада федералдык бийлик мыйзамдуу мигранттарга талаптарды күчөтүүдө.
Дагы жүктөңүз