Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:54

Элчиликтер Бишкектеги жарандарын сак болууга чакырды


Шахбаз Шариф
Шахбаз Шариф

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Бишкекте 18-майда болгон окуяларга байланыштуу жасаган билдирүүдө Исламабад Кыргызстандан дароо кетүүнү каалаган пакистандык жарандарга жардам берерин айтты. Өкмөт башчы окуяга тынчсызданганын Х социалдык тармагындагы баракчасына жазды:

“Бишкектеги пакистандык студенттердин абалы терең тынчсыздандырууда. Пакистандын элчисине аларга бардык зарыл жардамды берүүнү тапшырдым. Менин администрациям дагы элчилик менен такай байланышып турат жана кырдаалга байкоо салууда”.

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги Бишкектеги элчиликтин кенешчиси Марван Алекс Айяш Эл аралык медицина университетинин жатканасында жашаган пакистандык студенттер менен жолукканын билдирди.

Ага чейин Кыргызстандагы элчи Хасан Али Зайгам Улуттук госпиталга барып, жараат алган пакистандык жарандан кабар алганы маалымдалган.

Ушул эле күнү Кыргызстандын Пакистандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Мелис Молдалиев Тышкы иштер министрлигине чакырылганы расмий кабарланган. Исламабаддын маалыматына ылайык, Молдалиевге Кыргызстанда окуган пакистандык студенттер кабылган окуя боюнча Пакистан өкмөтүнүн камтамачылыгы айтылды.

Чет өлкөлөрдүн элчиликтери өз жарандарын сак болууга чакырды

Кыргызстандагы бир катар чет мамлекеттердин элчиликтери өз жарандарын сак болууга чакырды.

17-кечинде чет өлкөлүктөр менен кыргызстандыктардын тополоңуна байланыштуу Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги жарандарына жергиликтүү жаңылыктарга көз салып, киши көп чогулган жерлерге барбай, документтерин жанында алып жүрүүгө чакырды.

Ушундай эле маанидеги билдирүүнү Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги таратты. Дипломатиялык мекеменин Фейсбуктагы баракчасында “Кыргызстанда билим алып аткан студенттерибизге жана жарандарыбызга өз коопсуздуктары үчүн айрыкча кечинде оюн-зоок жайларына барбоону сунуштайбыз”, - деген пост жайгаштырылды.

Буга чейин Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар Бишкектеги кырдаалга көз салып жатканын Твиттерге жазып, студенттерин элчилик менен байланышта болууга чакырган.

“Бишкектеги индиялык студенттерге байланыштуу кырдаалга көз салып жатам. Абал тынч эмес экени кабарланууда”, - деп жазды Субраманьям Жайшанкар.

18-майга караган түнү Бишкекте болгон окуядан жалпы 29 киши жабыркаганын кыргыз өкмөтү билдирди. Маалыматка караганда, кайрылгандардын көбү ооруканага жаткан эмес, азыр үч чет элдик дарыланууда. Пакистандын элчилиги 14 жараны жабыркаганын ырастады.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, үч адам ооруканага жаткырылды. Жаагына доо кеткен пакистандык жаранга операция жасалары айтылды.

17-майда интернетте "чет элдиктер аралашкан" деген бир нече адам катышкан мушташ тартылган видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышты. Мындан кийин Бишкек шаарынын көчөлөрүндө ондогон жарандар топтолуп, башаламандыктар менен коштолгон.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) 18-майга караган түнү Бишкекте катталган тополоңдун жана анын чыгышына себеп болгон окуялардын хронологиясын жарыялап, иштин деталдары тууралуу расмий маалымат тараткан. Мекеме түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук тарап кетишкенин билдирген.

Ал арада Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Кыргызстан тараптан Казакстан тарапка пакистандык студенттер тобу жапырт өтүп жатканы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбей турганын маалымдады.

Бул тууралуу мекеме 18-майда билдирүү таратып, айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын “Бишкектеги түнкү тополоңдон кийин чет элдик студенттер качып жатканы" тууралуу жазганын төгүндөдү.

“Казак-кыргыз мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө бекеттери штаттык режимде иштеп жатат. Казакстандын жана Кыргызстандын чек арачылары Бишкек шаарындагы соңку кырдаал боюнча үзгүлтүксүз түрдө маалымат алмашып жатышат”, – деп айтылат Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынын маалыматында.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы бул окуяларга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Төрт чет элдик жаран кармалганы маалымдалды. Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада чет элдик жарандарга кол салган жергиликтүү төрт адамдын экөө аныкталды. Милиция жогорудагы эки адамдын турган жерин жана башка адамдардын тек-жайын аныктоо боюнча иштерди алып барууда

Милиция күчөтүлгөн тартипке өттү

18-май, кечке жуук Бишкек шаардык милициясынын башчысы Азамат Токтоналиев коомдук тартипти сактоого жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган ички иштер органдарынын бөлүктөрүнө гарнизондук саптык кароо-тескемесин өткөрдү.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Саптык кароого Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басарлары, кызматтардын жана бөлүмдөрдүн башчылары, райондук башкармалыктардын жетекчилери, Бишкек гарнизонунун өздүк курамы жана тартылган күчтөрдөн 2700 кызматкер жана элдик кошуундун миң мүчөсү катышты.

Борбордук милициянын башчысы өздүк курамга бир катар, анын ичинде коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, укук бузуучуларды аныктоо жана коомдук тартипти туруксуздаштыруу аракеттерине катуу бөгөт коюу тапшырмаларын койду.

Милиция атайын буйрук чыкканга чейин күн сайын саат 19.00дөн тартып күчөтүлгөн режимде иштей турган болду.

ИИМ борбор калаанын тургундарын жана конокторун мыйзамдардын жана кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын кызматкерлерин талаптарын катуу сактоону өтүнөт. Мекеме элдик кошуундун катарында кызмат өтөөнү каалаган жарандардан Бишкек милициясына кайрылууну суранды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG