"Ататүрк – Ала-Тоо" прокуратуранын айыбын четке какты
Түркиянын Hurriyet басылмасы Стамбул прокуратурасынын маалыматына таянуу менен Бишкектеги “Ататүрк – Ала-Тоо” эл аралык университетин террордук уюм менен кызматташат деп жазып чыкты. Басылманын 30-январда тараткан кабарында түрк прокуратурасы Фетхуллах Гүлендин “террордук уюмуна таандык” деп Түркиянын өзүндө ачылган 17 университетти, андан сырткары чет жакта жайгашкан 10 университеттин тизмесин жарыялаган. Ал эми тизмеден аты чыккан “Ататүрк – Ала-Тоо” эл аралык университети бул маалыматтарды куру доомат деп атады.