Ханзада Агахан IV Нарында болду
Нарын шаарында Агахан өнүктүрүү фонду курган Борбор Азия университетинин расмий ачылышы өттү. Иш-чарага Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Исмаилиттердин башчысы ханзада Агахан IV катышты. Исламдын шиит агымын алып келет деп коомчулукта кызуу талкуу жараткан бул окуу жайдын ачылышында ханзада Агахан дин тарыхы окутуларын айтты.