Украинада согуш башталганда Казакстандын бийлиги атайын каттамдарды уюштуруп, өз жарандарын өлкөдөн чыгарып кеткен. Бирок Марат Дарменовдун үй-бүлөсү Украинада калып, согуштун каарын тарткан жергиликтүүлөргө тилектештик көрсөтүп келет.
Трамп Украинага бардык аскердик жардамды убактылуу токтотту. Кыргызстанда 12 жылдык окутууга байланыштуу маселе кайрадан күн тартибине чыкты. Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөт башчылары Дүйшөмбүдө жолугушту.
Соңку кездери өспүрүмдөр арасындагы зомбулук, суицид, балдардын психологиялык абалы кызуу талкуу жаратты. Билим берүүнү кандай реформалоо керек, ата-энелер менен мектептин байланышы кандай? Ушул маселелерди АКШда жашап жаткан журналист, Акыйкатчынын кеңешчиси Ибраим Нуракун уулу менен талкууладык.
Европа лидерлери Украина боюнча саммитте согушту токтотуу план иштеп чыгары маалым болду. Зеленский Трамп менен кайым айтышкандан кийин АКШга кайра барууга даяр экенин билдирди. Жер кодексинин жаңы редакциясына нааразы болгондор Бишкекте чогулду. Ош шаарында миңге чукул курулуш сүрдүрүлдү.
Израил Газага багытталган гуманитардык жүктү кое бербей жатат. Ага чейин премьердин кеңсеси АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу убактылуу жарашууну алты жумага узартууга көнбөй койгонун билдирген.
Бир эле мезгилде эки шаарда же эки мамлекетте жашап көрдүңөр беле? Бельгия менен Нидерланддын чек арасындагы Барле шаарчасынын тургундары күнүгө бир нече жолудан улам бир өлкөгө кирип-чыгышат. Ал жакта чек ара үйлөрдү, ишканаларды, дүкөндөрдү, мэрияны бөлүп өтөт, айланада 30 анклав орун алган. Бирок тосмо, дубал көрө албайсыңар. Нидерланд тилинде сүйлөгөн жергиликтүүлөр кадам сайын өткөн чек араларга карбай ынтымактуу жашаганын айтышат.
Европа парламентинин Адам укуктары боюнча кичи комитетинин төрагасы Мунир Сатури баштаган делегация Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, жергиликтүү депутаттар, чет мамлекеттердин элчилери, укук коргоочулар, журналисттер менен жолукту.
АКШ президенти Дональд Трамп менен украин мамлекет башчысы Владимир Зеленскийдин жума күнкү жолугушуусу кайым айтышуу менен коштолду.
Вашингтон менен Киевдин ортосунда сейрек кездешүүчү минералдар боюнча келишимге 28-февралда кол коюлушу мүмкүн. Бул үчүн Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ баш калаасына барды.
“Азаттык” Тажикстан менен алмашылат деп айтылган Кыргызстандын Баткен районундагы Достук айылынын тургундарынын пикирин угуп келди.
“Азаттык” радиосу “Спорт: Кыйынчылыкты жеңген кыраандар” деген сынагына көрсөтүлгөн талапкерлер менен тааныштырууну улантат. Алардын бири Кыргызстандагы Көзү азиздер федерациясынын негиздөөчүсү, паралимпиаданын катышуучусу Гүлназ Жүзбаева.
Дагы жүктөңүз