Жогорку Кеңеш 10-апрелде интернетке жарыяланган жалган маалымат үчүн айып салган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Документке ылайык, жалган маалымат боюнча түшкөн арыздын негизинде милиция кызматкерлери тергөө жүргүзүп, сотко өткөрүп берет.
Социалдык тармактарга Улуттук илимдер академиясынын (УИА) мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев менен академиянын бөлүм башчысы Айнуру Алтыбаеванын сүйлөшүүсү делген аудио тарады.
Эмне себептен Кыргызстанда дары-дармек таңкыстыгы жаралды? Айрым дарылардын баасы кескин кымбаттап кетти? "Азаттыктын" ушул жана башка суроолоруна Фармацевтикалык бирикменин аткаруучу директору Алмаз Алтыбаев жооп берди.
Эмне себептен Кыргызстанда дары-дармек таңкыстыгы жаралды? Айрым препараттардын баасы кескин кымбаттап кетти? "Азаттыктын" ушул жана башка суроолоруна Фармацевтикалык бирикменин аткаруучу директору Алмаз Алтыбаев жооп берди.
Бишкекте Транспорт департаментинин коомдук транспортто бөбөк арабага кошумча жол кире талап кылган чечими коомчулуктун кескин сынына кабылды.Үч жыл мурунку шаардык кеңештин токтомуна ылайык, жүргүнчү алып бараткан жүктүн көлөмүнө карап, кошумча жол кире төлөөгө милдеттүү.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров “Азаттыктын” студиясына келип, соңку камоолор, чек аранын такталышы, сөз эркиндиги, депутат Султанбай Айжигитовго байланыштуу жана башка актуалдуу темалардын тегерегинде суроолорго жооп берди.
Бишкектин Свердлов райондук соту эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованы эки айга камоо чечимин чыгарды. Бөгөт чарасынын мөөнөтү 19-майга чейин деп аныкталды. Сот отуруму жабык өттү. Милиция ал "массалык башаламандыкка чакырыкка" жана "улут аралык кастыкты козутууга" шектүү деп билдирди.
Эркин журналист жана жарандык активист Канышай Мамыркулова 22-мартта соттун чечими менен эки айга камака алынды. 21-мартта Кыргызстандагы 60тай укук коргоочу, активист, журналист президент Садыр Жапаровго, УКМК жана ИИМ башчыларына ачык кайрылуу жолдоп, аны бошотууга чакырган.
20-мартта сот Канышай Мамыркулованы 48 саатка камакка алды. ИИМ журналист Мамыркулова соцтармактагы билдирүүлөрүнө экспертиза жасалгандан кийин "массалык башаламандыкка чакырыкка" жана "улут аралык кастыкка" шектелип кармалганын билдирди.
Баткендин Достук айылынын тургундары үчүн жаңы конуш түптөлө баштады. Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине ар бир турак жай үчүн 10 сотыхтан жер бөлүнүп, Достуктан 70 үй көчүп келет.
Бишкекте көк бөрү боюнча Нооруз турниринде бир улакчы каза тапкан окуядан улам оюндун калысы жана бир көк бөрүчү камакка алынганын Ички иштер министрлиги (ИИМ) маалымдады. Кырсыктан улам мелдеш эки күнгө токтотулган.
Дагы жүктөңүз