Аялдарга каршы зордук-зомбулук - дүйнөдө кеңири тараган адам укуктарынын бузулушу. «Азаттык» радиосу азап чеккен кыз-келиндердин окуяларын дээрлик күнүгө чагылдырат. Дүйнөдө ар бир үчүнчү аял зордук-зомбулукка кабылат, бирок алардын көбү унчукпайт, коркконунан жардам сурай албайт.
“Азаттык” кыйын кырдаалга туш болгондорго кол сунуп, коопсуз аянтча түзүп берет. Сен жалгыз эмессиң.
Бул баракчадан зомбулукка кабылган аялдардын баштан өткөргөндөрүн, алардын жакындарынын кеп-кеңешин жана кыйын кырдаалга туш болсоңуз кимге кайрылса болорун биле аласыз. Андыктан "Азаттыкка" кайрыл. Жан дүйнөңдү жашырба!
Жабыркагандар кимге кайрыла алат?