Казакстанда (Кыргызстан сыяктуу эле) эркектер ажырашуу үчүн шарият эрежелерине ылайык, аялына үч жолу “талак” деп койгону жетиштүү. Эксперттердин айтымында, расмий статистика жок болгондуктан мындай көйгөйдүн масштабын баалоо кыйын. Бирок мындай тажрыйба кыз-келиндердин тагдырына оор кесепетин тийгизүүдө.
Казакстандык эки келин өзүнүн башынан өткөн окуялары менен бөлүштү.
“Ортодо балабыз болбогонуна сүйүндүм”. Гүлнаранын окуясы
Мен 28 жаштамын. Аны менен таанышкан учурда 23 жашта элем. Базарда сатуучу болуп иштечүмүн. Ошол жерде намаз окуган такыба киши бар эле. Бирде ал экинчи аял алуу планы тууралуу кеп кылды. Экөөбүз жакшы тааныш болуп калдык. Жашы кырктан өткөн, аялы, төрт баласы бар экен. 80ге таяп калган апасы жана үй-бүлөсү Актөбөнүн Косестек айылында тураарын жана алардын өзүнө болгон эч кандай муктаждыгы жок экенин айтты. Ошентип экинчи аял болуу сунушуна макулдугумду бергем.
-
“Талак” (الطلاق) - араб тилинен которгондо “бош калуу”, “бошотуу” деген маанини туюндурат. Шарияттын эрежелерине ылайык, эркектин аялынын дарегине “талак” сөзүн айтуусу, ортодогу никенин бузулушун, жубайлардын ажырашуусун билдирет. Мындай ажырашуу укугу эркектерге гана берилген. Казакстандын мыйзамдары боюнча Жарандык абалдын актыларын каттоо органдары (ЖААК, орусчасы ЗАГС) никени расмий катоого алмайынча мечитте нике кыйылбайт. Бирок мындай мыйзам бузулган учурлар көп жана диний чөйрөдө жашыруун нике кыйып койгон учурлар бар. Никенин “талак” менен бузулушу да эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес. Ошого карабастан мындай жол менен ажырашуулар уланууда.
Ал менин атамдын алдынан өтүп, колумду сурагысы келген жок. “Эмне кереги бар ошончо кишиге сый-тамак берип?!”,- деп үлпөт той өткөрбөй турганын ачык эле айтты.
Менин атам Советтер Союзунун тарбиясы менен өсүп, ошондогу баалуулуктарды карманган киши эле. Куда түшүп барган күндө дагы эң кичүү кызынын экинчи аял болушуна уруксат бермек эмес. Ошондуктан биз жашыруун эле никеге туруп алдык. Бул 2016-жылдын жай айында болду. Косестек айылындагы мечиттин молдосу никебизди кыйып, анын аялы бизге күбө катары өттү.
Күйөөм динди бекем карманган, акыл токтотуп калган курактагы такыба киши болгондуктан мен ага толугу менен ишендим. Никебиз тууралуу эч кимге айтканыбыз жок. Экөөбүз бир канча убакыт Актөбөдө чогуу турдук. Анан биринчи жубайы чалып, издей баштаганда Косестекке кетти.
Мага бир бөлмөлүү батирди ижарага алып берди. Батирге, тамак-ашка көп акча кете баштаганда, күйөөм дагы өзгөрдү. Батирде эмерек, төшөк-жууркан жок эле. Сүлгү жамынып уктап жүрдүм. Ал вахтага кеткенде ачка да калып жаттым. Кайтып келгенден кийин бир аз убакытка гана бирге турабыз. Нан, анан макарон алып келет, башка эч нерсе сатып бербейт. Көңүлүнө бирдеме жакпай калса, Косестекке кетип калат. Телефонумда бирдик жок, же телевизор жок бир нече күн батирде камалып отурам. Көп өтпөй биринчи аялы тез-тез чалып, мени каргап-шилей баштады.
“Сага окшогон кыздар бирөөнүн бүлөсүн бузуп жатат” деп заарын төгөт. Кийин кайра чалып “менин сөздөрүм тууралуу күйөөмө айтпа” деп суранат. Менимче, ал күйөөсүнөн аябай корксо керек.
Бирде күйөөм батирге апасын ээрчитип келди. Анын жүзүнөн эле мени жактырбаганы көрүнүп турду. Чай үстүндө, баласына карап, “менин келгенимди биринчи аялың билбей эле койсун” деп бир нече жолу эскертти.
Бир аз убакыт жашаган соң, күйөөмдүн начар киши экенин түшүндүм. Көптөн бери эт жей элекпиз, дарбыз алып келип бер десем, мени катуу кагып салды. Үч айдан кийин катуу уруша кеттик. "Алтынчы кабаттан ыргытып жиберем" деп коркутту. Анын оройлугу көңүлүмдү катуу оорутуп, төрт ай жашагандан кийин ажырашууга бел байладым. Ким эле жаш, аңкоо аялдан айрылгысы келсин?! Ал өзүн актап, туура эле кылып жатканын түшүндүрүүгө жандалбас кылды.
Биз Актөбөнүн эски бөлүгүндөгү мечиттин имамына бардык. Күйөөм нике окулуп жатканда мага убада кылган белегин алып берген эмес. Тренажер алып беришин өтүнгөн элем. Мечитке келгенде имамга ушуну айтып даттандым. Күйөөм мени "майдачылсың, соодалашасың" деп жемеледи. Имам бизди кунт коюп уккан соң, никенин баалуулуктары тууралуу сүйлөп, аягында бизди жараштырып койду. Бирок баары бир акыры атамдын үйүнө кетип калдым. Ал мага талак берди. Ушундай кийин өзүмдү бактысыз сезип, чөгүп, кемсинип жүрдүм. Психикам бузулуп, жакындарымдын көңүлүн оорутуп, таарынтым алдым. Ошол кезде кандай жаман абалда болгонумду эстесем, ичим тызылдап кетет. Туугандарым менден жүз үйрүп, үй-бүлөмдү, досторумду жоготтум. Мен бир көйгөйдөн качам деп, экинчисине тушуктум. Бир гана жери күйөөм экөөбүздүн ортобузда бала болбогонуна сүйүнөм.
Юридикалык билим алып, тилекке каршы диплом керексиз болуп калды. Азыр соода менен тиричилик кылам. Актөбөдөгү базарлардын биринен ижарага күркө алып, сүт азыктарын, адал колбаса, тооктун этин сатам. Тапкан акчабыз атам экөөбүзгө кенен-кесири жетет. Психология тууралуу материалдарды издеп баштадым. Өзүм тууралуу көбүрөөк билип, билимимди өркүндөткүм келет. Азыр экинчи аял болууну каалабайм. Мыйзамдуу жол менен никеге турбаса, аялдардын укугу эч качан сакталбайт экен. Балдарымдын келечегине коркунуч келишин каалабайм. Азыр деле экинчи аял болууну сунуш кылгандар бар. “Аялдын жалгыз бой жүргөнү шариятка туура келбейт”, “отузга чыкканда төрөй албай каласың” деп коркутууга аракет кылышат.
Мындай учурларда “сиз менин келечегимди камсыздай турган кыймылсыз мүлктөрдү сатып бере аласызбы?” деп сурайм. Эгерде күйөөм үй сатып берип, балдарымдын келечегине кам көрсө, батирде жашамак эмесмин. Аягы начар бүтсө дагы бизде бир аз акча болмок.
Менин талаптарымды уккандын эртеси эле андай жуучулар жок болуп кетет. Айрымдары "өзүңдү өтө эле жогору баалайт" экенсиң дейт. Бирок кеп анда эмес. Күйөөм никеге жоопкерчилик менен мамиле кылып, мүмкүн болушунча үй-бүлөсүнүн коргоочусу болушу керек. Нике – көйнөк сыяктуу эле алмашып кийип кете турган нерсе эмес.
“Биздин аймакта мындайлар көп”. Марьямдын окуясы
14 жашымда намаз окуй баштадым, бирок ваххабийлик агымда экенимди башында билген эмесин. Мага баары туурадай көрүнчү . Тааныштарым “ал жакта туура айтып жатат” деп сунуштаган диний лекцияларды Интернет аркылуу уга баштадым. Карага чулганып, паранжа кийгенимди ата-энем такыр жактырбады. Алар намазды дагы туура эмес окуп жатканымды байкаптыр. Бирок аларды эч укканым жок.
16 жашымда курбум менен чогуу Сирияга жөнөп калдык. Буга ата-энемдин "паранжы кийбе" деп каршы болгону дагы таасир этти. Ошондуктан паранжы кийгенге уруксат берген жакка кетейин дедим. Биз Актөбөгө жөнөп жатканда ата-энебиз жана коопсуздук кызматынын кишилери бизди кармап алды. Анан реабилитациялык борборго алып барышты. Мен ханафий мазхабын (исламдын суннит агымындагы салттуу мектептеринин бири) кабыл албай койдум. Медресеге окуу сунушун дагы четке кактым. Ошентип ата-энем мени үй камагында кармады. Мектепке чейин узатып барып, кайра тосуп алышат.
Кийин университетке тапшырдым, биринчи курста эле ала качып кетишти. Болочок күйөөмдү мурда көргөн эмесмин. Менин агам менен жакшы тааныш болуп чыкты. Ал намаз окубайт экен. Төрт айдан кийин ажырашып кеттик. Ал кезде кош бойлуу болуп калгам.
Социалдык тармактан бирөө менен таанышып калдым. Бул мезгилде колумда балам бар эле. Мен таанышкан адам деструктивдүү диний агымды кармангандыктан никени расмий каттоого каршы болду. Көп өтпөй үй-бүлөсү бар экенин, мен анын экинчи аялы болорумду айтты.
Мен аны каалабадым. Бирок ал нике ырымын менсиз эле жакындары менен аткарып жатканын телефон аркылуу кабарлады. Биз эки башка шаарда жашачубуз. Ошентип ал мага келди, үй-бүлөм караманча каршы чыкканына карабай, ээрчип кеттим. Башында баары жакшы эле. Мен күйөөмдү сүйгөнүм жок. Болгону "шарият боюнча аял жалгыз бой жүрбөшү керек" деп айтышканы үчүн турмушка чыктым. Ал "бардык жагынан камсыздап, баламды тарбиялайм" деп убада берди.
Бир айдан кийин мүнөзү кескин өзгөрдү. Үйгө сейрек келип, жардам бербей калды. Балам катуу ооруп калып, акчалай жардам сурасам, "азыр андайга мүмкүнчүлүгүм жок" деди. Ата-энем менен таанышкан да жок. Мени өзүнүн туугандары менен дагы тааныштырбады. Эмне үчүн минтип жатканын сурасам, “ата-энең намаз окубайт, каапыр, бизди түшүнбөйт” деп койду.
Менин башкалар менен сүйлөшкөнүмө тыюу салып, "алар динсиздер" деп айтты. Болбой эле жакындарым менен ара-чолодо сүйлөшө калам. Бир жолу ал эжем менен сүйлөшүп жатканымды угуп калыптыр. “Бул шариятка туура келбейт, мындай болбош керек” деп сүйлөндү. Эжем деле паранжы кийчү, бирок деструктивдүү агымдан эмес эле. Ошондуктан күйөөм аны менен сүйлөшкөнгө тыюу салды. Мен эжеме бул тууралуу айтып, кийин жашыруун сүйлөшүп жүрдүк.
Менде депрессия пайда болду. Ошол учурда боюмда болуп калганын билдим. Эмнеге ата-энеси менен тааныштырбай жатканын айтып, мамилени териштире баштадык. Экөөбүз уруша кеттик. Ал мени “шариятка каршы иш кылып, күйөөңдү укпай, динсиздер менен сүйлөшүп жатасың” деп айыптап, “талак” берем деп коркутту.
Казакстандын мусулмандар дин башкармалыгынын уруксаты менен чыккан лекцияларды уга баштаганымды билип калып, ага дагы тыюу салды. “Аллах буйруган кара түстөгү никаб кийгин” деп талап кылды. Бирок болбой эле түстүү кийип алам. "Мындайды каапырлар киет" деп урушат.
Досторунун үчтөн-төрттөн аялы бар. Ошолор менен сүйлөшпөгөнүмө дагы ачууланат. Алар менен чогулуп калсак, Сирия, жихад тууралуу сөз болот. Мага бул жакчу эмес. Музыка уксам, “бул арам” деп ага дагы тыюу салды. Күйөөм Сирияга кетерин айтып жүрдү. Жыйынтыгында кетпей калды. Шарият жолунда жашабай жатканымды айтып, укпай койсом кол көтөрө баштады. Ал тыюу салса деле болбой китептерди окуй бердим. Акыры анын ур-токмогунан реанимацияга түшүп, курсактагы баламдан ажырадым.
Ханафий мазхабындагы курбум менен байланыш түзүп, күйөөмдүн уруксаты жок конокко чакырдым. Албетте, бул ага жаккан жок, “күйөөсүн укпаган аял” деп зекип, биринчи талагын берди. Музыка угуп жатканымды көрүп калып, экинчи жолу “талак” деп айтты. Кийин катуу уруша кеткенибизде үчүнчү талагын берди.
Ушундан кийин анын бир досу мага экинчи аял болуу сунушун айтып, көндүрүүгө аракет кылды. Бир жолу ал мени көчөдөн кармап алып, эки-үч киши менен күч колдонуп ала качып кетти. Мен кыйкырдым, алар мени токмоктошту. Бир үйгө алып келип, үч күн кармашты. Жакындарыма телефон чалууга мүмкүнчүлүк беришкен жок. Мурдагы күйөөмдүн досу "сени баары бир экинчи аял кылып алам" деп коркутат. "Балдарды болочоктогу моджахед кылып тарбиялаш керек. Кадимки оюнчуктардын ордуна курал-жарак оюнчуктарды алып берем" деди.
Жакындарым мени издеп, тынбай чалып жатты. Акыры “телефонду алып, баары жайында” деп жооп берип коюшумду айтышты. Ошо маалда кудай жалгап агам чалып калган экен, мени күч менен кармап турушат дегенди айтканга үлгүрдүм. Алар телефонумду жулуп алып, "зордуктап салабыз" деп коркутушту. Сакал алган станок колго илешип калып, "жакын келсеңер, колумду кесем" деп жанкечтилик кылдым.
Агам полиция менен дароо байланышып, GPS аркылуу биз турган жерди таап келди. Алар камакка алынып, кийин сот болду. Андан кийин мени психологго көрсөтүшүп, теологдор менен иштештим. Жүрөгүм үшүп, депрессия, шок абалында элем. Суицид кылууну ойлоно баштагам. Жакындарымдын алдында жерге кирип кетчүдөй уят болдум. Ошон үчүн үйгө дагы кайтып баргым келген жок. Бир айдан кийин хиджабды чечтим. Анткени мындай окуянын дагы кайталанышын каалаган жокмун. Акырындап жашоо нугуна түшүп баратат. Теологдун окуусун окуп жатам. Кийин кесибим боюнча иштегим келет. Баарына эле ишенүүгө болбосун, намаз окуп, сакал коюп, хиджаб кийгендердин баары эле динде айтылгандай таза жүрбөсүн билдим. Азыр кадимкидей эле кийинип, тааныш, достор менен ээн-эркин баарлашып жүрөм. Мындай жашоо кызыктуу жана көңүлдүү. Ата-энем менен чогуу турам, иштейм. Баламды тарбиялап, эч нерсеге муктаж эмесмин. Ата-энеме дагы жардам берем.
Мен башка кыз-келиндерге жардам бергим келет. Биздин аймакта исламдын салттуу эмес агымдарын карманган аял-эркектер көп. Ал тургай балдар дагы бар. Алардын короодо башка балдар менен ойношуна да тыюу салышат. Тааныш кыздарым кийин мени менен саламдашпай калышкан. Анткени “бөтөн” болуп калганымды айтып, күйөөлөрү мамиле түзүүгө тыюу салып коюшкан да.
Бизде, Сатпаев менен Жезказганда жарандык никеде жашап жүргөн кыздардын көйгөйлөрү толтура. Күйөөлөрү никесин мыйзамдаштыргысы келбейт, анткени аларга ошол ыңгайлуу. Ал тургай балдарын да апасынын фамилиясына жаздырат. Айрымдары менен сүйлөшүп көргөм, баары шарият менен болушун каалашат. Күйөөлөрү болсо деструктивдүү агымды карманышат. "Кантип күйөөбүздү бул жолдон кайтара алабыз" дегендер болду. Ажырашып гана кутуласыңар, менин башымдан өткөн деп айттым.
Теолог менен психологдун түшүндүрмөсү
Карагандылык теолог Арай Бакирова исламда талак менен ажырашууга уруксат берилгени менен дин аны колдобойт.
“Бул – Аллахка жакпаган, бирок шайтан үчүн чоң кубаныч тартуулаган акыркы чара. Анткени шайтандын негизги максаты - мусулмандарды бөлүү. Олуттуу, жүйөлүү себеп менен гана талакка уруксат берилет. Ар кандай эле учурда талакка жол берилбейт. Эгерде эркек ачууга алдырып жиберсе, же ага кандайдыр бир майда-чүйдө нерсе жакпай калса, же аялдык милдеттердин бирдемеси көңүлүнө толбосо, анда талак бербеши керек. Үй-бүлөдө казан-аяк кагышып, көйгөй жаралбай койбойт. Бирок андай учурда акылман аксакал же динди мыкты билгендер менен кеңешип, үй -бүлөлүк психотерапевтке кайрылып мамилени оңдогонго мүмкүнчүлүктөр бар. Аракет кылуу керек. Эгерде булардын бири да иштебесе, анда аргасыз “талакка” уруксат берилет “, - деп түшүндүрдү Бакирова.
“Аялдар үй-бүлөдө эркектен зомбулук, кордук көрүп жүргөн болсо, мындай ажырашууларды оң жактары көп. Үй-бүлөнүн бузулушун Аллах жактырбайт. Бирок аялды басынткан, кордогонун кичинесинен көргөн балдар үй-бүлөнүн туура үлгүсүн билбейт. Ал эми балдар үчүн жашай берүү – жоопкерчиликти аларга жүктөө. Бул жердеги негизги маселе - аял укуктары бузулган абалдан кутулганы менен ошол эле учурда өзүнүн үстүндө иштебесе, кайра эле ошондойго туш болот”,- деп эсептейт теолог.
Актөбөдөгү “Ансар” кеңеш берүү жана реабилитациялык борборунун психологу Элмира Адилханованын пикиринде, ажырашуу аялдардын психикасына катуу таасир этет. Мындай аялдар толугу менен күйөөсүнө баш ийип жашайт. Ошондуктан бир гана экономикалык эмес, интеллектуалдык эркиндигинен ажырайт.
Элмира Адилханова, психолог:
Ажырашкандан кийин аял өзүн бактысыз сезет. “Мен жакшы аял болгон жокмун” деп ойлойт. Өзүн-өзү жемелеп, ийгиликсиз нике үчүн 100 пайыз жоопкерчиликти алат. Алардын жаңы жашоого көнүп кетиши кыйын. Алар ийгиликсиз никеси үчүн ата -энесинен, жакындарынан уялып, туугандарынын, коомдун алдында да кемсинип калат. Биздин борбордо ишеним телефону бар. Жакында эле бизге жаш кыз кайрылды. Күйөөсү менен жарым жыл жашагандан кийин ажырашып, Актөбөгө кайтып келиптир. Ал психологго келгенде, кайсыл түстү жактырасың деген суроого дагы оңдуу жооп бере алган жок. Кара түстү жактырарын оозу бош айтты. Психологдор менен бир аз убакытка иштешкенден кийин, ал мурда кызгылтым түстү жактырганын эстеди.
Диндин деструктивдүү агымын карманган күйөөсү “аял киши кара түстө кийиниши керек” деп мээсине сиңдирип салыптыр. Ал кыз өз каалоолорун, кыялдарын унутуп калганына күбө болдук.
Адатта мээ кээ бир нерселерди унутуу менен өзүн коргойт. Күйөөсүнүн басымы алдында бул кыздын аң-сезиминин коргонуу механизми активдешкен. Чынында өзүнө эмне жагарын эстегенде, ал кыз өзү да таң калды. Мындай кыз-келиндер бала кезде ким болгусу келгенин сураганда, жооп таба албай мукактанышат. Алардын түшүнүгүндө аял кишинин орду үйдө жана бала тарбиялоо. Алар ким болгусу келерин ойлонбойт жана күйөөсүнүн айтканынан чыкпайт. Ошондуктан “талак” алган аялдар көпкө чейин өзүнө келе албай жүрөт.
Казакстандын мыйзамдары боюнча Жарандык абалдын актыларын каттоо органдары (ЖААК, орусчасы ЗАГС) никени расмий каттоого алмайынча мечитте нике кыйылбайт. Бирок деструктивдүү агымдарды карманган динчилдер мындай мыйзамды сактай бербейт. Алардын жамаатында никени эркектердин кимиси болсо дагы үйүндө эле кыят.
“Талак” - бул өтө чоң тема. Диндин артына жашырынган ажырашуунун бул формасы биздин коомдо кеңири тараган. Мыйзамдуу нике бузулган учурда жооптуу органдар статистика жүргүзөт. Ал эми "талак" менен ажырашкандын эч жерде статистикасы жок.
Жанагуль ЖУРСИН, Елена ВЕБЕР
Макаланын түп нускасы "Азаттыктын" казак кызматынын сайтында.