Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Энесине өчөшүп кызын өлтүрдү. Бишкектеги үрөй учурган кылмыш


Маргарита Попова кызы, маркум Даша Попова менен.
Маргарита Попова кызы, маркум Даша Попова менен.

Бишкекте №6 мектеп-гимназиясынын 11-классында окуган Дарья Попова 30-октябрда сабакка бараткан жолдо жоголуп, кечинде сөөгү шаар четинен табылган. Спорттун чебери, ачык-айрым Даша бир үй-бүлөнүн жалгыз кызы болчу. Аны өгөй атасы уурдап кетип, өмүрүн кыйган.

Көркөм гимнастика менен 11 жыл машыккан Даша теңтуштарынын эсинде ачык-айрым, таланттуу кыз катары калды. Өспүрүм курагында спорт чебери наамына татып, келечектен көптү үмүттөндүргөн. Машыктыруучулары аны команданын мотору деп аташчу.

Бирок ушундай таланттуу кыздын үйүндө зомбулук болуп жатканын эч ким билген эмес. Өгөй атасы Даша менен апасына күн көрсөтпөй, алар акыркы жылдары жашай турган дарегин такай алмаштырып, коркутууларга, аңдууга мажбур болушкан.

"Республикалык чемпионатка, беттештерге даярданып жаткан. Окуусу менен спортту чогуу алып кетүүгө да тырышчу. Өгөй атасы менен орой, үн көтөрүп сүйлөшчүбүз. Мен машыктыруучу, ал ата экенин айтып, ортодо чек болушу керектигин түшүндүрчүмүн. Аягында “биздин үй-бүлөгө кийлигишпе, өзүбүз чечебиз” деген. Ошол кезде Дашанын үй-бүлөлүк маселелери болуп жатканын этибар албай калдык. Ал эч качан ыйлачу эмес. Эч нерсе да айтчу эмес", - дейт машыктыруучу.

Жактоочу Ольга Жукова зомбулук менен башталып, өлүм менен аяктаган окуя тууралуу мындай маалымат берди:

"Маргаританын (Дашанын апасы - ред.) күйөөсү чогуу жашаган эки жыл бою ага зомбулук көрсөтүп келген. Тоого алып чыгып, жардын кырына кармап коркутуп, бычактап, кислота чачып саларын айтып, жайына койгон эмес".

Дарьянын апасы Маргарита кесиби боюнча отоларинголог-дарыгер. Ал учурда тергөө абагында жаткан күйөөсү Евгений менен эки жарым жыл мурда таанышкан.

Маргаританын айтымында, күйөөсү экөө жаңы жашай баштаганда үй-бүлөнү багуу милдетин Маргарита өзүнө алган. Евгений кийин такси айдап, иши жүрүшүп калганда автоунааларды ижарага берүүгө жетишкен. Орусияда жашап келген, тыкан, интеллигент, так сүйлөгөн Евгений бир жылдан кийин эле таанылгыстай өзгөргөн.

"Кызганычтан, майда-чүйдө нерселерден улам чыр-чатак чыга баштады. Башында уруш-талаштарды кызыбыз көрчү эмес. Мени үйгө камап, ачкычымды, телефонумду алып койчу. Дайыма суракка алып, бир суроону жүз жолу кайталап эзе берчү. Такыр тынчтана албай койду. Эгер мен улам суроосуна жооп бербей койсом, түртүп, жулкулдатып, тепкилечү. Денемен көгала кетпей койду. Аны кууп, үйдөн чыгып кетишин талап кылып да жүрдүм".

Быйыл августтун этегинде Маргарита кызын алып күйөөсүнөн качып кеткен. Бирок Евгений аларды бат эле таап алып, ого бетер коркута баштаган. Маргарита милицияга кабарлап, күзөт ордерин да алган. Анын коопсуздугун камсыздоону убадалашкан.

Ольга Жукова.
Ольга Жукова.

"Күзөт ордери - бул жөн гана кагаз. Же мөөрү, же башка эч нерсеси жок. Кагазга эле "баланча киши түкүнчөгө жакын жолобошу керек" деп эле жазып коюшкан. Экөөнө бирден ордер беришкен. Анан эмне болот? Бул деген зомбулук да, эгер аял чалып жетишпей калсачы? Өзүн кантип коргойт? Чалган күндө деле милиция дароо реакция кылган учурлар сейрек", - дейт Ольга Жукова.

Маргарита өзү жана кызы үчүн коркконунан жеке күзөтчү жалдаганга да мажбур болгон. Телефонуна кызынын кайда жүргөнүн билдирип турган тиркемелерди көчүргөн.

"Кол салып, мени, үй-бүлөмдү коркуткан. Биз баарын — аңдыган буюмдарын, жашыруун камераларын, аудио билдирүүлөрүн көрсөтүп, тапшырып бергенбиз", - дейт Маргарита.

Даша жоголгон күн

Күйөөсүнүн сырын билген аял кызын коргоого канчалык аракет кылбасын, 30-октябрда Даша мектепке келген эмес. Бирок 7:38де апасынын телефонуна Даша “мен сабактамын” деп СМС жазган. Бирок локация кыз башка жерде экенин көрсөткөн.

Көрсө Даша мектепке бара жатканда өгөй атасы аны Бишкектин Тыныстанов - Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде күч менен машинесине салып кеткен экен.

"Кызды кууп жетип, жерге жыгып, кайра күрмөсүнүн капюшонунан көтөрүп унаага отургузат. Тергөөчүлөрдө видео бар. Бир бейтааныш адам өтүп баратып, токтоп, автоунаанын алдына колун коюп, “эмне болуп атат?” деп сурайт, бирок ал газды басып, берки кишини сүзүп кете жаздап, айдап кетет", - деди Жукова.

Аял дароо Евгенийге чала баштайт. Ал болсо талаптарын айтып, Сүйөркулов көчөсүнө келишин талап кылып, автоунаасы Абай көчөсүндө турганын айткан. Маргарита бир күн кечке милиция менен кызын издеп жүргөн.

Маргарита Попова.
Маргарита Попова.

"Кызымды алып келип, мени алып кет деп сурандым. Кызымды алып келип калат деген үмүт менен жарым күн турдум. Көп жерди кыдырдык. Ала-Арча, Кой-Таш тараптарды карадык. Кечинде гана милиция көбөйүп кетти. Мага угузуп, көңүл айтышты".

Дашанын дайыны билинбей жаткан чакта Маргарита дароо милицияга чалып, "кызы уурдалганын" билдирген. Атайын топ келип, Евгенийди издеп Ала-Арчага барышкан. Бирок ал изин жашырып, аялга улам бир жерди айта берген.

Дашаны куткарып калуу мүмкүн болгон жок. Анын сөөгү Бишкектин четинде, Таштар-Атадан табылды. Сөөк кайсы жерде экенин Евгений колго түшкөндөн кийин өзү айтты. Аны Балыкчыдан кармашкан.

"Мурда да киши өлтүргөн экен"

Аталган факт боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 165- ("Адам уурдоо") жана 122-беренелери ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш ишин козгоду. Шектүү Бишкектеги СИЗО-1 тергөө абагына кармалды.

"Тергөө азыр мүмкүн болгон бардык экспертизалардын жыйынтыгын күтүп жатат. Бирок биз анын чебер манипулятор экенин билгендиктен, соттук экспертизада өзүн “кем акыл” кылып көрсөтүп, жоопкерчиликтен качып кетеби деп чочулап турабыз. Ал бул кылмышка алдын ала даярданган. Автоунаасында скальпель бар болчу. Унаасы да кимге катталганы белгисиз. Ал кызды белгилүү бир жерде күтүп турган. Ал буга чейин да киши өлтүрүүгө шектелип, кармалган".

Маргарита жолдошунун буга чейин да Орусияда соттолгону тууралуу билбегенин айтууда. Ал жактан да адам өлтүрүп, абакта отуруп чыккан адам менен жашап жүргөнүн кызы кайтыш болгондон кийин милициядан уккан.

"Кызымдын бул дүйнөдө жок экенине азыр да ишене албайм. Күнөөсүз кызды эмнеге өлтүргөнү мага түшүнүксүз. Ал менин жашоомдун маңызы эле. Бир ирет ал мага “бул сен мени карабай койгонуң үчүн өч алуу” деген", - дейт Маргарита.

Адвокат Ольга Жукова милиция жабырлануучу аял өзүн коргоону өтүнүп кайрылганда эле Евгенийдин мурда соттолгонун аныктап, анын жүрүм-турумуна байкоо салышканда бул кылмыштын алдын алууга болот беле деген ойдо.

Кызынан айрылган Маргарита күйүткө батып турган кези. Мындай оор абалда ага Дашанын классташтарынын, жакындарынын жакшы сөздөрү бир аз болсо да дем берүүдө.

  • Даша менен көңүлүбүз куунак эле, бардык көйгөйлөрдү унутуп калчубуз.
  • Даша барда жандүйнөм тынч болчу, дайыма анын камкордугун, оптимизмин сезчүбүз.
  • Биз достошкон 11 жылда ал мага бир туугандай болуп калган…

Маркум Даша Попова.
Маркум Даша Попова.


"Мен анын өмүр бою эркинен ажыратылышы үчүн аягына чейин күрөшөм. Башка балдарга да зыяны тийип калбашы керек…", - дейт Маргарита.

Кыргызстанда бир жылда 13 миңден ашуун аял жана 2 миңдей бала зомбулукка учурайт. Мурдагы жылга салыштырмалуу кылмыштар үч эсе өскөн. Бирок окуялардын 3% гана кылмыш иши козголгон. Көбүнө “ден соолукка оор зыян тийгизүү”, “сексуалдык мүнөздөгү аракеттер” сыяктуу беренелер менен айып тагылган.

"Мага өчөшүп, кызымды өлтүрдү". 17деги Дашанын өмүрүн кыйган зомбулук
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:08 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG