Сот Temirov LIVE каналынын төрт журналистин камакта калтырды. Орус армиясы "Кинжал" ракеталары менен Львов шаарына сокку уруп, кеминде жети кишинин өмүрү кыйылды. Чүй облустук сотунун судьясы Тилек Абдырашитов 2 млн сом айып төлөөгө милдеттендирилип, сот залынан бошотулду.
Жаңы кылымдын таланттуу, дүйнөгө белгилүү скрипачтардын бири Даниэл Лозакович Бишкекте 29-августта экинчи ирет концерт берди. Буга чейин Кыргызстанга 2022-жылы да концерти өткөн. Аны бул ирет белгилүү музыкант, искусство таануучу Михаил Казиник коштоп келди.
Бишкекте эгемендик күнүнө жана Арстанбек, Токтогул, Барпы, Алымкул акындардын маарекелерине арналган эл аралык айтыш жыйынтыкталды.
Өрүкзарлуу Лейлек жергесине арнаган ширин ырлары менен 60-70-жылдары аты чыккан Курбанаалы Сабыров - өзгөчө таланты даңазаланып, табышмактуу өлүмү өкүт калтырган акындардын бири.
31-августта Италиянын Милан шаарында Европадагы кыргыз диаспораларынын форуму өттү. Аны Польшадагы “Данакер” уюму менен Миландагы ANKI ассоциациясы уюштурду. Cоңунда Европадагы кыргызстандык аялдардын бирикмесин түзүү декларацияcы кабыл алынды.
Атактуу швециялык скрипач Даниэл Лозакович Бишкектеги музыка сүйүүчүлөргө концертин тартуулады. Ал кыргыз сахнасында тарыхы 300 жылдык Страдивари скрипкасы менен дүйнөлүк атактуу композиторлордун чыгармаларын ойноду.
Кыргызстанда Эгемендиктин 33 жылдыгы белгиленип жатат. «Азаттык» Эгемен Кыргызстандын каармандары - дарыгер Сыргак Турдалиев, акын Саид Султан жана активист Мубина Орумбаева менен баарлашып келди.
БШК парламенттеги “Ыйман Нуру” фракциясынын депутаты Нуржигит Кадырбековду мандатынан ажыратты. Украинанын Сумы шаары орус армиясынын соккусуна кабылды. Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча ишти 13-сентябрга калды. Кыргызстанда 100 объект ишке берилди.
Бишкек шаардык соту Аскат Жетигендин апелляциялык арызын карады. Ленин райсотунда 11 журналисттин иши уланды. Израил Газадан тышкары Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги масштабдуу операциясын улантып, ондогон адамдын өмүрү кыйылганы кабарланды. Парижде Жайкы Паралимпиада оюндары расмий ачылды.
Илгиз Айтматов өз тармагында таанымал ири окумуштуу, кадыры бийик инсан эле. Көпчүлүк эл аны даңазасы дүйнөгө белгилүү үлкөн сүрөткер Чыңгыз Айтматовдун карачечекей иниси деп билчү.
Дагы жүктөңүз