- Саламатсыздарбы! Даниэл, сиз дүйнө кыдырып, эл аралык аудитория менен иштейсиз. Дүйнө лидерлеринин алдында да өнөр тартуулап келесиз. Ошол эле маалда Кыргызстанга да келип турасыз. Кыргызстандык күйөрмандар жана музыканттар менен жолуккандагы таасирлерден бөлүшсөңүз?
- Мындан эки жыл мурун Кыргызстанда алгачкы ирет концертим өткөн. Ошондо биринчи жолу бул жер менин мекеним экенин туйдум. Ага чейин тамырым кайда экенин билчү эмесмин. Жергиликтүү элдин көзүнөн алардын жан дүйнөсүн көрө алдым. Кыргызстандык музыканттар менен да бир сахнада музыка ойногонум бакыт тартуулады. Алар мени жан дили менен коштоп турушту. Алар да музыканы соңку ирет аткарып жаткандай сезим менен ойногону туюлду.
Айтор, башка эч жерден сезбеген бакытты сездим. Менин биринчи концертимде эле элдин берилип укканын көргөндөн кийин кайра дагы келүүнү каалагам. Анткени бул жерден маданияттын өнүгүп жаткан дараметин көрүп турам. Бир гана мен эмес дүйнөдөгү бардык белгилүү музыканттар да бул жерге келсе бактылуу болсо керек. Эми мындан ары да Кыргызстанда классикалык музыканы, өлбөс музыканы өнүктүрүүнү ойлонуу керек.
- Ыраазычылык билдирем. Сиз сахнага чыгууга даярданып жатканда анда ойной турчу музыканын авторунун жашоосун жашап анан ойной турганыңызды окуганым бар. Анан ар бир угуучуну өзүңүзгө тартып алганыңызда кандай сыр бар? Деги эле сахнадагы даярдыгыңыз жөнүндө айтып берсеңиз?
- Көпчүлүк музыканттар сахнага чыгууну аспап менен музыка ойноп коюу деп эле түшүнөт. Бирок музыкант ойногон чыгарма - бул анын авторунун жашаган өмүрү. Ошондой эле анда анын тамыры кайда экенин, ал кандай сулуулуктарды көргөнү билинип турушу шарт. Мен муну музыкант катары терең түшүнүүгө аракеттенип келем. Терең изденүү бир гана музыкада эле эмес, поэзияда, деги эле искусстводо ушундай болушу керек. Михаил Семёнович баарыбызга дайыма бул маанилүү экенин айтып келет.
- Башкача айтканда атактуу Мендельсон, Чайковскийди угармандар сиз аркылуу жаңыча уга алышты десек болобу?
- Мен алардын жашоосун, жашаган доорун терең түшүнгөндө гана алардын музыкасынын маңызын угуучуга жеткире алам. Бул үчүн мага жаратылыш да жардам берет. Мен Кыргызстанга келгенде дүйнөдөгү табияты эң кооз өлкөлөрдүн бири экенин билдим. Ушунчалык нукуралыкты, тазалыкты, көп түрдүүлүктү байкадым.
Кыргызстандын ар бир чакан шаары да ар башка планетадай туюлат. Мындай көп түрдүүлүк музыкалык шыктын да ойгонушуна роль ойнойт. Эми дагы көп келем деп турам. Анан дүйнөдөгү башка музыканттардын да көп келүүсүн каалайм. Анткени бул жер дүйнөдөгү эң маанилүү маданий жайлардын бири болушу мүмкүн. Муну элдин маданиятынан, өлкөнүн кооз жаратылышынан, анан тарыхынан да билсең болот.
- Өзүңүздүн репертуарыңызга кыргыз музыкаларынан да кошосузбу?
- Бир күнү сөзсүз кошом.
Михаил Казиник: Музыкадан жогору эч нерсе жок
- Михаил Семёнович, Бишкектеги сапар алкагында Улуттук консерваторияда жолугушууда болгон экенсиз. Ошодон кеп салсаңыз?
- Ал жерде консерваториянын жамааты, студенттер болушту. Менин чыгармачылыгым менен тааныш жоон топ күйөрмандар болду. Кичинекей балдардан улгайган адамдарга чейин келишти. Бирок ал жерде менин элге берер сабагым искусство жаатында болду. А искусстводо музыкадан бийик эч нерсе жок. Музыкада түбөлүктүү, эскирбес кайрыктар бааланат. Мындай жолугушууларда бүгүнкү кийген кийимиң же чач жасалгаң эмес, күндүн чыгышы менен батышы, өмүр-өлүм, өлбөстүк тууралуу сүйлөшүү эң маанилүү. Бул жолугушуу эсте калган жолугушуулардын бири болду. Мен чон залда музыкалык билим алып жаткан ар бир студентке он мүнөттөн убакыт бөлүп, бир аз мастер-класс көрсөттүм. Алар да менин эмне каалап жатканымды туюп, аспапта улам жакшыраак ойноп жатышты. Анткени мен бул тармакта окугандар билимди туура алганда гана көйгөйлөр жаралбасына ишенем. Туура билим бергенде гана музыкалык мектепте окуп жаткандардын 90 пайызы кетип калган учурлар болбойт.
- Сиз YouTube каналыңыз аркылуу искусство тууралуу кеңири кеп кылуудасыз. Бүгүнкү күндө адамдарды искусствого кызыктыруу кыйын болуп калдыбы?
- Ооба. Эмне үчүн? Качандыр бир кезде биз интернеттин укмуштуудай мүмкүнчүлүктөрү тууралуу укканда, адамзаттын жаңы тарыхы башталып жаткан тура деп таң калганбыз. Анткени карапайым дыйкандардын, койчулардын же мергенчилердин улуу музыкалар жаңырган кенен залдарга келип, музыка угушу мүмкүн эмес эле. Анан эл отурукташып, шаарга айланган кезде деле көпчүлүктүн классикалык музыка угууга шарты болгон эмес. Белет кымбат болгондуктан, аны сатып алуу үчүн алардын бир айлык эмгек акысы кетчү. Аны колунан келгендер гана сатып алчу. Азыр ушундай мезгил келди, интернеттин мүмкүнчүлүгү чексиз кеңейди. Эми дыйкандар деле, билимдүү-билимсизи деле атайын саркеч кийинип, билет албай эле интернет аркылуу Лондондогу "Альберт-холлго", Нью-Йорктогу "Карнеги-холлго" баш бага алат. Париждеги Лувр музейин, Флоренциянын керемет көчөлөрүн көрсө болот. Бирок кирип, көрүп атышабы баары? Жок, албетте.
Улуу пианист Святослав Рихтерди баалагандар ыйык деп билчү. Анын концертине кирүү үчүн итапкан акча төлөшчү. Ал өзү дагы тарыхтын тирүү күбөсү эле. Анын курбалдаштарынын көбү ГУЛАГда, абакта азап тарткан. Рихтер мекени кайда экенин аныктаган эмес, андай таланттар Жер шарынын атуулу болот эмеспи. Эми Ютубга кирип карасаңар, ошол Рихтердин музыка ойногонун 8 миң гана көрүүчү көргөн.
- Сиз бир канча жыл мурун Мамдумада "мага 15 мүнөт эле убакыт бергилечи, мен жаңы муунду өстүрөм" деген билдирүү жасагансыз. Бул сөзүңүз менен эмнени айткыңыз келди эле?
- Мен мурунку советтик өлкөлөрдүн эли агрессиялуу болуп баратканын айткым келген. Бул жадагалса элди жок кылууга кайыл агрессия. Бирок бул аракетин кимден баштаары да белгисиз. Бул деген узак жылдык кыйынчылыктын кесепети да. Башкача айтканда узак жылдар бою карапайым элдин каражалганы. Маселен, 40 жыл бою иштеген карыянын пенсиясы 100 доллардан ашпаган өлкөлөр бар. Силердин жерден казылып сатылган мунай, газыңардан түшкөн миллиарддаган акча кайда кетти деп бүтүндөй дүйнө сураса туура болот. Кана ошол миллиарддар? Эл муну көрбөйт же түшүнгүсү келбейт. Алар өздөрүн тоноп жаткандарды колдоп отура берет. Жыйынтыгында парадокстор жаралат. Мен он беш мүнөт убакытты 1-каналдан эмне үчүн сурадым эле? Мен элдин көзүн ачкан кызыктуу тарых, окуяларды айтып бергим келген.
- Дүйнөдө азыр кээ бир өлкөлөрдө чыр-чатактар жана согуштук аракеттер жүрүп жатат. Ушул маалда сиздин он беш мүнөттүк маданий берүүңүз элге оң таасир бере алат беле?
- Менимче, таасир бермек. Илгери мен кызмат өтөгөн аскер бөлүгүнүн жетекчиси, полковник абдан сезимтал киши эле. Ал менин музыкант экенимди билип, бир жумалык өргүү берген. "Үйүңө барып, скрипкаңды, слайддарыңды алып кел" деп. Келгенден кийин мен ошол жердеги жоокерлерге скрипка ойноп, анан искусство тууралуу лекция окуп жүрдүм. Жоокерлер жума сайын көркөм чеберлердин эмгектерин көрүп, музыка угушчу. Кийин мени үйгө жиберген полковник "Булар Казиниктин лекциясынан кийин Бетховендин симфониясын эле сөз кылып калышты, согушуу жөндөмүн унутуп калбаса болду" деп кубанып жүрдү. Эгер дүйнөдө армия, аскерлер искусствого кызыкса согуш болмок эмес.
Анткени чыныгы искусство өкүлдөрү эч качан бөлүнбөйт, ал тууралуу айтпайт дагы. Тилекке каршы, алардын көбү соңку кырдаалдан улам чет өлкөгө кетип калышты. Ал эми жеңил-желпи музыканын өкүлдөрү эч качан искусство өкүлдөрү боло албайт. Алар жеңил оокатты качырышат да.
Мен интернетти адамзат үчүн жаңы мүмкүнчүлүк деп эсептейм. Ал аркылуу искусствону элге сиңирүү керек деп ойлойм. Менин Ютубдагы лекцияларым акылдуу адамдар үчүн. Анткени алар башкалардай жашай албайт, балдарын да башкача тарбиялайт. Аларга искусство дайыма кызык.
- Эми Даниэлдин чыгармачылыгы тууралуу да учкай сүйлөшсөк.
- Бир күнү Стокгольмдон мага Даниэлдин апасы чалды. Ал “менин баламды байкап көрүңүзчү, шахматты жана футболду өтө мыкты ойнойт. Мүмкүн андан жакшы шахматчы же футболчу чыгат” деди. Мен ага бул тармактын эмес, искусствонун адиси экенимди айттым. Анан ал “анда уулумдун скрипкада ойногонун да угуп көрүңүзчү” деди. Анан эле көп өтпөй кичинекей скрипка кармаган, сүйкүмдүү Даниэл келип, жанымда музыка ойной баштады. Мен бир аз уккан соң эле дароо токтоттум. Анан баланы кучактап, Аленага “сиз гений уулду төрөпсүз” дедим. Бүгүн дүйнө да анын гений экенин тааныды. Ал дүйнөдөгү чоң сахналарды багындырып жатат.
"Азаттыктын" маегин орус тилинде толук видеодон уксаңыз болот.