Археологдун жаңы табылгасы тууралуу блог.
Өзгөндүн Куршаб айылында 1920-1930-жылдардагы репрессия курмандыктары жапырт көмүлгөн жайга эстелик орнотулуп, "Кекилик-Учар бейити" деп аталган мемориалдык жай ачылды. Кекилик-Учарда катылган сырды жергиликтүү элдеги маалыматтарга таянып, журналисттер, тарыхчылар ачыкка чыгарган.
Кесипкөй адабиятты түптөөгө зор салымы бар Мукай Элебаев Экинчи дүйнөлүк согушта мындан туура 80 жыл мурда курман болгон. Жазуучунун көркөм сабактарына кайрылуунун оңтою келип туру.
68 жашында өмүрдөн өткөн белгилүү жазуучу, публицист жана журналист Дүйшөн Керимовдун сөөгү Чүйдүн Таш-Дөбө айылына коюлду. Керимов жазуучу катары “Наал эже” тарыхый повестинин, улуттук оюндар тууралуу “Айкөл Манас оюндары”, ондогон аңгеме, эсселер камтылган “Эрөөл талаа” китептеринин автору эле.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында эгемендик жылдардан кийин өзүнүн тарыхына, тилине, маданиятына жаңыча мамиле кылып, өтмүшүн кайра карап чыгууга далалат кылып жаткан Борбор Азия өлкөлөрү тууралуу талкуулайбыз.
Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө. Бул датаны утурлай тарыхчылар архивдик материалдардын негизинде сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон кишилердин өмүр таржымалын чагылдырган жаңы маалыматтар камтылган китеп чыгарып, бет ачарын өткөрдү.
Орусиянын Курск аймагында украин аскерлери алгачкы жолу түндүк кореялыктар менен кагылышты. Кыргызстанда басма сөз күнү белгиленүүдө. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу ноябрдын аягында башталары маалымдалды.
Кыргызстанда ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө. Бул күндү утурлай эле 1920-1930-жылдары сталиндик репрессияда “эл душмандарынын жакыны” катары куугунтукталып, лагерлерге камалган аялдардын тагдырлары тууралуу эки китеп жарык көрдү.
Алыкул Осмоновдун оор тагдырынын, өмүрүн кыскарткан айыккыс илдетинин, ал жашаган замандын таржымалы улам жаңы кырынан ачылып, акынды терең таанууга жол ачып келет.
Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде белгилүү кинорежиссер жана актриса Клара Юсупжанованын чыгармачыл мурасына арналган сүрөт көргөзмө өтүүдө. Анда таланттуу кыргыз кызы тартылган жана өзү тарткан тасмалардан бир нече сүрөттөр коюлду. Бул саамалык 5-декабрга чейин уланат.
Киото университетинин аспиранты Нацуми Ишида эки жылдан бери Өзбекстандын чакан Кызылнаврул кыштагында жашайт. Ал өзбек дыйкандарынын жашоосуна жана каада-салтына кызыгат. Жапон кызы өзбекче сүйлөгөндү жана килем токуганды үйрөнүп, улуттук тамак-аштын түрүн жасоого жардам берет.
Дагы жүктөңүз