Башка көптөгөн авторлордон ал адабияттын коомдук милдетин, көркөм сөздүн барк-баасын терең түшүнгөнү, улут адабиятын артка тарткан кемчилик-мүчүлүштүктөрүн жаап-жашырбай ачык айтканы менен айырманалат.
Унутулган казына
Кыргыз профессионал адабияты идеологиялык зарылдыктан жаралганы, ошондуктан анда кыйла жылдар үгүт, чакырык, жасалма пафос басымдуулук кылганы, көркөмдүккө караганда идеялык мүдөөсү үстөмдүк кылып келгени буга чейин көп айтылды.
Бирок ал кездеги көпчүлүк "пролетар акындардан" өзгөчөлөнүп, көркөм чыгармачылык ириде ички жан дүйнөнүн ар кыл сезим-туйгуларын ачыкка чыгарган ийкемдүү форма болорун, ал кайсы бир таптын же бийликтин утурумдук үгүт-насаатынан өйдө турган татаал өнөр экенин түшүнгөн, аны ушул ыңгайда кароо керектигин ырастагандар да болгон.
Ошондой "жалпы хордон" бөлүнүп калган залкар талант Мукай Элебаевдин көркөм сөз тууралуу ойлору, калемдештеринин макталган чыгармаларын катаал сынга алган эмгектери, чыгармачылык позициясы, өз алдынча окуп, үйрөнүү аракети кыйла жылдар баам сыртында калып келген.
Ушул жерде белгилей кетчү дагы бир жагдай, Элебаевдин ырлары деле социалисттик реализм усулунун чен-өлчөмү аркылуу бааланып, ошого жараша сыпатталчу.
Совет бийлигинин маданий иш-аракеттери кыргыз жеринде жанданып, жаңы муундун билим алуусуна кеңири мүмкүнчүлүк түзүлүп калган тарыхый жагдайда адабий ишке аралашып, коммунисттик идеологиянын багытын колдогон иштемчил сүрөткердин 38 жылдык өмүрүнүн кыйласы жеке турмушун жолго салуу, билим алууга сарпталган. Муну ал күндөлүктөрүндө баса белгилеген. Жазуучунун мына ушул баа жеткис адабий казынасы өткөн кылым соңунда, 1990-жылы акын, адабиятчы Омор Соороновдун аракети менен таберик китеп болуп чыккан (Мукай Элебаев. Жарыяланбаган чыгармалар: Документтер, күндөлүктөр, аңгемелер, романдан үзүндүлөр, каттар, драма, адабий сындар, сүйлөнгөн сөздөр. - Фрунзе: "Адабият", 1990-ж. 320 б.).
Китепке улуу жазуучунун буга чейин жарыяланбаган баалуу адабий мурасы топтоштурулган. Айтылуу классиктин калеминен чыккан туундулардын эмнеликтен жарым кылым өткөн соң гана жарык көргөн себеп-жөнүн Омор Сооронов жашырбай ачык жазган. Илимдер академиясынын Кол жазмалар фондунда сакталып турган кол жазмаларына залкар сүрөткердин чыгармачылыгын иликтегендердин бири да баш бакпаптыр. Аны Омор Сооронов кыргыз адабиятчыларынын канына сиңип калган "кош көңүлдүктүн" залакасы катары түшүндүргөн. Акыйкатта да, аңдоосузданбы же атайылаппы, кайсы бир авторду "унутуп" калуучулук жалгыз эле Мукай Элебаевдин адабий мурасына байланыштуу эмес. Совет заманында жашап, чыгармалары жазылбай, аты аталбай келген бир топ залкарлардын ысымы эгемендик заманда ачыкка чыкпадыбы.
Омор Сооронов ушу кезге чейин улуу жазуучунун туулган жылы ар кыл жазылып, изилдөөчүлөрдүн бир да бирөө мына ушул маанилүү маселени чыгынып тактап койбогонун, ошондон айрымдар анын жарык дүйнөгө келген учурун 1902-жылга буруп, башка бирөөлөрү 1905-жылды көрсөтүп келишкенин, чын-чынында Мукай Элебаев 1906-жылы Түптүн Чоң-Таш айылында төрөлгөнүн ырастап: "Бул жөнөкөй бир сан катары көрүнгөнү менен, адабият таануу илиминдеги үстүрттүккө жол берген кечиримсиз иштердин бири болуп саналат", - деп жазган.
Мукай Элебаевдин өмүрү, чыгармачылыгына "Азаттык" да кайрылган, аны кызыккан адам радионун сайтынан таап окуса болот ("Айтылуу классиктин арманы жана тилеги" (23-февраль, 2021-жыл), "Кыйын кезең": кайран элди эзген жылдар" (4-февраль, 2021-жыл), "Каар замандын "Бороондуу күнү" (6-январь, 2018-жыл), "Үркүн: "Узак жолдогу" тарыхый чындык" (10-июнь, 2016-жыл).
Өмүрүнүн кыйласын кара курсакты тойгузуу, билим алуу абыгерчилигинде өткөрүп, таанымал жазуучу болгондон кийин жетишпеген турмуштун азабын тартып, чыгармачылык менен алпурушканга шарты жок болгонуна карабай, ал убакты-саатынын кыйласын окуу, билим алууга жумшаганын жогоруда эскертилген макалаларда белгиленген. Мукай Элебаев орус жана дүйнөлүк бир топ жазуучулардын чыгармаларын окуп, айрымдарын которуп, адабий билимин тереңдеткен. Айрым каламдаштарынын ой, сөз азабын тартпай, бир отуруш менен көлөмдүү чыгармасын чүргөй салганын көргөн соң алынын келишинче, мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче чыгармачылыкка ат үстүнөн мамиле кылгандарга каршы турган, дос-жар экенине карабай ачуу сынын жарыя айткан. Муну ал каламдашына жасаган камкордугу деп эсептеген. А бирок андай мамилени баары эле түшүнүү менен кабыл алган эмес, бир тобу жактырбай, айрымдары душман болуп чыга келген. Анткен менен өзү билген, туура деп эсептеген акыйкатын жарыя кылып коюуну Мукай Элебаев жазуучулук парзым деп эсептеген.
1936-жылы блокнотуна: "Ушу мен таң калам: ушу күнгө чейин кыргыз жазуучуларынан купулума толгондой бир чыгарма көргөнүм жок. Баары сууда калкыган теректей жеңил, үстүрт, кургак үгүт, адамдын оюна конбогон алсыз сөз, барып турган шор, убара. Макул, биздин заманда маданият төмөн, алар бул доордон өтүп ак кетсин. Ал эми ошол жазуучулардын чыгармасы кийин түккө турбай, турмак гана түгүл ошолордун тилине, образына, мазмунуна көзүнөн жаш чыкканча күлүп, маскара болорун ойлойт бекен? Мазмунун мындай койгондо, жазуучулардын жалаң тил жагы карапайым адамдардан көп кийин калды. Таң каласың!" - деп жазган.
Ал алыскы тоо арасында төрөлгөн кыргыздын бир баласы, "ашкан гений" деле эместигин, бирок алган таасирлеринин байлыгы менен көргөндөрүнүн көптүгү жанына тынчтык бербей жазууга мажбурлап жатканын маалымдаган, дайыма ой багып жүрөрүн белгилеген. Ошол эле кезде катарында акын аталып жүргөн айрымдардын он миң сабынан орду менен коюлган бир сап таба албай койгонун, анан "ал жаман деп койсоң жакалаша" кетерин кабарлап, сапатсыз чыгармалар сапырылып чыгып жатканына нааразы экенин жашырбай жазган.
Ал кезде кыргыз акындарынын көбү бир отурушта узун сабак ыр же поэма чүргөй салып, аны кадала отуруп кызыл-ала кылып оңдоону эрөөн көргөн, илхам келип турганда бир шилтем менен чыгарма жаратуу керек деген жаңылыш ойдо жүрүшкөн. Алардын бир тобунун атын атап, чыгармаларын сынга алган, кемчилик-мүчүлүштөрүн жаап-жашырбай ачык айткан: "Бизде он миң жол ыр жазган акындар көп. Бирок кайгылуу жери – ошол он миңдеген жолдун бир жолу сөздөрү түзүк орду менен коюлбайт. Образ жок, жан жок, адамга жагар сөз жок". Чыгармачылыкка алдагыдай жеңил баа мамиленин айынан ал кездеги басма бетине жайнап чыгып аткан чыгармалардын арасынан дурусун табыш кыйын экенин белгилеген.
"Анык акын, жазуучу али кыргыздан чыккан жок. Ушул күнкү басма бетин бербей жайнап кеткендердин баары халтура десе да болот. Адамдын мээсине конор эчтеме жок. Баштан-аяк сабатсыз, эмгексиз, окуусуз акын болгонду тарыхтан көргөнүм ушул. Көбүнүн кесиби көрүнгөн жерде отура калып ыр жазуу, жараксыз, топон, кур сөздөрүн док уруп, күчтөп окутуп, атагын чыгаруу..."
Аны менен эле токтолуп калбай, курч тилдүү автор: "Көп акындардын ырлары ыр эмес, жаман жазылган сводка гана болуп чыгат", - деп ырастаган. Минтип жылаңач төөнү бучкакка чапкандай ачуу сындар жазуучунун күндөлүктөрүндө, чөнтөк дептеринде гана калбастан, жыйындарда, мезгилдүү басма сөздө жарыяланган макалаларында да айтылган.
Ачуу сын
Аты чыгып, элге акын-жазуучу катары таанылып калган дымактуу авторлорго калемпир тилдүү сүрөткердин ачык сыны жаккан эмес, бир тобу чычалап жооп жазышкан, башкалары нааразылыгын ичине катып, кек сактап калышкан. М.Элебаевдин каламдаш достору А.Токомбаевдин, Ж.Бөкөнбаевдин, Т.Сыдыкбековдун чыгармалары тууралуу пикирлеринин тууралыгын мезгил өзү ырастады. Айрым кошоматчылардын Токомбаевден үйрөнгүлө деп жаштарды тетири жолго салганын жактырбаган сүрөткер минтип жазган:
"Чынында бул түшүнбөстүк. Анткени жазуучунун мыктап үйрөнө турган бир негизги борчу – чеберлик. Ал, Аалы Токомбаевди алсак, бул көркөм сөздүн чебери эмес. Ал өзү да көп убакыттарда төмөнкүдөй чалкаңдан кете турган ырларды жазат:
Ошондой кедей ордонун,
Өзүң эле сакасы,
Сурасак сизди эзилген
Болбоду өлүм чаташы."
М.Элебаев жаш адабияттын классиги болуп алгандардын кемчилигин жашырбай ачык айтчу. Ал Ж.Бөкөнбаевде сөз тандоо, тилдин айкындыгын, тактыгын көздөө, сөздү үнөмдөп колдонуу, айта турган оюн образ аркылуу берүү, чебердик сыяктуу нерселер көп көрүнбөстүгүн белгилеген. Он жылдап чыгармачылык менен алпурушуп келаткан каламдашынын "көп убакыттарда жаңкыдай сапатсыз, турпатсыз нерселерди жаза бергенине жаны ачынгандан" ачуу сынын жарыя кылганын эскерткен. Т.Сыдыкбековдун айтылуу "Кең-Суу" романынын экинчи китеби тууралуу кеп кылганда, автор алдына койгон чыгармачылык тилегин ишке ашыра албай калганын ырастаган.
"Кең-Суу" - биздин шартта гана "роман". Ал жалпы көркөм адабият көзү менен караганда бул роман эмес – романга керектүү гана чийки материал. Ошондо да баарын албай, тандап, ылгап анализ берип отуруп, мыктаганда төрттөн бирин ала турган материал", - деп китептин анык баасын берген.
1937-жылы жазуучу: "Ушул кездеги бараткан жеңил агымдан кутулбасак, өз көзүбүз менен жете текшербей, капыстан уккан сөздөр менен чечсек, терең эмгекти коюп, мактап, атакты ушул калыбында жүргүзө берсек, биз адабият деңгээлин жакында көтөрө албайбыз. Ошентип адабиятка үстүрт карап, муну колжоолук кылар убакыттан кайтар кез бизге жетпедиби?" - деп жазган.
Адабиятта көңүл улоочулук көзү барда кожо көрсүнгө мактап, көзү жокто келиштире сындап жүргөндөр көп экенин, андай жанбактылар адабиятчылар арасында арбын кездешерин өкүнүч менен белгилеген. Алар улут адабияты үчүн күйбөстүгүн, керт башынын кызыкчылыгы үчүн уят-сыйытты жыйыштырып салышарын белгилеп, "бир нерсени кесип кылган болсоң" ага "өмүрүңдү адал" сарпташың керектигин эскертип, көпчүлүктү алдагандарды, "көңүл улап ишендирип жан баккандарды" "өлгөнчө жек көрөрүн" билдирген.
Буга улай ойчул сүрөткер дагы бир сырдын келебин чубаган: "Белгилүү болду, ушул баштан ак айтып коёюн, ушинтип жүрүп отурса, ушул кездеги атагы дүңкүлдөп жүргөн кыргыз жазуучулары мындан 20 жылдан кийин да чын маанисиндеги көркөм адабиятты жасай албайт. Булардын башкы кемчилдиктери: турмушту жете билбейт, окубайт, кара наадан, бир нерсеге аянбай эмгек жумшап, терең ойлонбойт. Бул болбогон соң, жалаң даарыган талант менен салмактуу бирдеме чыгат деп ойлош да күлкү..."
Жанындагы каламдаштарынын чыгармачылыкка мамилесине ичи чыкпаган сүрөткер "көркөм өнөрдүн касиетин бир түшүнсөңөрчү" деп ийген. Адабияттын "алип-бээсин" биле элек чала сабаттар "бир-эки жаман жыйнагы чыккандан кийин окушту, турмушту үйрөнүштү, иштөөнү такыр токтотуп, ченине жан теңебей каларына" капа болгон, мындайлар менен улут адабиятын тикелөө мүмкүн эместигин эскерткен. М.Элебаевдин чыгармачылыкка мамилеси кандайлыгын өмүрлүк жарынан өткөрүп айтыш кыйындыр:
"Бурулча мени уруша берет: - Жазуучу сендей болсо – күнү курусун. Бир нерсени бүтмөйүң тозок – токсон оңдоп, токсон көчүрөсүң. Иштеп жатканыңда кыңырт-күңүрт табыш чыкса - мындан азап... Бир бет нерсеге кадалып эки-үч күн отурасың..."
Опсуз чоң саясый-маданий милдет аркалаган пролетариат жазуучуларынын катарында жарды тилдүүлөрдүн арбып баратканына капа болгон сүрөткер: "Тил жагына келгенде Касымдан өзгө купулга толорлук кыргыз жазуучусун али көргөнүм жок", - деп белгилеген. Касым Тыныстанов, акыйкатта да, билим жагынан өксүк калган алгачкы муун кыргыз жазуучуларынын катарында таланты, тажрыйбасы жагынан алдыңкысы болчу. Сталиндик репрессиянын капшабы менен жок кылынбаса, ал көркөм адабият, илим жаатында бир топ ийгиликтерге жетишмек. Андай универсал таланттар табиятынан сейрек болорун кыргыз совет адабиятынын кыска тарыхы деле ырастап бербедиби.
Улут интеллигенциясынын мыкты өкүлдөрү камакка алынып, бир даары атылып, калгандары алыска абакка, сүргүнгө айдалып кеткен чакта Мукай Элебаев кризиске тушуккан. 1937-жылы 9-мартта "бул кейпи менен ал адабиятта үстөм боло берсе, мага күн жок" деп жазган. Буга улай: "...айланамдагы (среда) адамды жинди кылып жиберүүгө чейин келген сансыз жоруктар менен акыркы дарманга чейин күрөшүү, экинчиси – бул майдандан кетүү, мындайча айтканда..." - деп көп чекиттүү табышмагын калтырган. Буга чейин "өлүмгө эки жолу бел байлап" артка кайтканын, артында калчу ишин улантуу ниети гана аны амалсыз кадамдан сактап калганын ырастаган.
Улут адабиятынын көзгө басар мыктысын "эл душманы" деп камашып, куугунтуктан сырт калгандар көркөм сөздү жеңил баа кылганына нааразы болгон М.Элебаев көпчүлүк кыргыз жазуучулары бир мазмунду гана тегеректеп, "кедей жыргасын да, бай куурасын" деп жазган ары көтөрүлө албаганын, жүз ыр жазса деле мазмуну бир нерсеге байланарын, төрт саптын аягы уйкашса ошону ыр деп эсептеп, жаңылыш түшүнүктөн арыла албай келатышканын жашырбай ачык жазган.
"Жеке жаш жазуучулар гана эмес, "эски" ыстажы бар жазуучулардын көбүн алсак алсак да:
"Батырактар
Дилигатка шайланган,
Жыргап-куунап
Казан-аяк майлаган,
Эшигине
Кара торпок байлаган", - деген өңдүү кылып гана коё коюшат. Эгер көркөм адабият мындай болсо, анын эч кыйындыгы болбос да эле, мындай "чыгармаларды" жазып убара болуп отурбай, туура машинисткага гана барып айтып берер элек. Ошондо да кандай ылдам баскан машинистканы шаштырар элек", - деп жазган.
Айтса, жазуучунун кыйла убактысын алган "Тартыш" (1940) пьесасы учурунда театрга коюлбай, кыйла үмүт менен жасаган эмгеги жарык көрбөй калган. Ал кезде саналуу театрларда көбүнесе элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрү сахнага коюлчу, баатырдык пафоско чулганган драмалык чыгармалардын иши жүрүшүп турган. Мукай Элебаевдин учур темасын, болгондо да билим берүү тармагындагы жемкорлукту айыптаган пьесасынын четке кагылышы авторун таң калтырган.
"Бир жылдан бери зарылып жүрүп кылган мээнетим текке кетти да койду. Бүгүн комитетке соңку жолу окудум. Кабыл албады. Эң курбаса начальник көңүлүмдү да улап койгон жок. Бозордум да чыгып кеттим. Мен бул пьесаны эч качан мактабаймын. Бирок андан беш эсе жаман пьесалар кабыл алынып, ойнолуп жатканына кайгырасың.
Менин быйыл сыйынган бар дүнүйө-мүлкүм ушул пьеса болучу. Баарынан журдай болуп кол жуудум да, карап кала бердим. Колдо бир тыйын жок. Үй акысы төлөнбөй дагы турат..."
Жалган ураан, жасалма пафоско көнүп алгандарга Мукай Элебаевдин азыркы учур темасына арналган чыгармасынын мактоого алынып, кабыл алынып кетиши мүмкүн эмес эле. Көркөм сөздүн барк-баасын катарындагы каламдаштарынан эртерээк аңдап-түшүнүп, мезгилден озуп кеткен таасын таланттын кыска чыгармачылык өмүрүндө жасаган иш-аракетинин тууралыгын аёо билбес мезгил менен тарых ырастады.
Шерине