"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Мамкаттоо кызматынын мурдагы башчысы Тайырбек Сарпашевдин аты аталган кылмыш иши кайра жанданды.
Тажикстандын мурдагы Жерге-Тал, азыркы Лахш районунда жол кырсыгында каза болгон жети кыргыз өздөрү туулган Кошой айылында жерге берилди. Маркумдардын баары эки үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Окуя 30-сентябрда түнкүсүн ушул кыштактын жакасындагы кыя жолдо болгон. Бул жөнүндө кененирээк маалымат алыш үчүн тажикстандык кыргыз, учурда Кыргызстанда жашаган журналист Абдил-Ахат Курбановду кепке тарттык.
“Вега" радиокуруу компаниясы АКШ "кара тизмеге" киргизген "Ростех" корпорациясынын тутумуна кирет.
Орусиянын ири объектилерди талкалоо үчүн чыгарылган ракетасынын Кыргызстандагы машыгууда колдонулушу түрдүү пикирлерди жаратты.
Жаңы төрайым Гүлбара Калиева журналист Кабай Карабеков менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун талашын караган.
Жогорку Соттун төрайымы болуп судья Гүлбара Калиева шайланды. Аны менен кошо үч орун басар да алмашты. Соттор өздөрү жаңы жетекчилик кесипкөйлүгүнө карап тандалганын айтышууда. Ошол эле кезде өлкөнүн башкы соттук кызматына келген Калиеванын калыстыгынан шек санагандар да чыкты. Сын-пикирлерге мурдаг
Өзү ишкер жана атасы борбор калааны көмүр менен камсыздаган депутаттын төрага болушу коомчулукта түрдүү пикир жаратты.
20-сентябрда Бишкек шаардык кеңеши төрага шайлады. Добуш берүүгө катышкан 41 депутаттын 40ы шайлоого көрсөтүлгөн жалгыз талапкер - КСДП фракциясынын 29 жаштагы өкүлү Жаныбек Абировго макул болушту. Абировду жаңы түзүлгөн коалиция сунуштады. Башаруучу коалицияга КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кырг
Бишкек шаардык кеңеши бүгүн төрага шайлады.
БУУнун тармактык комитети кыргыз бийлигин кыз ала качуунун алдын албай жатканы үчүн айыптады.
Сауд өнүктүрүү фонду 16 мектеп куруу үчүн Кыргызстанга бөлгөн насыяга 27 мектеп салынмай болду.
Бишкекте Кытай, Орусия баштаган сегиз мамлекеттин муфтийлери, дин комиссиялары жана эксперттери чогулуп, исламий экстремизмге каршы күрөштү талкуулашты. Алар ар бири бул жааттагы тажрыйбалары менен бөлүшүп, радикализмдин алдын алуу ыкмарын сунуш кылышты. Бирок ошол эле кезде бул өлкөлөрдүн мусулман коомчулуктарынын кээ бир көз караштары дал келбей турганын айтып, чогуу күрөштөн майнап чыгарынан шектенгендер да болду.
Үч жыл мурда кожоюндары алмашкан "Вечерний Бишкек" гезитинин айланасында жаңы кылмыш иши ачылды.
Жерүйдү иштетүү укугун алган "Альянс Алтын" компаниясы завод курууну кечеңдетип жатканы үчүн 600 миң доллар айып төлөдү.
Бишкекте бала сатуу фактысы боюнча төрөт үйлөрүнүн биринин кызматкерлерине кылмыш иши козголду.
Ушул тапта интернет айдыңында кабарчылардын суроосуна жооп берип жатып, гимндин текстин билбей калган депутаттардын жоругу катуу талкууга түштү. Көпчүлүк муну мамлекетти сыйлабастык катары баалап, өлкөнүн башкы символдук ырын билбеген эл өкүлдөрүн мандатынан ажыратууну да талап кылышты.
Кыргызстанда Уланбек Эгизбаев атындагы “Журналисттик иликтөөлөр фонду” түзүлдү.
Орусия жыл башынан бери Кыргызстандан барган 300 тоннадай жашылча менен мөмө-жемишти артка кайтарды. Буга чейин Казакстан да 47 жолу азык-түлүктү Бишкекке кайра жөнөткөн. Буга товарлардын фитосанитардык сертификаттары жараксыз жана талапка жооп бербегени себеп болгон. Тийиштүү органдар Евразия Экономикалык Биримдигинин талаптары тууралуу ишкерлер эскертилип жатканын билдиришүүдө.
Аба кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкуудан өтүп жатат.
Бишкекте ЖАМКтын күзөт департаментинин жоокери сот имаратында өзүн атып алды.
Дагы жүктөңүз