Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:32

Сегиз мамлекет экстремизге каршы чогуу күрөшөт


Сириядагы согушка катышып жүргөн борборазиялыктар.
Сириядагы согушка катышып жүргөн борборазиялыктар.

Бишкекте Кытай, Орусия баштаган сегиз мамлекеттин муфтийлери, дин комиссиялары жана эксперттери чогулуп, исламий экстремизмге каршы күрөштү талкуулашты. Алар ар бири бул жааттагы тажрыйбалары менен бөлүшүп, радикализмдин алдын алуу ыкмарын сунуш кылышты. Бирок ошол эле кезде бул өлкөлөрдүн мусулман коомчулуктарынын кээ бир көз караштары дал келбей турганын айтып, чогуу күрөштөн майнап чыгарынан шектенгендер да болду.

“Руханий Жибек жолу” исламий конференциясынын Бишкек шаарындагы үчүнчү отуруму “Улуу гуманисттик салттар жана учур чакырыктары” деген теманын астында өттү.

Жыйындын программасында бир нече маселе коюлганы менен, башкы тема диний экстремизм жана радикализм болду.

Чогулгандар бир ооздон бул көрүнүштөр соңку мезгилде кулач жайып баратканын, аны менен күрөштү күчөтүү керектигин эскертип жатышты.

Муфтийлер, тиешелүү жетекчилер
Муфтийлер, тиешелүү жетекчилер

Алгачкылардан болуп сөз алган Кытайдын дин иштери боюнча мамлекеттик башкармалыгынын директорунун орун басары Чэнь Цзунжун ал тургай террорчулукка да биргеликте согуш жарыялоо керектигине токтолду:

- Биз этникалык диндердин көп түрдүүлүгүн эске алуу менен, азыркы учурда ислам динин жамынган экстремизмдин жана террордук ишмердүүлүктүн жанданышы, жайылышы негизги коркунуч экенин аңдап билишибиз керек. Экстремизм жана террорчулук бул ислам эмес, алар ислам дининин негизги баалуулуктарына каршы келет. Мусулмандар жамааты жана жалпы коомчулук экстремизмге, зомбулукка жана террорчулукка каршы турушу зарыл. Экстремисттик күчтөрдүн исламды колдонуусунун алдын алуу кажет. Кытай өкмөтү да узак убакыттан бери биздин өлкөдөгү ислам коомчулугунун экстремизмге каршы ишмердүүлүгүн колдоого алып келет. Кытайдагы ислам коомчулугу экстремисттердин жүзүн ачууга салым кошуп жатат.

​Кытайдын ислам ассоциациясынын башчысы Хасан Фа Мин болсо Улуу Жибек жолунун тоомундагы өлкөлөрдө жашаган мусулмандарды ынтымакка чакырып, кызматташууну арттырууга жана бири-бирине көмөк көрсөтүүгө үндөдү. Кыргызстандын муфтийи Максат Токтомушев ушуга үндөш пикирин билдирди.

Казакстандын муфтийи Серикбай Ораз, Тажикстандын муфтийи Саидмуккарам Абдулкодирзода жана Өзбекстандын муфтийи Усманхон Алимов өз президенттери экстремисттик топтор менен күрөшүүдө кескин чараларды көрүп жатканын айтышып, өлкөлөрүндөгү тажрыйбалар менен бөлүштү. Ал эми Эстония менен Литванын муфтийлери Мухаметшин Ильдар жана Якубаускас Ромастар өз башкармалыктарынын иши менен тааныштырды.

Равиль Гайнутдин
Равиль Гайнутдин

Орусия федерациясынын муфтийлер кеңешинин төрагасы, мусулмандар башкармалыгынын муфтийи Равиль Гайнутдин да аталган маселеге кайрылды:

- Биз биргеликте жана чогуу жасалган аракеттерибиз менен гана сырттан келген экстремизм деген коркунучтуу дарттан кутула аларыбызга ишенем. Бирок ошол эле кезде кээ бир коомдук жана бийлик түзүмдөрүнүн ойлонулбаган аракети экстремисттик топтордун куралына айланып калууда жана негативдүү жыйынтыктарга алып келүүдө. Бир эле мисал мусулмандардын диний адабияттарын компетентсиз экспертизалоо. Исламды жана мусулман дүйнөсүн түшүнбөгөн адамдардын баасы менен соттор да өкүм чыгарып, аягы нааразылыктарга алып келүүдө.

Экспертиза демекчи, жыйындын бир секциясы куду ушул диний адабияттарды экспертизалык баалоо темасына арналды. Анда муфтияттын өкүлдөрү да, көз карандысыз эксперттер да союз учурунан бери андан тараган мамлекеттердин аймагында бул тармакта иш жакшы жүрбөй жатканын белгилешти. Тагыраагы көп диний китептер туура эмес бааланып, анын айынан ондогон адамдар бейкүнөө соттолуп жатканын сынга алышты.

Жыйын
Жыйын

Ошол эле кезде ар башка өлкөдөгү бири-бирине төп келбеген мисалдар талкууланды. Маселен, түркиялык ислам аалымы Саид Нурсинин китептери Орусияда экстремисттик деп табылганы, ал эми башка өлкөлөрдө ага тыюу салынбаганы айтылды.

Бул боюнча Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчисинин орун басары Закир Чотаевдин оюн угалы:

Закир Чотаев
Закир Чотаев

- Бул эл аралык конференция исламдын эрежелерин жана канондорун туура үгүттөөгө багытталган. Бул платформанын алкагында Евразия мейкиндигинин сегиз мамлекетинин муфтийлери, алардын абройлуу аалымдары ислам дини экстремизмге чакырбай турганын коомчулукка айтып жеткирүүнү жандантат. Муфтияттар жана диний комиссияларынын кызматкерлери тыгыз кызматташуу аркылуу экстремисттик жана деструктивдүү күчтөрдүн келип чыгуу себептерин аныктайбыз. Бул биздин эң башкы иш болуп калат.

Ошол эле учурда соңку жыйында ага чогулган тараптардын экстремисттик топторго карата көз караштары дал келбегени да айкын болду.

Мисалы, “Таблиги жамаат” исламий кыймылы Орусияда, Казакстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда тыюу салынганы менен Кыргызстан ага бөгөт койгон эмес. Анда кайсы бир топторго карата биргелешип күрөшүүгө шек кетпейби деген да суроолор айтылбай койгон жок.

- Кантип чогуу күрөшүү керек дегенде, биринчи кезекте өлкөлөрдүн мамлекеттик кызматтардын, анын ичинде Ички иштер министрлиги жана Коопсуздук комитеттери тыгыз иш алып барышы керек. Бул Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун форматында да ишке ашат. Алар биргеликте Ирактан жана Сириядан кайткан жоочулардан жана Ооганстандын аймагынан биз тарапка таасир эткиси келген экстремисттик топтордун каналын буушу керек. Бирок бул жетишсиз. Постсоветтик өлкөлөрдүн аймагындагы социалдык маселелерди жана жаштардын экстремисттик топторго көп тартыла башташын эске алганда диний структуралар да кызматташуусун жандантуусу зарыл. Бирок бул оңой болбойт. Анткени чогулган диний структуралардын көз карашы айырмачылыктар көп. Бирок алар ошол топ эмне үчүн биринде экстремисттик табылды, биринде андай болгон жок, бул маселени тактап алуусу кажет,- деди орусиялык эксперт Григорий Лукьянов.

Жыйын
Жыйын

Маалым болгондой, Орусия жана Борбор Азия мамлекеттеринин дээрлик баарынан кеминде 700дөн, болбосо 2-3 миңден киши согуш болуп жаткан Сирия менен Иракка чыгып кеткени белгилүү. Алардын көбү дагы деле ошол жакта жүргөнү айтылса, бир тобу өлүп, бир тобу кайтып келген.

“Руханий Жибек жолу” исламий конференциясынын биринчи айлампасы 2016-жылы Кытайдын Үрүмчү шаарында, экинчи олтуруму Татарстандын Казан шаарында өткөн. Келеркиси Казакстанда өтмөй болду. Жыйындын максаты - Улуу жибек жолунда жайгашкан мамлекеттердин алакасын жакшыртуу, конфессиялар ортосундагы ынтымакты бекемдөө болуп саналат.

Бишектеги жыйынга муфтияттардын, дин комиссияларынын өкүлдөрүнөн жана эксперттерден турган 160тай киши катышты. 13-сентябрда башталган жыйын 14-сентябрь күнү да уланат. Биринчи күндүн жыйынтыгы менен чогулгандар резолюция кабыл алышты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG