"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Эл аралык илим жана бизнес университетинин жетекчиси Нургалы Асаналиев бир нече факты боюнча алдамчылыкка шектелүүдө.
Финансы полициясы жыл башынан бери бюджетке төрт миллиард сомго жакын каражат зыян келтирилгенин аныктады.
Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү ошол эле кызматты эми Ош облусунда аткара турган болду.
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов соттун чечими менен тергөө аяктагыча, 29-августка чейин камакка алынды. Бирок Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев алар бул чечимге каршы Бишкек шаардык сотуна даттанышаарын билдирди.
Кыргызстанда медреселердин макамы жана алардын бүтүрүүчүлөрүнүн тагдыры талкууга алынды.
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кызматын тапшырды.
Милициянын имаратында киши колдуу болгон Бурулайдын ата-энеси анын сөөгүн эксгумациялоону талап кылууда.
Өкмөт кийинки беш жылда инвестиция тартууну кескин күчөтөөрүн жарыялады.
Дин жөнүндө мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөр коомдун сынына коюлду.
Башкы прокуратура Мамкаттоодо өткөн тендердеги мыйзам бузуу боюнча кылмыш ишин козгоду.
Башкы прокуратура 40тан ашуун иш плагиат менен жазылганын билдирүүдө.
Ош мамлекеттик университетинин теология факультети соңку төрт жылда ислам таануу жаатында элүүгө жакын китеп чыгарды. Анын ичинде диний агартуучулук, биографиялык, тарыхый маселелер боюнча фундаменталдык жана илимий эмгектер бар.
Финполиция жогорку окуу жайларынын биринде чет элдик 50 студент алданып калганын аныктады.
Бишкек-Ош жолунун Маданият - Жалал-Абад бөлүгүн оңдоонун эл биле элек жактары чыкты.
Июнь окуясына саясий баа берилбей калды деп сынга алгандар жок эмес.
Кандуу окуядан кийин ички иштер министринин жоопкерчилиги тууралуу маселе да көтөрүлүп жатат.
Финполиция кен иштетип жаткан "KAZ Minerals Bozymchak" компаниясында тинтүү жүргүздү.
КСДП мурдагы аткаминерлердин камакка алынышы боюнча Атамбаевдин билдирүүсүн таратты.
Кыргызстанда жалпы 92 уу калдык сактоочу жай бар. Анын 36сы Майлуу-Сууда жайгашкан.
5-майда Кыргызстандын Баш мыйзамынын кабыл алынганына 25 жыл толду.
Дагы жүктөңүз