"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
Орусия соодада доллардан баш тартуу аракетин тездетүүгө ниеттенүүдө. Бул маселени орус расмий өкүлдөрү рубль кайрадан наркын жоготкон учурда көтөрүштү.
Лондондогу Вестминстер сарайынын жанында жол боюнда бараткан бир нече адамды жана парламент имаратынын тосмосун сүзгөн автоунаанын айдоочусу террорчулукка шектүү катары камакка алынды. Шейшемби күнү таңда болгон окуя террочулук актысы катары каралып жатат.
Дүйшөмбүдө орус рублинин долларга карата куну мурункудан да түшүп, Москва биржасында бир доллардын баасы 68 рублдан ашты. Бул соңку эки жыл ичиндеги эң жогорку көрсөткүч. Рубль менен бирге Түркиянын улуттук акчасы лира да долларга карата арзандады.
Казакстанда бычакталган көркөм муз тебүүнүн чебери Денис Тен алган жараатынан каза тапты. Алматы полициясы билдиргендей, спортчуга анын автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген эки киши кол салган. 25 жаштагы Денис Тен 2014-жылы Сочи олимпиадасында коло медал уткан.
Орусияда өткөн Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын финалдык оюнунун таасири, сыйлык тапшыруу аземи көпчүлүктүн эсинен чыга элек.
Британиянын мурдагы билим берүү министри Жастина Грининг Брексит боюнча туңгуюкка кептелген абалдан чыгуу үчүн дагы бир жолу референдум өткөрүүнү сунуштады. Премьер-министр Тереза Мэйдин маалымат катчысы кандай гана кырдаал болбосун бийлик экинчи жолу мындай кадамга барбастыгын айтты.
Пакистанда 25-июлда өтчү парламенттик шайлоону утурлай жардыруулар жана камакка алуу күчөдү. Өткөн жума күнү жанкечтилердин жардыруулары 150дөн ашуун адамдын өмүрүн алды. Ошол эле күнү Лондондон кайтып келген өлкөнүн мурдагы өкмөт башчысы Нафаз Шариф камакка алынды.
Бүгүн АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путин жолугушат.
Казакстанга акча табуу үчүн иш издеп барган кыргызстандыктар тоодой тоскоолдуктарга кабылууда. АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путин Хельсинкиде жолугушат. Сириянын өкмөттүк күчтөрү Дераа провинциясында чабуулун улантышты.
Кошмо Штаттар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңешинен чыкты. Вашингтон өз чечимин бул кеңеш реформага муктаж болуп, Израилге карата такай бейтарап боло албай жатканы менен түшүндүрдү. Адам укуктары боюнча кеңештин төрагасы бул чечимди “өкүнүчтүү” деп баалады. Ал эми Израилдин премьер-министри тескерисинче кубаттады.
Кошмо Штаттарда чек араны бузган мигранттарды балдарынан ажыратуу саясаты нааразылыктарды жаратууда. Бирок президент Трамптын администрациясы мындай чараны жактоону улантууда. Буга чейин президент Дональд Трамп АКШны мигранттардын лагерине айлантууга жол бербесин билдирген эле. Кошмо Штаттардын бийлигинин мындай саясатын БУУ баштаган эл аралык уюмдар сынга алып, балдардын укугун коргоо чакырды.
Казак парламенти өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн БУУнун миссияларына катышуусун колдоду. Президент Нурсултан Назарбаевдин сунушу эки палатанын жалпы жыйынында каралып, колго салынган. Мамлекет башчы 120 жоокерди Ливандагы убактылуу миссияга жөнөтүүнү сунуш кылган.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 24-июнда өтө турган шайлоодо жеңсе эки жыл мурда өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаал режимин алаарын биринчи жолу убада кылды. 2016-жылдын июль айында болгон бийликти төңкөрүү аракетинен кийин киргизилген режим ушул күнгө чейин уланып келет.
Бейшембиде Түндүк менен Түштүк Кореянын аскердик жетекчилиги эки ортодогу бейтарап тилкеде он жылдан бери биринчи ирет жолугушту. Анда негизинен чек арадагы чыңалууну жөнгө салуу тууралуу сөз болгону кабарланды. Байкоочулар "Пхеньян Түштүк Корея менен Кошмо Штаттардын биргелешкен аскердик машыгууларын токтотууга чакырган болушу мүмкүн" деп айтышты.
Расмий Рим Франциянын Италиядагы элчисин чакыртып, Париждин шаршембиде миграция саясаты боюнча айткан сынын айыптады. Евробиримдиктеги эки мамлекет ортосунда дипломатиялык жаңжалдын тутанышына Италия деңизде калган качкындар үчүн өз портторун жаап коюшу түрткү болду.
Донбасстын аймагына Улуттар Уюмунун тынчтыкты сактоочу күчтөрүн жайгаштыруу боюнча бир жаңсыл чечим кабыл алынган жок. Бул маселени талкуулап жаткан "Норманд төрттүгү" аттуу топтогу Германиянын, Франциянын, Украинанын жана Орусиянын тышкы иштер министрлери мунасага келе албай коюшту.
Испаниянын премьер-министри Педро Санчес деңизде калган мигранттарды кабыл алууга макул болду. Анын кеңсеси тараткан билдирүүдө Валенсия шаарынын порту 600дөн ашуун мигранты бар кемени кабыл алууга даяр экени жазылган.
Швеция соту бүгүн террорчулукка айыпталган Өзбекстандын жараны Рахмат Акиловду өмүр бою түрмөгө кескен өкүмүн чыгарды. Ирактын баш калаасы Багдадда курал жана ок-дары сакталган кампа жарылды. Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп 6-июнда мусулмандарды Ак үйгө ооз ачырууга чакырды.
Ирандын уран байытуу кубатын кеңейтүү пландарынын жаңжал жараткыдай потенциалы бар. Мындай эскертүүнү француз президенти Эммануэл Макрон жасады. Италиянын жаңы премьер-министри Орусия менен алакаларды бекемдөөгө артыкчылык берерин билдирди.
Америкалык илимпоздор эмчек рагынын биринчи баскычы менен жабыркаган аялдардын 70% залалдуу шишикти алдыргандан кийин химиотерапия жасатпай эле койсо болорун айтып чыгышты. Алар мындай жыйынтыкка узакка созулган атайын иликтөөдөн кийин гана келишти. Медиктер химиотерапиянын ордуна гормоналдык терапия эле жетиштүү деп эсептешет.
Дагы жүктөңүз