Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:16

Лондондогу окуя террор катары каралууда


Лондондогу Вестминстер сарайынын жанындагы полиция кызматкерлери. 14-август, 2018-жыл.
Лондондогу Вестминстер сарайынын жанындагы полиция кызматкерлери. 14-август, 2018-жыл.

Лондондогу Вестминстер сарайынын жанында жол боюнда бараткан бир нече адамды жана парламент имаратынын тосмосун сүзгөн автоунаанын айдоочусу террорчулукка шектүү катары камакка алынды. Шейшемби күнү таңда болгон окуя террочулук актысы катары каралып жатат.

Британ парламенти иштеген Вестминстер сарайынын жанындагы окуя жергиликтүү убакыт менен эртең мененки саат жети жарымдарда болгон.

Ошол жердеги видеокамераларга түшүп калган тасмадан күмүш түстөгү "Ford Fiesta" Вестминстер көпүрөсү тараптан келатканы көрүнөт. Биг -Бенге жакын келгенде машине дароо солго бурулуп, тротуарда жөө бараткан адамдарды койдуруп, андан ары веложолго өтүп имараттын тосмосун сүзүп токтогону камераларга түшүп калган.

Куралчан полиция кызматкерлери окуя болгон жерге токтоосуз жетип барып, айдоочуну кармашкан. Күбөлөр машиненин айдоочусу муну атайылап кылганынан күмөн санашпайт.

- Ал парламент имаратын көздөй катуу ылдамдык менен баратты. Менимче ал уруксат берилгенден эки эсе тез айдады. Ал токтотууга аракет кылып же бурулууга аракет кылган жок. Түз эле адамдарды сүздү, - дейт күбөлөрдүн бири Жейсон Уильям.

Окуяда жабыркагандардын бири ооруканада. "Анын жарааты оор, бирок ал өмүрүнө коркунуч келтирерлик эмес" деп полиция билдирди. Скотленд-Ярддын расмий өкүлү Нил Басу айдоочу тууралуу буларды айтты:

- Ал жашы отузга чамалап калган эркек киши. Террорчулукка барды деген шек менен камакка алынды. Буга атайылап баргандай. Биз окуяны террорчулук катары иликтей баштадык. Муну менен полициянын тиешелүү бөлүмү алектенип жатат, - деди.

Кармалган кишинин аты-жөнү айтыла элек. Ал автоунаанын ичинде жалгыз болгону маалым болду. Полиция кармалган адам сүйлөшүүгө барбай жатканын билдирди. Британиянын премьер-министри Тереза Мэй “Твиттердеги” баракчасына “Бардык оюм Вестминстердеги окуяда жабыркагандарда. Чукул жана курч аракеттерге барган кызматтарга ыраазычылык билдирем”, - деп жазды.

Ал эми Лондонун мэри Садик Хан 14-августта жасаган билдирүүсүндө лондондуктарды жана туристтерди кооптонбоого чакырып, коопсуздукту сактоого тартылган полиция кызматкерлеринин саны дагы көбөйтүлөрүн билдирди:

- Бүгүн жана жакынкы күндөрү лондондуктар жана туристтер куралчан жана куралсыз полиция кызматкерлерин көрүшөт. Алардан коркуунун кереги жок, болгону сак болгула. Эгер шектүү бир нерсе көрүп калсаңар тиешелүү кызматтарга дароо кабар бергиле. Биздин полиция, коопсуздук күчтөрү,"Тез жардам" кызматы шаарыбызды коопсуздукта сактоо үчүн бардык аракеттерин көрөт деген ишеничтемин.

Окуя болгон жерге топтолгон полициячылар. 14-август, 2018-жыл.
Окуя болгон жерге топтолгон полициячылар. 14-август, 2018-жыл.

​Вестминстер сарайынын жанындагы бетон тосмолор 2017-жылдын мартындагы теракттан кийин орнотулган. Анда ушул эле жерде -парламент имаратынын жанында жөө бараткан кишилерди машинасы менен сүзүп, кийин нөөмөттө турган полиция кызматкерин бычактаган шектүү адамдын колунан жети киши өлүп, элүүдөн ашууну жарадар болгон.

Ал окуя үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал тобу өз моюнуна алган. Бирок британ полициясы кармалган айдоочунун аталган экстремисттик топ менен байланышын таппаганын билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG