Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:32

Бычакталган спортчу Денис Тен каза тапты


Казакстандык спортчу Денис Тен. Пхенчхан. 16-февраль, 2018-жыл.
Казакстандык спортчу Денис Тен. Пхенчхан. 16-февраль, 2018-жыл.

Казакстанда бычакталган көркөм муз тебүүнүн чебери Денис Тен алган жараатынан каза тапты. Алматы полициясы билдиргендей, спортчуга анын автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген эки киши кол салган. 25 жаштагы Денис Тен 2014-жылы Сочи олимпиадасында коло медал уткан.

Көркөм муз тебүү боюнча белгилүү спортчу Денис Тенди 19-июлда түштө Алматынын борбордук бөлүгүндө бычактап кетишкен. Полициянын маалыматына караганда, ага автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген эки белгисиз адам кол салган.

​20-июлда кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалганы белгилүү болду, экинчиси изделүүдө. Бул тууралуу Алматыда өткөн маалымат жыйынында прокурор Берик Жүйриктаев маалымдады:

- 1994-жылы Жамбыл облусунда туулган Киясов Нуралы Даулетбекулы күнөөсүн мойнуна алып, түшүнүк берди. Ал убактылуу тергөө изоляторуна камалды.

Маданият жана спорт министрлиги кабарлагандай, спортчу №12 шаардык ооруканага жеткирилген. Бирок ал оор абалда түшүп, көп кан жоготкондуктан дарыгерлер өмүрүн сактап кала албай калышканын айтышты.

- Бизге өтө оор абалда түштү. Өлүм менен өмүрдүн ортосунда болчу. Тез жардам менен жеткирилди. Эки сааттан ашуун анын өмүрү үчүн күрөштүк. Аман алып калуу үчүн оорукананын, калаанын саламаттык сактоо башкармалыгынын болгон күчү жумшалды. Жараат талылуу жерде болгондуктан өмүрүн сактап кала албадык,-деди оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Ержан Куттыкожин.

Дарыгер кошумчалагандай, кылмышкерлер Тенди санына сайышкан. Бычак негизги кан тамырлардын бирине тийген.

Учурда социалдык тармактардагы спортчунун күйөрмандары Денис Тендин өлүмүнө кайгырып, көңүл айтып жатышат. Алардын арасында Эл аралык олимпиада комитети да бар.

Денис Тендин алгачкы машыктыруучуларынын бири орусиялык Татьяна Тарасова "Спорт экспресс" басылмасына берген маегинде "Ал дайым медал алууга тырышчу. Таланттуу жана эмгекчил эле" деди.

Америкалык фигурист Адам Риппон "Твиттердеги" баракчасына "Бүгүн менин досум Денис Тен каза тапты. Ал абдан боорукер эле, мага жана көп башка адамдарга дем берчү. Казакстандын көчөлөрүнүн биринде өлтүрүлдү. Денис, чемпион кандай болуш керек экенин көрсөткөнүңө рахмат"-деп жазды.

Денис Тен 1993-жылы 13-июлда Казакстанда төрөлгөн. Ал 2014-жылы Сочиде өткөн Олимпиадада коло медал тагынган. Андан бир жыл мурда Дүйнө чемпионатында күмүш алган.

2015-жылы "Төрт континенттин чемпионатында", VII кышкы Азия оюндарында чемпион аталган. Ванкувер олимпиадасына катышкан. 2017-жылы Алматыда өткөн Универсиадада чемпион аталган. Ал Олимпиадалык оюндарга жана дүйнө чемпионатына жеткен биринчи казакстандык фигурист болгон. Быйыл Пхенчхан олимпиадасына катышып, ийгилик көрсөтө алган эмес.

Денис Тен бир нече жыл Москвада жана Лос-Анжелесте машыккан. Орусиялык Татьяна Тарасова, Елена Буянова жана Николай Морозовдун кол алдында тарбияланган. Анын негизги машыктыруучусу америкалык Фрэнк Кэрролл болгон.

- Адам кандайдыр бир күтүүсүз окуялардан улам эркиндикке жетет деп ойлойм. Сен алдыда боло турган окуяларды билсең жана ага жараша жашасаң, өзүңдү чектеп койгондой болосуң. Башыңдагы кандайдыр бир сценарий менен жашап жаткандай болосуң. Мен азыр өзүмдү аябай эркин сезем. Анткени мен мындан ары эмне болоорун билбейм, ошондуктан азыр жашоомдогу эң баалуу убакыт деп ойлойм. Менин спорттон башка тармактарда, музыкада, кинодо эч кандай дымагым жок. Жаңы бир нерселерди билип, аракет кылып көргөндөн эч тартынбайм, мындан улам жашоону сүйөм деп ойлойм,-деген Денис Тен соңку маектеринин биринде.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG