"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
Немис өкмөтү Алексей Навальный «Новичок» заты менен ууландырылганын билдирди.
Прагада чогулган мекендештер футбол ойноп, "Ала-Тоо" кубогу үчүн ат салышты. Мелдешке Германиянын жана Чехиянын командалары катышты.
Дональд Трамп Республикалык партиянын атынан президенттикке экинчи мөөнөткө расмий көрсөтүлдү. Партиянын жыйынын жаап жатып Трамп демократтардын талапкери Жо Байденди «америкалыктардын кыялына» коркунуч келтирген солчул радикал катары мүнөздөдү.
Жаңы Зеландияда былтыр эки мечитке кол салган Брентон Таррант өмүрүнүн аягына чейин кесилди. 2019-жылдын жазында болгон калаба 51 адамдын өмүрүн алган. Прокурор белгилегендей, Таррант кол салуунун планын бир жыл мурда түзүп баштаган.
Оппозициянын акциясына болжол менен жүз миңден ашуун адам чыкты.
Дүйнөдө коронавируска кабылгандар 22,5 миллион адамдан ашты. Түштүк Кореяда протестант чиркөөсүнө байланышы бар адамдардын арасында вирус жугузуп алгандар көбөйүп жатат.
Демонстранттар 19-августтун кечинде Минскидеги Эгемендик аянтына чогулушту.
Өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин Бишкекте камалышы Ташкент менен Бишкектин эл аралык коомчулуктун алдында алган милдеттенмелерине каршы келет.
Беларус президенттигине талапкер Светлана Тихановскаянын Минскиде белгиленген митинги өтпөй калганына карабастан, анын тарапкерлери баш калаадагы парктардын бирине чогулуп, колдоо билдиришти.
Европадагы кыргызстандык дарыгерлердин тобу пандемия маалында мекендештерге онлайн консультация көрсөтө баштады. Долбоор программисттердин, ыктыярчылардын жана дарыгерлердин биргелешкен кызматташтыгынын алкагында ишке ашууда.
2-августта Хабаровск шаарында мурдагы губернатор Сергей Фургалдын камалышына каршы акция уланды. Бул ирет демонстранттарга аба-десант күчтөрүнүн ардагерлери да кошулду. 1-августта Орусия аймагында өткөн өкмөткө каршы демонстрацияларда 70тей киши кармалган.
Дүйнөдө коронавирус кризиси өкүм сүрүп жатканда, эң ири технологиялык компаниялардын кирешеси көбөйгөнү аныкталды.
Беларустун баш калаасында оппозициянын эң ири митинги өттү. Ага түмөндөгөн адамдар чыкты. Мындай көрүнүш соңку он жылдан бери боло элек эле. АКШ Беларусту 9-августка белгиленген шайлоону таза жана калыс өткөрүүгө чакырды.
АКШ Конгрессинин өкүлү Александрия Окасио-Кортез кесиптеши ыпылас сөздөр менен сөккөнүн айтып, буга жол бербей турганын билдирип чыкты.
Эл аралык коомчулук өмүр бою кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровду эркиндикке чыгарууга кыргыз бийлигин он жылдан бери үндөп келген.
Кытай Вашингтондун Хьюстон шаарындагы консулдукту жабуу тууралуу чечимине жооп кайтарды.
Окумуштуулар COVID-19 илдетинин белгилери өзүндө жок болсо да, башкаларга коронавирусту жайылткан адамдарды аныктоонун жолун издеп жатышат.
COVID-19 илдетинин алты түрү бар экенин Лондондогу Падышалык академиянын илимпоздору аныкташты. Бешинчи, алтынчы түрү абдан оор болот.
Үч аял Лукашенкого каршы чыкты.
Кыргызстанда кеңири жайылып жаткан пневмонияны коронавирус инфекциясы козгогону айтылганы менен бийлик бул эки ооруну кошпой, эки башка статистика жүргүзүп жатат. Мындай көрүнүш дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде катталууда.
Дагы жүктөңүз