Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:33

COVID-19 илдетинин алты түрү аныкталды


Иран, 17-июль, 2020-жыл.
Иран, 17-июль, 2020-жыл.

COVID-19 илдетинин алты түрү бар экенин Лондондогу Падышалык академиянын илимпоздору аныкташты. Бешинчи, алтынчы түрү абдан оор болот.

Лондондогу Падышалык коллеждин илимпоздору COVID-19 илдетинин белгилерин аныктаган тиркемеде чогулган маалыматтарды анализдеп, оорунун алты түрүн аныкташкан.

Аталган окуу жайдын профессору Алан Марион Девистин айтымында, бул ачылыш ооругандардын кимисине чукул жардам керек экенин, кимисин ооруканага дароо жөнөтүш керек экенин аныктоого жардам берет.

Жарыяланган иликтөөгө ылайык, COVID-19 илдетинин алты түрү бири-биринен төмөндөгүдөй белгилери менен айырмаланат:

  1. Сасык тумоого окшош, чыйрыгуу жок: адамдын башы ооруйт, жыт сезбей, булчуңдары сыздайт, жөтөлөт, көкүрөк тушу ооруйт.
  2. Сасык тумоо сыяктуу, чыйрыгуу менен коштолот: адамдын башы ооруйт, жыт сезбей, жөтөлөт, тамагы ачышып, кырылдап калат, чыйрыгат, тамакка табити жоголот.
  3. Ашказан, ичеги-карын кошо ооруйт: адамдын башы ооруйт, жыт жана даам сезбейт калат, тамакка табити тартпайт, ичи өтөт, тамагы ачышат, көкүрөк тушу ооруйт, жөтөлбөйт.
  4. Оор түрүнүн биринчи баскычы, чарчоо менен коштолот: адамдын башы ооруйт, жыт сезбей, жөтөлөт, чыйрыгат, денени калтырак басат, үнү кырылдап калат, көкүрөк тушу ооруйт, адам чарчап, өзүн жаман сезет.
  5. Оор түрүнүн экинчи баскычы, акыл-эс чаташат: адамдын башы ооруйт, жыт сезбей, тамакка табити жок болот, жөтөлөт, чыйрыгат, үнү кырылдып калат, тамагы ооруйт, көкүрөк тушу ооруп, адам чарчап, булчуңдары сыздап оорутуп, акыл-эси дендароо болуп, чаташа баштайт.
  6. Оор түрүнүн үчүнчү баскычы: адамдын башы ооруйт, жыт, даам сезбей калат, тамакка табит тартпайт, чыйрыгат, тамагы, көкүрөк тушу ооруйт, акыл-эси адашып, жөөлүйт, булчуңдары ооруйт, ичи өтөт жана ичи катуу ооруйт.

Иликтөөчүлөрдүн байкоосуна караганда оорунун төртүнчү, бешинчи, алтынчы түрүнө кабылгандарды дароо ооруканага жаткырып, айрымдарын кошумча дем алдыруучу аппараттарга кошуу зарыл.

Коронавирус илдетине кабылгандардын саны дүйнөдө 14,5 миллиондон ашты. Бул инфекциядан 606 миңден көп адам көз жумду.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Оксфорддо чыгарылган вакцина алгачкы сыноодон ийгиликтүү өттү

Ал арада сыноодон өтүп жаткан Оксфорддо ойлонуп табылган вакцина жакшы натыйжаларды көрсөтө баштады. Оксфорд университетинин Женнер институтунун профессору Адриан Хиллдин айтымында, вакцина 1000дей кишиге сайылган. Алардын бардыгында антителалар пайда болгон.

Хилл вакцинаны чыгаруу үчүн "AstraZeneca" фармацевтикалык компаниясы менен кызматташа башташканын кошумчалады.

"Эки миллиард доза да жетишсиз болот. Албетте эгер биз муну ишке ашырсак чоң жетишкендик болор эле. Бир да вакцина жылына жарым миллиард дозадан көп чыгарылган эмес. Ошол себептен биз башка вакциналардын чыгышын да каалайт элек".

Хилл кошумчалагандай, учурда Британияда, Түштүк Кореяда жана Бразилияда чыгарылган вакциналар он ыктыярчыга сайылып, сыноодон өткөрүлүп жатат.

Жакында эле АКШдагы "Moderna" компаниясы чыгарган вакцина сыноонун биринчи баскычынан ийгиликтүү өткөнүн жарыялаган. Июлдун аягында ал вакцина 30 миңдей кишиге жасалып, сыноонун экинчи баскычы башталат.

Орусиялык окумуштуулар коронавируска каршы вакцина даяр экенин өткөн жумада жарыялашкан. Москвадагы Николай Гамалея атындагы илимий борбор COVID-19га каршы вакцина сыноодон өткөнүн, сентябрда дарыны жапырт өндүрүүгө болорун билдирген.

Учурда дүйнөдө 150дөй вакцина сыноонун ар кайсы баскычынан өтүп жатат. Окумуштуулардын эсебинде, вакцина бир жылдын ичинде толук даяр болуп калышы мүмкүн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG