Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:51

«Аялды сөккөн адам кызын сөгүүгө жол берет»


АКШ Конгрессинин Өкүлдөр Палатасынын мүчөсү Александрия Окасио-Кортез.
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр Палатасынын мүчөсү Александрия Окасио-Кортез.

АКШ Конгрессинин өкүлү Александрия Окасио-Кортез кесиптеши ыпылас сөздөр менен сөккөнүн айтып, буга жол бербей турганын билдирип чыкты.

Аялдан: «Сизди эркек киши качандыр бир кезде ыплас сөздөр менен сөктү беле?» - деп сурасаңыз, балким ал кайра: «Бир жолубу же бир нече жолубу?» - деген суроо узатышы мүмкүн.

Александрия Окасио-Кортездин Конгрессте жасаган билдирүүсүнөн кийин социалдык тармактарда аялдар эркектер аларды бир эмес, бир нече жолу урушканын байма-бай жазып чыгышты.

Мындай мамилеге жетекчи кызматтарда иштеген кыз-келиндер да көп кабылат.

Кошмо Штаттардагы фармацевтикалык компаниялардын биринде жетекчилик кызматта иштеген Эллен Герштейн буга чейин аны эркектер көп эле сөккөнүн айтат.

«Балким 25 жолу уккандырмын. Бул менин бетиме гана айткандары», - дейт фармацевтикалык компанияда жетекчи кызматта иштеген Эллен Герштейн.

Анын айтымында, эркектердин сөккөнү ушунчалык кадыресе көрүнүш болуп калган. Ошол себептен ал АКШ Конгрессинин мүчөсү Александрия Окасио-Кортез бул теманы көтөрүп чыкканда сүйүнгөнүн жашырбайт.

Бейшембиде Окасио-Кортездин Өкүлдөр Палатасында жасаган билдирүүсү Интернетке жайылып, дүйнө жүзүндөгү аялдардын колдоосуна арзыды. Аны жалаң эле саясаттагы эмес, бардык катмардагы, кесиптеги кыз-келиндер колдоп чыгып, эркектердин орой басмырлоосуна көптөн бери чыдап келгенин айтышты.

Окасио-Кортездин айтымында, буга анын кызматташы, Өкүлдөр Палатасынын мүчөсү Тед Йохонун Капитолийдин алдында, басма сөз өкүлдөрүнүн көзүнчө ыплас сөздөр менен сөккөнү түрткү болду.

«Ал мени эле гана эмес, Конгресстеги бардык аялдарды, өлкөбүздүн бардык аялдарын сөктү. Биз баарыбыз мындай ыплас сөздөргө өз жашообузда көп эле жолу туш болуп келгенбиз», - дейт ал.

Конгресстин 32 жаштагы эң жаш мүчөсү Окасио-Кортез ага бул сөздөр өөн деле учурабаганын, анткени ресторанда официант болуп иштеп жүргөндө, метродо баратканда, Нью-Йорктун көчөлөрүндө баратканда көп эле укканын кошумчалады.

Анын алдында Тед Йохо өз сөздөрү үчүн мыйзам чыгаруучулардын алдында кечирим суроону чечкен. Ал өз сөзүндө аялы менен бирге түтүн булатып жашаганына 45 жыл болгонун, эки кызы бар экенин айтып, «басылмалар мага таңуулап жаткан кемсинтүү сөздөрүн мен эч качан өз кызматташтарымдын дарегине айткан эмесмин, эгер айтканымды туура эмес кабыл алышса, мен түшүнбөстүк үчүн кечирим сурайм» деп баса белгилеген.

АКШнын Өкүлдөр Палатасынын мүчөсү Тед Йохо. 10-апрель, 2017-жыл.
АКШнын Өкүлдөр Палатасынын мүчөсү Тед Йохо. 10-апрель, 2017-жыл.

Кызматташынын бул сөздөрү Окасио-Кортездин кыжырын ого бетер келтиргендей.

«Йохо мырза аялы жана эки кызы бар экенин айтты. Мен сиздин кенже кызыңыздан эки жаш кичүүмүн. Мен да бирөөнүн кызымын. Мен ата-энеме алардын кызы экенин көрсөтүш үчүн бул жерде турам жана мен эркектердин мазактоосуна жол бербейм», - деген Окасио Кортез Йохо башка аялдарды сөгүү менен башка эркектерге да өзүнүн кыздарына ушундай мамиле кылууга, бул сөздөрдү өзүнүн аялынын, кыздарынын дарегине колдонууга уруксат берерин кошумчалады.

«Эгер кайсы бир эркектин кызы болсо, бул аны абийирдүү киши кылбайт. Эгер анын аялы болсо, бул аны ар-намыстуу адам кылбайт. Адам башкаларды сыйлап, адептүү мамиле кылганда гана абийирдүү боло алат. Ал эми андай ак ниет адам ката кетирсе, анда ал чын жүрөгүнөн кечирим сурайт. Өзүнүн аброюн сактап калыш үчүн эмес, шайлоочулардын добушу үчүн эмес. Ал чын жүрөгүнөн катасын оңдоп, алдыга кадам ташташ үчүн кечирим сурайт», - деди Кортез.

Өкүлдөр Палатасындагы республикачылардын лидери Кевин Маккарти 65 жаштагы Йохону коргоп, ал жакында пенсияга кетерин айтып «кечирим сурап жатканда, кабыл алыш керек» деди.

Ал эми Демократиялык партиядан бир нече аял Окасио-Кортезди колдоп кийин өзүлөрү кабылган окуяларды айтып беришти.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG