6-октябрда Ош – Бишкек жолунун Базар-Коргон районундагы бөлүгүндө митинг өттү. Ага ушул райондо набыт болгон орусиялык жарандын өлүмүнө шектүү катары камалган төрт милиционердин жүзгө жетпеген тууган-уруктары менен тарапкерлери катышты.
Жалал-Абад облусундагы Көчкөнбай Абдраимов атындагы орто мектептин мугалимдеринин окуу жайдын имаратын капиталдык жактан оңдоо өтүнүчтөрү орундалбай келүүдө. 1968-жылы курулган мектептин эскирген шыйпырлары алмашууга муктаж.
Милициянын эки кызматкери былтыр орус жарандыгын алган тургунду уруп-сабап, анын өлүмүнө кыйыр себепкер болгон деп айыпталууда.
Жалал-Абад шаарында балдардын облустук техникалык чыгармачылык борборунда мурда окуган балдардын ата-энелери өкмөт башчыга, Жогорку Кеңешке кайрылып, борбордогу финансылык бурмалоолорду териштирүүнү жана аны мурдагы калыбында иштетип берүүнү өтүнүп жатышат.
Жалал-Абад облусунун Өзбекстан менен чектешкен аймагында чек арачылар тарабынан атылган октон бир адам ажал тапты.
Кыргызстандын жараны Өзбекстандын аймагында жарадар болду. Ага өзбек чек арасына мыйзамсыз кирип барганы үчүн өзбекстандык чек арачылар ок чыгарышкан.
Июнь коогалаңында жабыр тарткан жалалабаддык ишкерлер мамлекет тарабынан эч кандай жардам берилбегенине нааразы. Губернатордун орун басары аларга жеңилдетилген насыяларды берүү маселеси өкмөттө каралып жаткандыгын, ишкерлер 2012-жылдын акырына дейре салыктардан бошотулганын билдирди.
Жалал-Абад облустук Барпы атындагы театры эл аралык театр күнүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме » повестинин негизинде даярдалган “Жомоктон кийин” аттуу спектакли менен тосуп алды.
26-мартта президент Роза Отунбаеванын Жалал-Абад облусундагы эки күндүк иш сапары аягына чыкты.
Жалал-Абад облустук соту 9-мартта “Санпа” заводунун жанындагы башаламандык боюнча жабырлануучулар менен соттолуучулардын апелляциялык арыздарын териштирип бүттү.
21-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков баштаган “ Ата-Журт“ фракциясынын бир катар депутаттары Жалал-Абад шаарында облус тургундары менен жолугушту.
Майлуу-Суу шаарынын тургундары шаарда кылмыштуулук күчөшүнө жана киши өлтүргүчтөр табылбай жатканына нааразылык билдирип чыкты.
Июнь каргашасында жакындарынан айрылган жалалабаддык тургундар бул окуяны иликтөөгө киришкен парламенттик комиссия менен жолугушту.
11-январда Жалал-Абад облустук соту өткөн жылы октябрь айында аталган шаардык сот эркинен ажыраткан үч адамдын апелляциялык арыздарын кароону улантты.
Жалал-Абадда кандуу Санпа окуясы боюнча апелляциялык арыздар карала баштады. Сот отуруму баштала электе эле кыйла ызы-чууну жаратты.
Жалал-Абаддагы “Ак бермет” аттуу балдар үйүндө алты улуттун уул-кыздары тарбияланат. Алар үйдүн жетекчисин апасындай көрүшөт.
Иисус Христостун - Ыйсанын туулган күнүн жалалабаддык православ тарсалар да белгиледи. Кыргызстанда православ исламдан кийинки салттуу дин катары эсептелет.
Жалал-Абад облусунда Орусияда иштеген үч үй-бүлөнүн 12 баласы бир үйдө тарбияланууда. Жубайы Владивосток шаарында иштеп жүргөн Сүйүнүч Садиров үч жаштагы кызы ыйлаганда “апаң азыр келет” деп сооротот экен.
Чаңгыр-Таш айылынын тургуну Евгений Андреевдин үй-бүлөсү кыргызча суудай сүйлөйт.
Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов Өзбекстандын Анжиян облусунда иш сапары менен болуп кайтты. Облус губернатору “Азаттыктын” айрым суроолоруна жооп берди.
Дагы жүктөңүз