Сузак районундагы Ашуу айылынын тургундары 22-декабрдан тарта электр жарыгысыз калышы мүмкүн. Кыргызстандын аймагында жайгашып, бирок электр жарыгы жагынан Өзбекстанга көз каранды айылга жарык берилбей турганын ал өлкөнүн кызматкерлери билдирген. Айылда жол, суу, жумушсуздук көйгөйлөрүнөн сырткары чек ара проблемасы да олуттуу бойдон калууда.
Жалал-Абад облусунда бул жылы жаңы үч кыргыз мектеби ачылды. Облуста окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер көбөйүп, орус тилдүү мектептердин саны 11 бойдон бир калыпта турат.
Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарынан чыккан көмүр кыйынчылык менен сатылат. Аталган шаардан ташылып келинип, Ош – Бишкек жолунун боюндагы Байыз-Булак айылына түшүрүлгөн көмүрлөр жыйылган бойдон турат.
Урматтуу окурман! “Биздин замандын каармандары” аттуу жаңы баптеманы (рубрика) сиздерге сунуш кылабыз. Анын бетачары Ош-Бишкек канжолунда күнү-түнү каттаган айдоочулар тууралуу баянга арналмакчы.
Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарынын чеке белинде тоо оюктарынан ташкөмүрдү кол менен казып, жан баккан ондогон адамдарды көрүүгө болот.
23-ноябрь күнү кечинде Сузак райондук көчмө соту “Санпа” окуясы боюнча 19 айыпталуучуга өз өкүмүн угузду.
Жалал-Абаддагы “Санпа” окуясы боюнча сот иши 23-ноябрга жылды. Ал күнү соттолуучулар акыркы сөздөрүн айткандан кийин сот өкүмү угузулушу ыктымал.
Жалал-Абад облусундагы “Санпа” окуясы боюнча сот иши 13-ноябрда уланды. Бүгүн калган жактоочулар менен соттолуучулар жарыш сөздөрүн сүйлөйт.
“Санпа” окуясы боюнча сот иши 12-ноябрда Ноокен райондук сотунун имаратында улантылат.
10-ноябрдын кечинде Жалал-Абад облустук соту 12-13-июнь күндөрү Базар-Коргон районунда болгон кандуу окуя боюнча өкүм чыгарды.
Жалал-Абад шаардык соту 3-ноябрда июнь айындагы улуттар аралык араздашуу жана массалык башаламандыктарга катышкан деп айыпталгандардын ишин кароону улантат.
Июнь айындагы тополоңдо ондон ашык адам мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуяны соттук териштирүүдө сурактагылар тергөөдө берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартышууда.
Сузак райондук соту милициянын ардагер подполковниги мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуяны териштирүүдө.
Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу пахта тазалоочу “Санпа” заводунун жанындагы окуя мыкаачылыгы менен жарандардын үшүн алууда.
Сузак райондук соту июнь айындагы мыкаачылык менен он адам өлтүрүлгөн окуяны териштирүүнү улантты.
Сузак райондук соту он адамдын жырткычтык менен өлтүрүлүшүнө байланышкан "Санпа" окуясын кароого киришти.
Жалал-Абад облусунда аралаш тилде окуткан 64 мектеп бар. Алардын бири Кочкор-Ата шаарындагы Губкин атындагы орто мектеп орус жана өзбек тилдеринде окутат. Аталган мектепте окуу китептеринин саны да жетишпей, сапаты да өксүп жаткандыгы сапаттуу билим алууга кедерги болууда.
Жалал-Абадда тегерек үстөл жыйынында улут аралык жаңжалдардын эбеп-себептери талкууланды. Андагы сүйлөгөндөр май-июнь айларында болгон тополоң окуялар улуттук идеологиянын жоктугу, бийликтин алсыздыгынан келип чыккандыгын белгилешти.
21-сентябрда Жалал-Абад облустук шайлоону уюштуруу штабы парламенттик шайлоого даярдыктар көптөгөн кемчиликтер менен коштолуп жаткандыгын белгиледи.
Базар-Коргон районунда июнь айында үйү өрттөнүп кеткен сегиз үй-бүлөнүн жашоочулары ушу тапта көрүнгөн жерде баш калкалоодо. Алар кышта кайда жашаарын билбей, баштары маң. Тополоң окуялардын маалында жалпысынан район боюнча 238 үй-бүлөнүн үй-жайы жараксыз болуп калган.
Дагы жүктөңүз