Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:56

Июнь коогасын иликтеген парламенттик комиссия Жалал-Абадда


Жалал-Абаддагы коогалуу күндөр, 2010-жылдын 14-июну.
Жалал-Абаддагы коогалуу күндөр, 2010-жылдын 14-июну.

Июнь каргашасында жакындарынан айрылган жалалабаддык тургундар бул окуяны иликтөөгө киришкен парламенттик комиссия менен жолугушту.

Жабыркагандар кандай жардам алды?

Былтыркы этникалык кагылышта жабыр тарткандар бул каргашага себепчи болгон лидерлер эмгиче кармалбай жатканына нааразы. Комиссия өкүлдөрү менен жолуккандар ошондой эле аймактагы май жана июнь окуяларында мерт болгондорго 7-апрелде шейит кеткендерге мамлекет тарабынан кандай колдоо көрсөтүлсө, ошондой мамиле болгону калыс болмок деп жатышты.
Майдагы тополоң, Жалал-Абад, 2010-жылдын 19-майы.

Тополоңдо ок жеп, жарадар болгон Жумагүл Жамангулова эл аралык жана өкмөттүк жардамдар бир тараптуу, үйү өрттөнгөндөргө гана берилгенин айтууда:

- Жаңы өкмөт эмне үчүн жардам берген жоксуңар? Канча адам майып болуп калды .Чачма октун калганы бетимде жүрөт, мээме доо кетти. Тогуз кошунабыздан автомат табылды, бирок бирөө да камалган жок, үйүндө жүрүшөт керек болсо, аттарынан бери айтып, далилдеп берем.Эмне үчүн аларды коё берди? Эртең бизди дагы атып ийсе, ага ким жооп берет? Үйлөрү күйгөндөргө жаңы үйлөрдү куруп беришти.Өлгөндөрдү ким кайтарып берет, бизге? Менин жанымда отурган мына бул аялдын баласын ким кайтарып берет? Ок тийип, он сегиз жашында өлүп калды.

Дагы бир жабырлануучу Кадырбек Кадыралиев июнь кагылышын болтурбай койсо болмок деп, азыркы бийликти айыптап, улут аралык жаңжалды өкмөттүк күчтөр эмес, элдин өзү токтоткондугун белгилеп өттү.

- Жараны ириңдей электе дарылаш керек болчу да, Кадыржан үйрөтүп атты элге. Ошо маалда бу өкмөттөгүлөрдүн бири басып келип, эмне үчүн аны жазалаган жок. Мунун баласы окко учту, он сегизге чыккан бала. Биз ошо маалда бийликке эмес, башкага эмес, эл деп, жер деп чыкканбыз. Биз менен өзбеги да кыргызы да окуган, эмдигиче чогуу болобуз, ортобуз да талаша турган эчтеке жок. Бу өзбек туугандардын лидери бирөө эле, ошо байып алган, анан бийликти эңсеген лидерлери элди уруштуруп атат. Азамат балдар бар экен, ошолор токтотту жаңжалды. Болбосо, мындан да жаман болот болчу.

Эл калыс иликтөөнү күтөт

Окуя маалында набыт болгондордун үй-бүлөсүнө ойдогудай көңүл бурулбай жатканы тууралуу да дооматтар айтылууда. Маселен, Ош- Бишкек жолунда күйөөсү мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Уулкан Мусаева жабыр тарткандарга жадесе медициналык аныктама да берилбей калгандыгын белгиледи:

- Өлгөндөрдүн туугандары аябай ыза болдук да. Себеби тополоң маалында справка эле алышкан экен, медициналык экспертизанын бүтүмдөрүн алалбай калганбыз. Атасынын көзү өткөнү менен артында калган балдарды багуу керек экен, азыр болсо эч жерде иш жок.Эри өлүп, 5-6дан балдары бар аялдарга үй берилбей атат. Өкмөттөн дегеле жардам жок.
Июнь коогасында өрттөлгөн үйлөр, Жалал-Абад. 2010-жылдын 14-июну.

Каргаша маалында өзбек тектүү жаран Сабырдын аялы менен карындашы да мерт болгон. Өрттөнүп жаткан үйдөн энесин куткармакчы болгон уулуна ок тийген. Бирок ал Кудайга койдум деп, эмдигиче эч кайда кайрылган эмес. Өкмөттөн карыз акча, башка уюмдардан кайтарымсыз жардам алып, өрт чалган турак-жайларын жарым-жартылай бүтүрүп алыптыр. Бирок ал болуп өткөн окуяларды эстегиси келбейт, жашоо улана берет да деп эсептейт:

- Эми комиссия аныгына чыкса болот. Мына, көрүп турасыз, ушу үйлөрдүн баары өрттөнүп кеткен болчу. АКТЕД деген уюм, анан туугандарыбыз куруп берди, арабдар куруп беришти. Өкмөттөн жардам берди, 200 миң сом ссуда алдык. Эми болоор иш болуп кетти, эми аны артка кайтарууга болбойт да.Өлгөн аялым менен карындашымдын ар бирине өкмөттөн жыйырма миң сомдон жардам алдык.Эми тынчтык болсун, балдарыбыз ишке аман барып, аман келсе болду бизге...

Дагы бир өзбек тектүү жаран Равшан Тиллахожаев өрттөн улам үй- жай мүлктөрүнөн ажыраган. Бирок анын арызын тармактык уюмдар жоопсуз калтырган. Эми парламенттик комиссия калыс иликтесе деп күтөт:

-Депутаттар бир тараптуу болбой, кийин Кудай алдына барганда сөзүм үчүн жооп берем деп калыс изилдеше, ошондо ишенем, комиссияга. Айыптуу ким болсо, кыргызбы, же өзбекпи, анысына карабай жоопко тартсын. Эгер мен күнөөлүү болсом, далилдесин, мен жооп берейин...

Парламенттик комиссиянын мүчөсү Райкан Төлөгөнөв окуяны ар тараптан адилет иликтөөгө жабырлануучулардан жардам күтөөрүн, күнөөкөрлөр сөз жок жазасын алаарын билдирди:

- Муну иликтеп тактамайынча, ошо тактоонун натыйжасы менен бир тыянак чыгармай сайын, ушундай бүдөмүк сөздөр боло берет. Баландай күнөөлүү, түкүндөй күнөөлү, бул аттырган деп айтуу өтө кыйын. Саат сайын ушул жерде эмне болуп жатканын биз бүт бардыгын билебиз . Силер ким менен кимдин, Бишкектегилер менен телефон аркылуу эмне деп сүйлөшкөнүн билбейсиңер, болжолдоп айта берген болбойт. Комиссиянын жыйынтыгында ким менен кимдин эмне деп сүйлөшкөнү бүт жазылат.

Буга чейин Жалал-Абадда Улуттук жана Эл аралык комиссиялар да өз иликтөөлөрүн жүргүзгөн.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG