Дүйшөмбүдө Сауд Арабстандын порт шаары Жиддада жайгашкан америкалык консулдуктун имараты террордук чабуулга алынды. Бул чабуулдун айынан бери дегенде тогуз киши набыт болду. Соңку окуя саудиялык бийликтер үчүн террорчу топторду ооздуктоо дагы эле олуттуу көйгөй бойдон кала берип жатканын айгинеледи. Жиддадагы окуя бул падышалыктын аймагындагы элчиликтердин бирине каршы жасалган алгачкы террордук чабуул катары кызуу талкууга алынууда.
Сауд Арабстандын кооопсуздук кызматынын кабардашынча, бүгүн (дүйшөмбүдө) Жидда шаарындагы америкалык консулдукка кол салган куралчандардын үчөө өлтүрүлүп, экөөсү камакка алынды. Жалпысынан, бери дегенде он эки киши набыт болду. Арийне, окуянын чоо-жайы дагы эле белгисиз кала берүүдө.
Грузин президенти Михаил Саакашвили Тбилиси абхаз оппозициялык саясатчысы, президенттикке талапкер Сергей Багапшты Абхазиядагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп расмий тааный турганын маалымдады. Шаршембиде Орусия Грузиядан жиктелүүгө умтулуп жаткан Абхаз аймагынын жетекчилигине кайрылып, эгерде аймактагы президенттик шайлоо кайра өткөрүлбөсө, анда Абхазия экономикалык камалоого алынаарын эскерткен. Адистердин айтымында, соңку окуялар абхаз оппозициясын Тбилисиге жакындаштырышы ыктымал.
Украин парламенти бүгүн (шаршембиде) премьер-министр жана президенттикке талапкер Виктор Януковичтин өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө тууралуу резолюцияны көпчүлүк добуш менен кабыл алды. Азырынча бул кадамдын кандай натыйжа берээри бүдөмүк, анткени өкмөттү учурдагы президент Леонид Кучма гана кызматтан кетире алат. Эл аралык арачылар болсо Украинадагы саясий кризисти тынч жол менен чечүүгө огожо болуу максатында Киевде жүрөт. Ордо шаардын борбордук аянттары дагы эле нааразылык иш-аракетин үзгүлтүксүз улантып жаткандардын колунда.
Жекшембиде Румынияда өткөрүлгөн парламенттик жана президенттик шайлоолордун алдын-ала жыйынтыктары учурда бийликте турган социал-демократтар өз атаандаштарынан саал озуп келгенин көрсөтүүдө. Оппозиция мындай тыянак менен макул эместигин айтууда. Байкоочулардын айтымында, 2007-жылы Европа Биримдигине кирүү үчүн бар аркетин жумшап жаткан бул өлкөдө бийликтеги экс-коммунисттер да, чордончул оппозиция да тышкы саясатта бирдей эле нукту тутат.
29-ноябрда Украин Жогорку соту президенттик шайлоонун талаш-тартыштуу жыйынтыгы маселеси боюнча оппозициячыл талапкер Виктор Ющенконун арызын карайт. Украин парламенти кечээки (ишемби күнкү) чукул өткөрүлгөн отурумунда президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыктарын четке какты. Бүгүн (жекшембиде) Киевдин көчөлөрүнө чыккан украин атуулдары парламенттин чечимин негизинен колдоого алышты. Алардын арасында президенттикке талапкер, оппозициячыл саясатчы Виктор Ющенконун гана эмес, анын атаандашы, премьер Виктор Януковичтин да тарапкерлери бар.
Палестин боштондук кыймылынын символу болгон инсан, Палестин автономиялык аймагынын президенти Йасир Арафат 75 жаш курагында дүйнөдөн кайтканы кабардалды. Ал бүгүн таңга маал, Бишкек убактысы боюнча саат жети жарымда Париждин чет жакасындагы аскердик ооруканада эсине келбей жатып көз жумду. 29-октябрда ал Рамалла шаарындагы кеңсесинен бул ооруканага жеткирилген. Анын оорусунун чоо-жайы айтылган жок. Палестин жетекчилигинин чечимине ылайык, бүткүл Палестин жергесинде кырк күн бою аза күтүлмөкчү. Азыркы доордогу көрүнүктүү саясатчылардын бири, Нобел тынчтык сыйлыгынын ээси, коомдук ишмердүүлүгү дүйнө элдерине дурус таанымал маркум Йасир Арафаттын баскан жолу эмитеден эле ар кыл пикирлерди жаратууда.
АКШ аскерлери тарабынан чар тараптан камалоого алынган Фаллужа шаарынын чыгыш жана батыш чет жакаларында бүгүн (дүйшөмбүдө) кырчылдашкан салгылашуулар жүрүүдө. Дүйшөмбүгө караган түнү шаардагы башкы оорукана АКШ аскерлери менен аларга ынтымакташ ирактык жоокерлердин колуна өттү. Бүгүн Ирактын убактылуу премьер-министри Аййад Алави шаардагы козголоңчуларга каршы кургактыктагы аскерлердин чабуулуна уруксат берген соң, жаңы башталган бул согуш аракеттери кандай натыйжа берээр экен?
Париждин чет жакасындагы аскердик ооруканада дарыланып жаткан палестин лидери Йасир Арафат өлүм менен өмүрдүн ортосунда калганы кабардалууда. 75 жаштагы карыя саясатчы палестин боштондук кыймылынын символу катары таанымал. Палестиндер “Арафаттын саясий мураскору ким болот, анын сөөгү кайсы жерге коюлушу керек?” деген сыяктуу суроолорду эмитеден эле талкуулоодо.
Шейшембидеги АКШдагы президенттик шайлоодо азыркы президент Жорж Уокер Буштун жеңгендиги кечээ жарыяланды. Оболу демократтардын талапкери, сенатор Жон Керри атаандашына телефон чалып, андан соң Бостон шаарында калайык алдында чыгып сүйлөп, өзүнүн жеңилгенин мойнуна алды. Кызматын дагы төрт жылга сактап калган президент Бушту дүйнөдөгү ар кыл өлкөлөрдүн мамлекет башчылары куттуктоодо.
«Ал-Кайида» террордук тармагынын жетекчиси Осама бен Ладендин видео тасма аркылуу таркаткан соңку билдирүүсүнүн кыскартылбаган жана редакцияланбаган варианты исламчылардын интернет сайттары аркылуу жарыяланды. Эми бул сайттар жана эл аралык террорчулукка каршы күрөш жаатында кеп козгойлу.
Ушул тапта Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыгы саналып жатат. Учурдагы президент, республикачы Жорж Уокер Буш өз атаандашы, демократ сенатор Жон Кериден саал озуп келе жатканы кабардалууда. Охайо штатындагы шайлоонун жыйынтыгы жаңы мөөнөттөгү президенттик орундун ээсин аныктамакчы. Ал эми алдын-ала жарыяланган маалыматка караганда, республикачылар АКШ Конгрессинин эки палатасында тең үстөмдүк кыла тургандыгы айгинеленип калгансыды.
Эми күндүн башкы окуясына – АКШдагы президенттик шайлоо өнөктүгүнө башка өңүттөн кайрылалы. Өзүңүздөргө маалым, Кошмо Штаттардагы эң соңку шайлоо бекети Кыргызстандын убактысы менен алганда шаршемби күнү таңкы саат 9:00да жабылат. Деги, кайсы талапкер президенттикке шайланып, Ак Үйгө кожоюн болоор экен? Нечендеген америкалыктар шайлоо бүтө электе эле бул маселеде ар кыл жоромолун ортого салууда. Анын үстүнө, шайлоонун жыйынтыгы тууралуу төлгө салуунун жолдору да арбын эмеспи.
Бүгүн бир палестиндик жанкечти Тел-Авив шаарында эл кымгууттап чогулган бир базарда өзүн-өзү жардырып өлдү. Бул террордук чабуулдан үч израилдик набыт болуп, 30дан ашуун киши жаракат алганы кабардалууда. Палестин бийлиги Израилдеги бул террордук чабуулду айыптап чыкты.
Герман соту радикал исламчылар уюму саналган «Хизбу-т-тахрир» тобунун өкүлдөрүнүн дээрлик эки жыл илгери бул уюмга карата салынган тыйууну алып салуу тууралуу арызын кароо үчүн атайын күн белгиледи. Деги, эч кандай террордук иш-аракетке түздөн-түз аралашпаган диний уюмду коркунуч булагы катары кароого болобу? Германиянын бийлиги гана эмес, башка бир катар өлкөлөр да азыркы тапта дал ушул татаал суроого жооп издөөдө.
Ушул тапта Германияда жашаган карыя аалым – Фуат Сезгин мусулман ренессансы дооруна таандык илим тарыхын чагылдырган 13 томдук эмгекти жазды. Эмгектин соңку үч тому араб жана мусулман картографтарынын салымын иликтөөгө арналган.
Эми Кавказ элдеринин турмушуна арналган түрмөктүн кезектеги чыгарылышына назар салыңыздар. Кавказдагы жикчиликтин тамыры – аймактагы элдердин пост-советтик доордогу турмушуна эмес, андан алда канча мурдагы тарыхый баскычтарына таандык экенин өткөндө учкай баяндаган элек. Совет доорундагы, асыресе Иосиф Сталин өкүм жүргүзгөн учурдагы саясий окуялар аймактагы улуттардын өз ара саясатына терең из калтырган. Азыр да Кавказдагы айрым саясий топтор үчүн жикчилик мүдөөсү күн тартибиндеги маселе бойдон кала берүүдө.
Бүгүн (бейшембиде) Орусиянын президенти Владимир Путин үч күндүк сапар менен Бээжинге келди. Тараптар экономикалык өз ара кызматташтык маселелери менен катар эле, террорчулукка каршы биргелешип күрөшүү маселелерин да талкуулоодо.
Грузиядан бөлүнүп чыкканын жарыялаган, бирок көз каранды эместиги эч бир өлкө тарабынан тааныла элек аймакта – Абхазия жумуриятында кырдаал дүрбөлөңдүү бойдон кала берүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы мурдагы премьер-министр, учурда Абхазиянын «Черноморэнерго» компаниясын жетектеген Сергей Багапш президенттик шайлоодо жеңип чыкканын билдирди. Ал эми башка президенттикке талапкерлер жана учурдагы президент Владислав Ардзинба болсо Борбордук шайлоо комиссиясынын «жеңиш – Багапштыкы» деген бүтүмүн мыйзамсыз деп санашууда. Грузия да, Орусия да жикчил абхаз жергесиндеги окуяларды кылдат байкоого алууда.
Бүгүн, жума күнү, Нобелдик тынчтык сыйлыгынын ээси аныкталды. Кениялык эколог Вангари Маатайи (Wangari Maathai) бул сыйлыкка ээ болгон алгачкы африкалык айым болуп калды. Африканын чыгышындагы өлкөнүн айлана-чөйрөнү коргоо министринин орун басары кызматын аркалаган бул айым ондогон жылдар бою токойлору кыйылып, жаратылыш байлыгы бүлгүнгө учурап жаткан Африканын көйгөйлөрүн эл аралык деңгээлде козгоп, тийешелүү чараларды көрүүгө демилгечи болуп келгени үчүн бул жогорку сыйлыкка татыктуу деп табылды.
Дагы жүктөңүз