Ыраматылык Йасир Арафат (Yasser Arafat) өз ишмердүүлүгү талаш-тартыш туудурган ири саясатчы эле. Ал уюштурган Палестинаны боштондукка чыгаруу уюму эл аралык коомчулукта ушунчалык зор таасирге ээ болгондуктан, акыры Израил бул уюмдуу таанууга аргасыз болгон.
Арафаттын асыл мүдөөсү – көзү тирүүсүндө эгемен Палестина мамлекетинин курулушуна жетишүү эле. Бул жалган дүйнөдө ал өзүнүн башкы мүдөөсүнө жете алган жок.
2003-жылы ал өзүнүн коомдогу атуулдук милдети тууралуу мындай деп айтканы бар:
- Мен Палестинанын жоокеримин. Мен өз мылтыгымды өзүмдү коргоо үчүн гана эмес, ар бир палестин бала-бакырасын коргоо үчүн, Палестинанын өзүнүн жашай беришин сактоо үчүн колдоном.
Ыраматылыктын толук аты – Мухаммед Абдел- Рауф Арафат Аскудва ал-Хусайни (Mohammed Abdel-Raouf Arafat Asqudwa al-Hussaeini). Ал 1929-жылы туулган. Кай бирлери аны Мысырда туулган дешсе, кээлери, жок, Куддуста (Иерусалимде) же Газа аймагында туулган дешет. Анын бала чагынан бери калк арасында кеңири таанымал аты – «Йасир» - «жеңил» дегенди туюнтат.
17 жашка чыга элек улан кезинде эле ал Каир шаарынан палестин аймагына курал-жаракты аткесчилик менен ташуу иштерине аралаша баштаган. Мысырда ал университетти аяктап, инженердик кесипке ээ болгон.
1958-жылы ал Палестинанын улуттук боштондугу үчүн тымызын күрөш жүргүзгөн «Фатх» уюмун негиздөөчүлөрдөн болду. 1960-жылдары араб мамлекеттеринин жардамы менен Палестинаны боштондукка чыгаруу уюму деп аталган жана курамына «Фатх» сыяктуу бир катар уюмдар кирген ынтымак түзүлгөн.
Кийинчерээк Йасир Арафат бул саясий бирикменин Аткаруу комитетинин төрагасы болуп калды. Оболу бул уюмдун кеңсеси Иорданияда жайгашкан, бирок Арафаттын жетекчилигинин тушунда бул бирикме радикалдык ыкмаларга көбүрөөк тап койо баштаганда, 1971-жылы Иордания бул топтун өлкөдөгү ишмердүүлүгүнө тыйуу салды.
Андан соң Арафаттын жетегиндеги палестин жокерлери Ливанга көчтү. 1982-жылы Израил аларды Ливандан сүрүп чыгарганда, палестин жоокерлери Туниске келип баш паана табышты.
1987-жылдан тартып палестиндер «интифада» деген аталыш менен кеңири маалым болгон элдик көтөрүлүштү башташты.
1988-жылы Женевадагы Бириккен Улуттардын атайын жыйынында сүйлөгөн Йасир Арафат террорчулукту айыптап, Израилдин мамлекет катары жашоосун тааный турганын ачык юилдирди. 2003-жылкы анын төмөнкү сөздөрү да ошол эле өңүттө айтылган:
- Биз Израил мамлекетин тааныйбыз. Аны таануу тууралуу чечимибизден биз кайтпайбыз. Ошондой эле, өздөрү да көз карандысыз мамлекетке - өздөрүнүн Палестин мамлекетине ээ болгон палестин эли менен ирегелешип, коопсуздукта, тынчтыкта жана туруктуулукта жашоо, аймагыбыздагы түбөлүктүү жана адилет бейпилдикте жашоо – бул Израил элинин укугу.
1994-жылы Йасир Арафат, Израилдин ошол кездеги премьер-министри Ицхак Рабин жана тышкы иштер министри Шимон Перес үчөө Нобел тынчтык сыйлыгына татышты. Тымызын жүргүзүлгөн Осло сүйлөшүүлөрүнөн кийин 1993-жылы 13-сентябрда Вашингтондо бул үчөө кол койгон келишим Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяны үчүн олуттуу илгерилөө болгон.
1996-жылы Йасир Арафат азырынча эгемендигине жете элек Палестин аймагынын президенти болуп атаандаштык негизде шайланган. 2000-жылы ал кездеги оппозициячыл саясатчы, азыркы Израил премьери Ариел Шарон Куддустагы жөөттөрдүн ыйык жайына зыярат кылган соң башталган «экинчи интифада» азыр да соңуна чыга элек.
Йасир Арафат кайрадан куралдуу күрөштүн символуна айланганда, Израил менен АКШ аны менен мамлекеттик ишмер катары сүйлөшпөө нугун тандашты.
Ал түгүл АКШнын президенти Жорж Уокер Буш 2002-жылы июнда палестин калкына мындай деп кайрылган:
- Тынчтыкка жетүү – жаңы жана азыркыдан айырмалуу жетекчиликти талап кылат. Ошондо гана палестин мамлекети жаралышы мүмкүн. Мен палестин элине кайрылып, жаңы жетекчиликти, террорчулукка каршы чечкиндүү турган жетекчилерди шайлап алууга чакырам. Мен аларды сабырдуулукка жана азаттыкка негизделген иш жүзүндөгү демократиялык түзүлүштү курууга чакырам.
Израил аскерлери Иордандын Батыш жээгиндеги Рамалла шаарында жайгашкан Йасир Арафаттын кеңсесин курчоого алып, иш жүзүндө 2002-жылдан үстүбүздөгү жылдын 29-октябрына чейин Йасир Арафат үй камакта болуп келди.
Былтыр жыл башында Йасир Арафат курчоодо калса да, Рамалладагы өз жайынан чыкпай турганын мындайча айткан:
- Бул – Ыйык жер. Эч ким мени бул жактан сүрүп чыгара албайт!
Палестинанын эгемен мамлекет катары жарыяланышы үчүн өмүрдүк ишин тынчтык жолу аркылуу да, куралдуу күрөш ыкмалары аркылуу да жүргүзүп келген палестин элинин жетекчиси 75 жаш чагында бу дүйнөдөн кайткыс сапарга узап кетти.