Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:14

УКРАИНДЕР ШАЙЛООНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ КАЛЫС ЧЫГАРЫЛЫШЫН КААЛАЙТ


29-ноябрда Украин Жогорку соту президенттик шайлоонун талаш-тартыштуу жыйынтыгы маселеси боюнча оппозициячыл талапкер Виктор Ющенконун арызын карайт. Украин парламенти кечээки (ишемби күнкү) чукул өткөрүлгөн отурумунда президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыктарын четке какты. Бүгүн (жекшембиде) Киевдин көчөлөрүнө чыккан украин атуулдары парламенттин чечимин негизинен колдоого алышты. Алардын арасында президенттикке талапкер, оппозициячыл саясатчы Виктор Ющенконун гана эмес, анын атаандашы, премьер Виктор Януковичтин да тарапкерлери бар.

Жекшембиде Киевдин чордондук аянтына чогулган калайык оппозициячыл лидер Виктор Ющенконун ысымын ураан чакырып жатышты. Алар дүйшөмбү күнү өлкөнүн Жогорку соту 21-ноябрдагы шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыгын жокко чыгарат ко деп үмүттөнөт.

Алардын бири - өзүн Роман деп тааныштырган жумушчу Киевдеги кабарчыбыз Валентинас Митеге мындай деп айтты:

- Менимче, парламенттин чечими дурус болду. Бир чети, башка шайлоо болоор-болбосу эч мааниге ээ эмес, анткени Ющенко жеңип чыккандыгы шексиз.

Ющенконун көчөгө чыккан тарапкерлери саны жагынан да арбын экени кабардалууда. Ал эми аларга салыштырмалуу азыраак болсо да, премьер Януковичтин тарапкерлери да киевдин айрым аянттарына чогулушту. Алардын бири – Игор деген жигит Жогорку раданын чечимин туура көрөөрүн, бирок кайра шайлоо өткөрүлсө деле Янукович жеңет ко деп ойлоорун айтты:

- Мен парламенттик бийликтин чечимин колдойм. Демократия толук кандуу жүзөгө ашырылууга тийиш. Бул же тигил талапкерди колдогон кишилер өз турумунда калууда, Шайлоо акыйкат болууга тийиш.

Жекшембиде Виктор Ющенко өзүнүн тарапкерлеринин алдында чыгып сүйлөп, өз атаандашы, учурдагы премьер Виктор Януковичти колдогон чыгыш украиналык үч губернатордун эгерде Янукович жеңилди деп табылчу болсо, анда өз аймактарын автономия деп жарыялайбыз деп коркутуп-үркүткөнү тууралуу айың кептерге карата мындайча пикирин билдирди:

- Украинанын чыгышында орун алып жаткан бул окуя – Украинага каршы кылмыш болуп саналат. Мен юристтерге кайрылам. Мен баш прокурордун бул окуяга акыл-эстүү мамиле кылаарына үмүттөнүп ага кайрылам.

Анын атаандашы Януковичти Орусия, Кыргызстан, Казакстан сыяктуу айрым өлкөлөрдүн мамлекет башчылары жеңиши менен куттуктап жиберип, ага өз колдоосун билдиришкени Украинада да, бул өлкөлөрдө да оппозиция тарабынан сынга алынууда.

Жекшембиде Праганын Вацлав аянтында да Ющенконун көп сандаган тарапкерлери чогулушту.

Ыр ырдап, Ющенкону колдогон ураан чакырган калайыктын арасында украиналык диаспоранын өкүлдөрү жана алардын борбордук европалык тилектештери болду.

XS
SM
MD
LG