Бүгүн Түркмөнстан өзүнүн Улуттук желегинин күнүн жана президент Сапармурат Ниязовдун 65 жылдыгын шаан-шөкөт менен белгиледи. Адистердин айтымында, Түркмөнбашынын керт башына сыйынуу Ыраакы Чыгыштагы Ким Чен Ирге табынуу менен теңтайлашаар, бирок асты андан кем калышпайт. Түндүк Корей жетекчиси Ким Чен Ир болсо үстүбүздөгү аптада 63 жашын белгиледи.
Киото протоколу бүгүнтөн (шаршембиден) тартып күчүнө кирүүдө. Айлана-чөйрөнү коргоого багытталган бул келишимге Кошмо Штаттар кошулган жок. Бирок расмий Вашингтондун бул эл аралык келишимге каршы болгонуна карабастан, өлкөнүн түндүк-чыгышындагы штаттар көмүр кычкыл газын чыгарууну чектөө жаатында өз алдынча иш-чараларды жүргүзө башташты. «Чикаго климат биржасы» аттуу уюм дал ушул багытта үзүрдүү иш алып барууда.
Шийилердин «Бирдиктүү Ирак альянсы» деп аталган блогу өлкөнүн жаңы Улуттук жыйынынын көпчүлүк орунуна ээ болгону маалым болду. Бирок 30-январдагы парламенттик шайлоодогу жеңиш бул ынтымакка анча-мынча добуштук артыкчылыкты гана бергендиктен, алдыга озуп чыккан блоктор башка да саясий шерикти табууга аргасыз болмокчу.
Бүгүн (жекшембиде) Түркиянын аскер башчылары Ооганстандагы НАТО жетектеген эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн кеңсесин башкаруу милдетин кайрадан өзүнө өткөрүп алды. Техникалык жактан алганда, НАТО күчтөрү мурдагыдай эле Бириккен Улуттар Уюмунун уруксаты менен аракет кылган эл аралык аскерлерди башкаруусун уланта берет. Деги, бул эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн алдыдагы милдети эмнеде?
Кыргыздын жаш болсо да таанымал археолог илимпозу Кубат Табалдиев ушул тапта АКШнын Индиана университетинде төрт айлык илимий сапарда жүрөт. Кыргызстан Тарыхчылар Коомунун төрага орун басары, Кыргыз-Түрк Манас Университетинин жана Кыргыз-Америкалык Борбордук Азиялык университеттин доценти Кубат Табалдиев менен кесиптешибиз Тынчтыкбек Чоротегин бүгүн (дүйшөмбүдө) телефон аркылуу маек курду. Оболу Кубат мырза өзүнүн Кошмо Штаттардагы сапарынын чоо-жайына мындайча токтолду:
Кошмо Штаттар менен Европа дүйнөлүк саясаттын бир катар түйүндүү маселелери жаатында дагы эле кайчы пикирде кала берүүдө. Маселен, Ирактагы согуш, климаттык өзгөрүүлөр жана террорго каршы согуш жаатын алсак болот. Ошого карабастан, феврал айы алардын өз ара элдешүүсүнүн мезгили болуп калышы да ажеп эмес. Бүгүн (жума күнү) АКШнын жаңы Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Лондонго келип, Британ премьери Тони Блэр менен сүйлөшүү жүргүздү. Ал бир апта бою Европанын сегиз өлкөсүн кыдырып, Европа менен АКШнын өз ара мамилелерин талкууламакчы. Ай соңунда президент Жорж Буш да бул кызматына экинчи ирет шайлангандан кийинки алгачкы европалык сапарына чыгат.
Январдын 30унда Иракта парламенттик шайлоо өткөрүлмөкчү. Бириккен Улуттар Уюмунун расмий өкүлдөрү жекшембиге белгиленген бул шайлоону идеалдуу деп кароого болбой турганын, бирок аны талапка ылайык өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар экенин билдиришти. АКШ президенти Жорж Буш болсо ирактыктарга кайрылып, жандуу добуш берүү аркылуу шайлоого кедерги болгон күчтөрдүн мизин майтарууга чакырды.
Кечээ (дүйшөмбү күнү) Бириккен Улуттар Уюмунун Жалпы жыйынынын атайын отуруму өткөрүлүп, анда нацисттик Германиянын өлүм лагерлеринде набыт болгон миллиондогон бейкүнөө кишилер эскерилди. Польшадагы айтылуу Освенцим концлагеринин бошотулушунун 60 жылдык мааракесине арналган бул жыйында чыгып сүйлөп, БУУнун Баш катчысы Кофи Аннан дүйнөлүк коомчулук адамзаттын бир бөлүгүн кыргынга учуратуу идеясына жетеленген мыкаачылык идеологияга жол бербөө үчүн азыркы тапта да сак турушу керектигин эскертти. Жыйынга нацисттик антисемиттик машинанын азабын тарткандардын бири Эли Визел да катышты.
Бүгүн дээрлик үч миллиондой мусулман ажылык сапарын улантып, Мина шаарына зыярат кылышты. Алар «шайтанды таш бараңга алуу» жөрөлгөсүн жасашууда. Сауд Арабия бийлиги зыяратчылардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кошумча 50 миң полициячыны бул аймакка жиберди. Тарыхта ажылык маалында зыяратчыларга каршы террордук чабуул жасаган учур буга чейин катталган эмес. Зыяратчылар быйыл деле ажылык сапары тынч өтөт ко деп үмүттөнүшүүдө.
Дүйнө коомчулугу жаңы жылдын ирегесинде топон суудан - улуу мухит ташкынынан жабыр тарткан аймактарга чукул арада жардам уюштуруу аракетин көрүүдө. Бириккен Улуттардын Баш катчысы Кофи Аннан Түштүк-Чыгыш Азиядагы табигый алааматтын бүлгүнчүлүгүнөн чыгуу үчүн аймак элдери жалпы дүйнөлүк коомчулуктун буга чейин болуп көрбөгөндөй деңгээлдеги көмөгүнө муктаж. Жер титирөө жана андан келип чыккан мухит ташкыны бери дегенде 125 миңден ашуун кишинин өмүрүн алды. Бул сан мындан ары да өсүшү ыктымал деген чочулоо бар.
Бүгүн (жекшембиде) Өзбекстанда парламенттин төмөнкү палатасына шайлоо өткөрүлдү. Шайлоонун жыйынтыгында төмөнкү палатанын 120 орунунун ээлери аныкталууга тийиш. Президент Каримов жекшемби күнү Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмун жана өзбек оппозициясын сынга алып, Украинадагы сыяктуу окуяларга жол берилбестигин билдирди. Өзбек оппозициячыл лидерлери жана эл аралык коомчулук бул шайлоону адилет жана калыс өтпөйт деп мурда эле сынга алган, анткени шайлоого катышуу укугу өкмөтчүл беш партияга гана берилген.
АКШ долларынын наркы улам түшүп барат. Серепчилердин айтымында, еврого салыштырмалуу кунун жоготкон бул акча бирдигинин жакын арада турукташаар түрү жоктой. Бул жагдай европалык экономикага да кедерги болууда. Айтмакчы, бейшембиде бир евро - 1 доллар 35 центке татып калды.
Түркүн тилдерде сүйлөгөн черногориялык, алатоолук жана орхондук өнөрпоздор бир эле театр сахнасында өз эне тилинде ойноп, орток пьесаны сахналаштыра алабы? Салттык театр өнөрүндө бул – мүмкүн эмес көрүнүш. Азыркы европалык драма өнөрүндөгү оригиналдуу багыт болсо тилдер менен дилдердин жуурулушуусуна жетишкен дал ушундай ыкмага негизделген. Жекшембиде Прага шаарындагы «Алфред-ве-дворе» театрында көрүүчүлөргө сунуш кылынган жаңы оюн тууралуу азыноолак кеп козгойлу.
Иранда соңку бир нече айдын ичинде интернет менен алектенген бир катар журналисттер жана техниктер камакка алынды. Байкоочулардын айтымында, бул кадамдар расмий Тегерандын маалымат таркатуу каражаты катары улам тездеп өнүгүп жаткан интернетке каршы чабуул жасап жатканын айгинелейт. Деги, мындай чабуул азыркы доордо майнап бере алабы?
Соңку күндөрү расмий Багдад да, Вашингтон да Иран менен Сириянын бийликтерин Ирактын ички саясий турмушуна кийлигишип жатат деп катуу сынга ала башташты. Бирок бул доолор азырынча тийешелүү далил менен тастыктала элек. Чынында эле Ирактын коңшулары өлкө коопсуздугуна кедергисин тийгизип жатабы?
Кошмо Штаттардын аскер жетекчилигинин айтымында, Ооганстанда америкалык абактарда кармалгандардын ичинен сегизи өмүрүнөн ажыраган. Буга чейин АКШ аскерлери алты кишинин өлгөнү тууралуу гана айткан эле. Укук коргоочу эл аралык «Хюман райтс уотч» уюму болсо Ооганстанда америкалык абактарда дагы башка үч киши өлгөнү тууралуу дүйшөмбүдө билдирди. Уюм расмий Вашингтондон абактагыларды кыйноого алып, өлтүргөнгө чейин барган жоокерлерди жазага тартууну талап кылууда.
Бир жыл мурда АКШ аскерлери Ирактын мурдагы диктатору Саддам Хусейнди колго түшүргөндө, эми козголоңдор акырындап тыйылат ко деп үмүттөнүшкөн. Бирок турмуш чындыгы катаал болуп чыкты. Иракта козголоң улам күчөп, кыймыл улам жаңы жетекчилерге ээ болууда. Сириядан да каржылык жардам келип жатканы, чет элдик исламчы жоочулар да Ирактын убактылуу өкмөтүнө жана коалициялык күчтөргө каршы согушуп жатканы маалымдалууда.
Бүгүн, жума күнү, Нобелдик Тынчтык сыйлыгы кениялык эколог Вангари Маатайи айымга ыйгарылды. Ал бул кадыр-барктуу сыйлыкка ээ болгон алгачкы африкалык айым болуп калды. Африканын чыгышындагы өлкөнүн – Кениянын айлана-чөйрөнү коргоо министринин орун басары кызматын аркалаган бул айым ондогон жылдар бою токойлору кыйылып, жаратылыш байлыгы бүлгүнгө учурап жаткан Африканын көйгөйлөрүн эл аралык деңгээлде козгоп, тийешелүү чараларды көрүүгө демилгечи болуп келген.
Жогорку Раданын шаршембиде конституциялык реформаны жүзөгө ашырган мыйзамдарды кабыл алышы Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасын кайрадан өткөрүүгө жол ачты. Айрым оппозициячыл саясатчылар оппозиция өтө эле көп жеңилдиктерге барып койду деп санашса, кай бирлери «жеңиштин жарымы колго тийди» деп шаттанышууда.
Кечээ (шаршембиде) украин парламенти бир катар мыйзамдарга толуктоолорду киргизүү жана конституциялык реформа жаатында мыйзамдарды кабыл алды. Бул окуяны серепчилер 21-ноябрдагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасынан жана анын жыйынтыгынын жокко чыгарылышынан кийинки өлкөдөгү курч кырдаалды жөнгө салуунун олуттуу бурулуш кадамы катары баалашууда. Президенттикке талапкер катары оппозициянын кеңири колдоосуна ээ болгон Виктор Ющенко болсо бул жаңы бурулушту “тарыхый жеңилдиктерге баруу күнү” катары баалады.
Дагы жүктөңүз