Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:43

АЖЫГА БАРГАНДАР МЕКЕДЕ ТЕРРОРДУК ЧАБУУЛ БОЛБОЙТ ДЕП ИШЕНЕТ


Бүгүн дээрлик үч миллиондой мусулман ажылык сапарын улантып, Мина шаарына зыярат кылышты. Алар «шайтанды таш бараңга алуу» жөрөлгөсүн жасашууда. Сауд Арабия бийлиги зыяратчылардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кошумча 50 миң полициячыны бул аймакка жиберди. Тарыхта ажылык маалында зыяратчыларга каршы террордук чабуул жасаган учур буга чейин катталган эмес. Зыяратчылар быйыл деле ажылык сапары тынч өтөт ко деп үмүттөнүшүүдө.

Ажыга келген өзбекстандык зыяратчылардын айтымында, алар ажылык маалында өздөрүнүн коопсуздугу үчүн чочулап отурган жок. Дегиңкиси, ажыга аттангандар өз жанын кудай үчүн курмандыкка чабууга даяр кишилер, деп бир өзбек зыяратчы айтса, анын мекендеши болгон айым эч кандай террордук коркунуч тууралуу укпагандыгын, өз үй, өлөң төшөгүнө аман-эсен кайтууну каалаарын, тууган-туушкандары бүт аны күтүп жатканын айтат.

Өзбекстандык таанымал диниятчы, өлкөнүн мурдагы муфтийи Мухаммед Садык Мухаммед Юсуфтун айтымында, ажылык сапары маалында дүйнөдөн кайткан киши бейишке чыгат:

- Кимде ким ихрамчан, башкача айтканда, ажылыкка баргандар жамынчу ак кездеме кийимчен жүрүп ажылык маалында каза болсо, анда бул киши акыр заман соту келгенде кайра тирилээри айтылган.

Ажылык маалы – жалпы мусулмандардын эң ыйык учуру катары саналат. Бул күндөрү тигил же бул жоочулар тобу ажыларга каршы террордук чабуул жасачу болсо, анда алар жалпы мусулмандардын каарына калып, болочокто эч колдоого ээ болбой калышы ыктымал. Ошондуктан, дейт бул өзбек диниятчысы, өздөрүн исламчы деген экстремисттер мындай чабуул жасоого даай алышпайт.

Шаршембиде Сауд Арабиянын Жогорку муфтийи Шейх Абдул Азиз аш-Шейх да момундарга кайрылып, исламдын атын жамынып террорго барып жаткандарды «өздөн чыккан жат жаман» деп, жалпы мусулман жамаатынын атынан жектеди.

Өлкөдөгү англис тилинде чыгуучу «Араб жаңылыктары» ("Arab News") гезитинин редактору Халид ал-Майина мырза Сауд Арабия өкмөтү да террордук аракеттерге каршы чечкиндүү күрөшкө даяр экенин эскертет:

- Бир нерсени көңүлгө түйүүңүз керек – Саудиялыктар ажылык маалында уюштурулушу ыктымал болгон ар кандай саясий талкууга же саясий демонстрацияга катаал мамиледе болот. Зыяратчы үчүн бул учур – тынчтыктын жана Алла-таалага табынуунун маалы экенин унутпашыңыз керек.

Сауд Арабиянын ички иштер министри, канзаада Найиф өкмөт коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бар аргасын жасаарын, бирок бул маселе эл аралык кызматташтыкты да талап кылаарын жакында билдирген.

XS
SM
MD
LG