Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:50

БУУ: ИРАКТА МЫЙЗАМДУУ ШАЙЛОО ӨТКӨРҮҮНҮН АЧКЫЧЫ – АНЫН АТУУЛДАРЫНЫН КОЛУНДА


Январдын 30унда Иракта парламенттик шайлоо өткөрүлмөкчү. Бириккен Улуттар Уюмунун расмий өкүлдөрү жекшембиге белгиленген бул шайлоону идеалдуу деп кароого болбой турганын, бирок аны талапка ылайык өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар экенин билдиришти. АКШ президенти Жорж Буш болсо ирактыктарга кайрылып, жандуу добуш берүү аркылуу шайлоого кедерги болгон күчтөрдүн мизин майтарууга чакырды.

Шайлоо күнү улам жакындаган сайын, Ирактагы козголоңчу күчтөр аны үзгүлтүккө учуратуу үчүн бар аракетин жасап, кимде-ким шайлоого катышса, жазасын беребиз деп коркутуп-үркүтүүдө. Дал ушундай кырдаалда, шаршемби күнү, Бириккен Улуттардын шайлоого көмөктөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Карина Перелли (Carina Perelli) айым маалымат жыйынын өткөрдү.

Бириккен Улуттардын бул өкүлүнүн айтымында, өзгөчө кооптуу жагдайга карабастан, шайлоо өткөрүү үчүн өлкөдө техникалык мүмкүнчүлүк бар. Эң башкысы, ирактык атуулдардын өздөрү бул шайлоону талапка ылайык өткөрүү үчүн чындап бел байлашы керек:

- Азыркы тапта ирактык атуулдар өтө катаал чечим алдында турат. Дал ушундай кырдаалга мурда Чыгыш Тимор, Салвадор жана Ооганстандын шайлоочулары кептелген эле. Алар өздөрүнүн коркуусун жеңип, үмүт-тилегин жүзөгө ашыруу үчүн чечим кылышы керек. Ошондой эле, алар өздөрүнүн өмүрүн тобокелге салып добуш берүү аркылуу бул шайлоону жетишээрликтей олуттуу өнөктүккө айлантуу үчүн, аны жетишээрликтей жарактуу жана мыйзамдуу кылуу үчүн өз алдынча чечим кабыл алуулары керек болуп турат.

Ирактын Көз карандысыз шайлоо комиссиясы жекшембидеги шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо чөлкөмдөрүнө дээрлик 150 миңдей кызматкерди аттандырууда. 60 миңдей жергиликтүү байкоочу шайлоо өнөктүгүнө байкоо жүргүзүп турмакчы. 122 эл аралык байкоочу да бул өнөктүктү жеринен байкап талдамакчы.

Ал эми АКШнын президенти Жорж Уокер Буш кечээ (шаршембиде) Вашингтондо маалымат жыйынын өткөрүп, миллиондогон ирактыктар үчүн шайлоого катышуу аркылуу өз коомунун эркиндиги үчүн күрөшкө салым кошуу учуру келди деп айтты:

- Иликтөөлөр айгинелегендей, Ирактын басымдуу калкы демократияны эңсейт жана айрымдары гана коркуу сезимине алдырууда. Мен алардын бардыгын шайлоого катышууга чакырам. Аларды террорчуларга моюн сунбоого чакырам.

Президен Буштун айтымында, ал өзү террорчу деп атаган күчтөр Ирактагы эркин жана ачык коомдон коркушат.

Иракта козголоңчулардын чабуулдары дагы эле улантылууда. Шаршембиде Киркук шаарында машинедеги бомбанын жардырылышынан улам 7 ирактык набыт болду. Мосулдагы ушундай эле жардыруу 5 кишинин өмүрүн алды. АКШнын тик учагы кыйроого учурап, андагы 31 тандалма деңизчи жоокер бүт набыт болушту.

XS
SM
MD
LG