“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин 2009-жылы аяктаган.
“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы дин кызматкерлерине интернет-технологияларды пайдаланууну үйрөтүүгө киришти.
Кыргызстан курамына Орусия, Беларус, Казакстан жана Армения кирген Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болуп калды.
Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы бажы көзөмөлү жоюлду.
Кыргызстандын ЕАЭБге толук кандуу мүчө болуп кирүүсүнө байланыштуу бүгүн кыргыз-казак чек арасындагы сегиз бажы бекети алынат.
Ала-Тоо аянты жууп-тазаланууда
Кыргызстандын ЕАЭБге расмий кирүү күнү 12-августка туш келгени турат. Бул күнү кошуна Кыргызстан менен Казакстан жетекчилеринин катышуусунда ортолук чектин расмий ачылышы болжолдонууда.
Түркмөнстан Чолпон-Ата шаарынан алты гектар жер алып, дарыланып, эс алуучу беш жылдыздуу мейманкана салмай болду.
Эки күндүк мамлекеттик сапар менен келген түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов бир катар расмий жолугушууларга катышып, 15 документке кол койду.
Өлкөдө турак жай куруу 50% төмөндөп кеткени ишкерлерди тынчсыздандырууда. Орусиядагы каатчылыктын айынан биздин мекендештердин Кыргызстанга которгон акчасы кескин азайып, турак жайларга суроо талап азайды.
Шайлоого бара турган партиялардын ичинен “Ата Мекен” “Жаңы муун” кыймылы менен кызматташарын, ал эми “Республика Ата-Журт” либерал жаштардын “Реформа” партиясы менен бириккенин жарыя кылды.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Орозбек Молдалиев "Азаттыктын" 2х1 форматындагы видео-радио маегинде Кыргызстандагы диний радикализм коркунучтары, динди саясатка аралаштыруудагы тобокелчиликтер, исламдын кыргыз моделин түзүү аракеттери тууралуу пикирлери менен бөлүштү.
Кургакчылыктын айынан өкмөт былтыр алгачкы ирет Казакстандан электр энергиясын сатып алса, быйыл Тажикстандан да сатып алууну мелжеп турат.
“Газпром Кыргызстан” ишканасынын маалыматына караганда, Кыргызстандын жаратылыш газы үчүн карызы 866 млн. сомго жетти. Алардын басымдуу бөлүгү өнөр жай ишканаларына таандык.
"Шабдан баатыр" тасмасын тартуу демилгесине байланышкан талаштан улам тасманын сценарийинин бешинчи варианты жазылып, ал дагы тарыхчылар арасында колдоо тапкан жок.
Бишкек жылуулук борборуна казак көмүрү ташыла баштады. 900 миң тонна казак көмүрүн ташуу милдети “Рассвет Компани” ишканасына жүктөлдү. Ошол эле учурда жергиликтүү көмүр ТЭЦке жете элек.
Кыргыз өкмөтү "Русгидро" компаниясы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууда каржылабай жатканын айтып чыкты.
Жолдорду куруу үчүн өлкө насыяларды алууну токтотпой турганын президент Алмазбек Атамбаев Бишкек-Балыкчы жолунун ачылышында билдирди.
Быйылкы жылдын биринчи кварталында мигранттар Кыргызстанга 33 пайызга аз каражат которгон. Орусиядагы экономикалык каатчылыктан улам өлкөдөн кеткен мигранттардын саны да азайды.
Улуттук коопсуздук комитети Бишкекте террорист деп шектелген топ тууралуу расмий маалымат таратты. Аталган кызматтын билдирүүсүндө куралчандар "Ислам мамлекети" тобунун мүчөлөрү экени айтылат.
“Кырк чоро” коомдук кыймылы мамлекеттик бийлик түзүмдөрү менен кызматташтыгын дагы кеңейтти.
Дагы жүктөңүз