Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:48

"Ак-Жолдогу" даярдык

Кыргызстандын ЕАЭБге толук кандуу мүчө болуп кирүүсүнө байланыштуу бүгүн кыргыз-казак чек арасындагы сегиз бажы бекети алынат.

Чек аранын ачылышына арналган салтанат “Ак жол” чек ара бекетинде кыргыз-казак президенттеринин видеоконференция аркылуу катышуусу алдында болот. Ошондой эле бажы бекеттеринин алынуусуна Кыргызстандын өкмөт башчысы Темир Сариев баш болгон өкмөт мүчөлөрү, Казакстан тараптан 1-вице премьер-министр Бакытжан Сагинтаев, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегия төрагасынын милдетин аткаруучу Татьяна Валовая жеринен күбө болушат. Булардан тышкары ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн элчилери, миграция уюмдарынын жана эки өлкөнүн ишкер коомчулугунан өкүлдөр катышат.

16x9 Image

Самат Жумакадыров

“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин 2009-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG